Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Орусияга кирүүгө тыюу салынгандар


Казакстандык блогер Куат Ахметов жана куудул Идрак Мирзализаде.
Казакстандык блогер Куат Ахметов жана куудул Идрак Мирзализаде.

Орусиянын Ички иштер министрлиги беларус жараны, теги азери комик Идрак Мирзализадени өмүрүнүн аягына чейин өлкө аймагына киргизбөөнү чечти. Мекеме ал “улуттар аралык мамилелерди дестабилдештирүүдө” деп эсептейт. Куудул өзү анын тамашасын контексттен үзүп алышканын айтууда.

Казак тилинде сүйлөөнү талап кылганы үчүн Орусияга кирүүгө 50 жылга чейин тыюу салынган блогер Куат Ахметов болсо Украинага чыгып кеткени маалым болду.

Ички иштер министрлигинин сайтында айтылганына караганда, Идрак Мирзализаде “орус улутундагы адамдарга жек көрүүнү жана кастыкты козуткан сөздөргө жол берген”. Андыктан анын Орусиянын аймагында жүрүшү башка адамдардын кызыкчылыктарына, коомдук тартипке коркунуч туудурат.

Идрак Мирзализаде.
Идрак Мирзализаде.

Мындай чара көрүлгөн чет өлкөнүн жараны өзү Орусиядан чыгып кетпесе, депортацияланышы керек. Мыйзам боюнча бул чечим аны өлкөгө киргизбөөгө негиздеме болуп берет.

Мекеме Мирзализаде акыркы жылдары Орусияга көп каттап турганын, быйыл мартта туруктуу жашоого уруксат алганын кошумчалады.

9-августта орус баш калаасынын Таганский райондук соту жек көрүүнү козутуу беренесинин негизинде куудулду 10 күнгө камаган.

Март айында «Разгоны» деген тамаша кечеде Беларуста жашаган теги азери Мирзализаде ксенофобияны, Москвада ижарага батир алам деген славян эмес улутундагы адамдар кандай кыйынчылыктарга туш болоорун кеп кылган.

"Мен батир издеп, риелтор менен сүйлөшкөндө өз стратегиямды иштеп чыккам. Атымды айткыча (орусча жакшы билгенимди көргөзүү үчүн) мүмкүн болушунча көбүрөөк сүйлөп алам. Бул негизги эреже. Себеби риелтор атымды уккандан кийин акцентим жок болсо да, өзү эле кошуп коет".

Бир жеринде ал мурда орустар жашаган батирде булганган төшөктү ыргытканын айтып, “орустар жатарда сыягы заң менен шыбанышат” деп тамашалаган.

Прокуратура ал сөздөрүн текшерип, “улутуна карап адамдарды кемсинтүүнүн белгилери бар” деген тыянак чыгарган.

Мирзализаде сотто. Москва, 9-август, 2021-жыл
Мирзализаде сотто. Москва, 9-август, 2021-жыл

Комик сотто азилдешүүдө тескерисинче ксенофобияны ашкерелегенин айтып, күнөөсүн моюнга алган эмес. Ошол эле маалда тамашасы катуу тийген болушу мүмкүн деген адамдардан кечирим сураган.

Кийин сот анын апелляциялык арызын четке каккан.

Куудул анын айткандарын контексттен үзүп алып, социалдык тармактарда улам-улам таратышкандан кийин эки киши кол салганын, миңдеген коркутуп-үркүтүүлөр түшүп жатканын июнь айында айтып берген.

"Менин атым Идрак. Акыркы үч жумада мага бир нече миң коркутуу түштү. Башыма 50 миң рубль сайышыптыр. Пензада өкмөт үйү алдына пикетке чыккан адам “Идрак Мирзализаде – орус элинин душманы” деген плакат көтөрүп, менин сүрөтүмдү чаптап алыптыр".

Августтун ортосунда орусиялык комиктер Мирзализадени колдоо иретинде «Тамаша- кылмыш эмес» деген ролик жаздырышты.

Социалдык тармактардын колдонуучулары да Ички иштер министрлигинин чечимин байма-бай комментарийлеп жатышат. "Твиттерде" Мирзализаденин аты эң көп изделгендердин катарына кирген.

Мисалы, «минтип отуруп, өз жарандарын да "эл душманы" деп атаганга барышат», «уюмдар бүтүп, эми жеке адамдарга асылышууда», «ксенофобияга каршы чыгып, Мирзализаде патриоттук кылууда» деп жазгандар бар.

Москванын "ачуусуна тийген" казак блогери Украинага кетти

Ал эми казакстандык «Til Maydani онлайн партиясы» YouTube каналынын автору Куат Ахметов Казакстандан кетип, Украинанын борборунда экенин анын адвокаты Абзал Куспан "Азаттыктын" казак кызматына кабарлады.

Куат Ахметов.
Куат Ахметов.

- Киевде калабы же жокпу белгисиз. Бул жергиликтүү укук коргоо уюмдарына көз каранды, - деди Куспан.

Куспандын айтымында, өлкөдөн чыгып кетүүгө Ахметовго каршы Казакстанда козголгон кылмыш иши негиз болгон.

24-августта орусиялык РИА «Новости» агенттиги Казакстандын Башкы прокуратурасына шилтеме берип, өлкөнүн коопсуздук органдары улут аралык кастыкты козутканы үчүн кылмыш ишин козгогонун (174-беренеси) кабарлаган. Кылмыш иши Ахметов сатуучулардан казак тилинде тейлөөнү талап кылгандан кийин ачылган.

19-августта блогерге расмий катталбаган бирикменин ишине аралашканы үчүн 145 850 теңге ($340) өлчөмүндө акчалай айып салынган. Ахметов муну коркутуу катары кабыл алып, 18-августта Нур-Султанга келген Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустинге «белек» деп атаган.

Видео-роликтерге байланыштуу Орусиянын Ички иштер министрлиги Куат Ахметовго 50 жылга чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салган.

11-августта Россотрудничествонун маалымат катчысы Надана Фридрихсон Кыргызстан менен Казакстанда орустар жана орус тилдүүлөргө кол салуу болуп жатканын айтып, “чочулатчу тенденция” деп атаган.

2-августта Бишкектеги SMagic паркында баласын аянтчага ойноткону алып барган Али Алимбаев аттуу адам тейлөөчү кызматкер кыздан орусча эмес, кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган. Окуянын видеосунда эркек киши кызматкер кызга улам тап коюп айтышып, бир убакта үстөлдө жаткан калькулятор менен уруп жиберген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кызга кол көтөргөн адамга Кыргызстанда Конституция боюнча орус тили кыргыз тили сыяктуу эле мыйзамдуу макамга ээ экени тууралуу расмий эскертүү берген. Милиция Кылмыш кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен кылмыш ишин козгоп, андан кийин камакка алган.

Мындан кийин Орусиянын Ички иштер министрлиги Али Алимбаевге Орусияга 10 жыл кирүүгө тыюу салган.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский 10-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин астында бир канча тарапташы менен нааразылык акциясын өткөргөн. Ал Орусиянын Кыргызстандагы элчисин токтоосуз чакыртууну жана бардык соода-алаканы токтотууну талап кылып, кыргызстандык эмгек мигранттарын депортациялоо керектигин айткан.

Мындан кийин Кыргызстандын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сергей Лавров Бишкектеги балдар аянтчасында болгон окуяны телефон аркылуу талкуулаган.

Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, Казакбаев бул окуядан улам Орусиянын айрым саясатчылары эки элдин карым-катышына доо кетирүүчү чараларды көрүүгө чакырган билдирүү жасаганы өкүндүргөнүн айткан. Мындан тышкары Кыргызстанда русофобия жана башка улутчулдук жек көрүү жоктугун, тарыхты кайра көчүрүү, эстеликтерди жана орус тилин кысымга алуу болбогонун белгилеп, расмий макамдагы орус тилин коргоо уланарын билдирген. Балдар аянтчасындагы окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканын, айыптуу тергөө абагына камалганын белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG