Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Казакстан: "тил тескөө иши" иликтене баштады


Казакстан. Алматы шаарындагы мамлекеттик тилди колдоо иш-чарасы.
Казакстан. Алматы шаарындагы мамлекеттик тилди колдоо иш-чарасы.

Алматы шаардык полициясы интернеттеги Til Maydani каналына чыккан видео тасмалардагы улут аралык кастыкты козутуу белгилерин аныктоо үчүн сотко чейинки иликтөөнү баштады.

Видео тасмаларда “тил тескөөчүлөр” коомдук жайларда рейд жүргүзүп, орус тилдүүлөрдөн казакча сүйлөөнү талап кылган учурлары тартылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын кылмыш иликтөө кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Тлеу Жангарашевге шилтеме берип, орусиялык РИА Новости агенттиги маалымат таратты.

Til Maydani каналына жайгаштырылган видеодо «Тил үчүн күрөш” деген бейформал уюмдун өкүлдөрү тейлөө тармагында иштегендерден, дарыгерлерден, аскер кызматкерлеринен казакча сүйлөөнү талап кылган.

Видео тасмалардын биринде орус аял "Казакстандын батышындагы Актау шаарын орустар курган" деп айтканы үчүн кечирим сураган. Башка тасмаларда кайсы бир сатуучулар мамлекеттик тилди - казакча билбегени үчүн кечирим сурашкан.

Til Maydani каналынын автору Куат Ахметов мындан мурда ага карата “улут аралык кастыкты козутуу” беренесинин негизинде кылмыш иши ачылганын журналисттерге билдирген. Анын айтымында, ага чейин полиция ага "Ютуб-каналын" жабууну талап кылган. Бирок ал андан баш тартып, тилге байланыштуу тасмаларды чыгарууну уланта берген.

19-августта блогерге расмий катталбаган бирикменин ишине аралашканы үчүн 145 850 теңге ($340) өлчөмүндө акчалай айып салынды. Ахметов муну коркутуу катары кабыл алып, 18-августта Нур-Султанга келген Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустинге «белек» деп атады.

Видео-роликтерге байланыштуу Орусиянын Ички иштер министрлиги Куат Ахметовго 50 жылга чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салды.

Казакстандын президенттик администрация жетекчисинин биринчи орун басары Даурен Абаев “тил тескөөчүлөрдүн” бул аракеттерин коомдогу артта калган эскичил көз караштагылардын “улутчулдугу” деп атап, ага укук коргоо органдары укуктук баа берерин убада кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG