Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Британ өкмөтү "Талибан" менен түз сүйлөшүүлөрдү өткөрөт


Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун Ооганстан боюнча өкүлү Саймон Гасс
Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун Ооганстан боюнча өкүлү Саймон Гасс

Улуу Британия Ооганстанда калган жарандарын жана өнөктөшөрүн чыгарып кетүүгө “коопсуз коридор” түзүү үчүн талибдер менен түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Премьер-министр Борис Жонсондун Ооганстан боюнча өкүлү Саймон Гасс Катарга “Талибандын” өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн жөнөп кетти. Ал британ жарандарын жана алар менен иштеген оогандыктарды чыгаруу үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

“Талибандын” көпчүлүк лидерлери АКШ баштаган антитеррордук коалиция Ооганстанда турган учурда Катарда жашап жүрүшкөн. Буга чейин Ооганстанда британ өкмөтүнө жардам берген бир катар оогандыктар калып калганын, алардын өмүрүнө коркунуч туулуп жатат деп британ өкмөтүнө сын-пикирлер айтылган эле.

“Талибан” кыймылы Ооганстандын борбору Кабулду 15-августта ээлеп алган. Бул АКШ баш болгон коалициялык күчтөрдүн аскерлерин ооган жергесинен чыгарып жаткан учурга туш келген. Мындан соң Батыш өлкөлөрү Ооганстандан өз жарандары жана алар менен иштеген оогандыктарды чукул шартта чыгарууга туура келген.

АКШ 30-августта Ооганстандан аскерлерин толук чыгарып кетти. Ошентип америкалык күчтөрдүн ооган жергесиндеги 20 жылдык миссиясы аяктады.

XS
SM
MD
LG