Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Өзбек президенти Ташкентте ири курулуштар курулбай турганын жарыялады


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев баш калаа Ташкентте ири курулуштарды куруудан баш тартканын жарыялады. Ал Ташкент облусундагы “Жаңы Өзбекстан” деген сейил бактын ачылышында сүйлөп жатып “Жаңы Ташкент” деген долбоор тууралуу айтты.

“Силердин көпчүлүгүңөр "эмне бул Ташкенттен алыс?" деп сурап жатсаңар керек. Биз мындан ары Ташкентте курулуш курбайбыз, аны жашыл зонага айлантабыз”, - деди өзбек президенти.

Мирзиёев акыркы жылдары Ташкентте көптөгөн ири курулуш долбоорлору ишке ашырылганын, бирок мындан ары андай долбоорлор баш калаадан сырткары жерлерде ишке ашарын кошумчалады.

Ал жаңы курулуштардын көпчүлүгү Ташкент облусунун аймагында болорун билдирди.

Акыркы жылдары Өзбекстандын борборунда ири курулуштар салынды. “Ташкент сити” деп аталган долбоор 2019-жылы бүткөрүлгөн. Бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бир катар адамдарды күч менен үйүнөн чыгарып, чыр-чатактар орун алган эле.

XS
SM
MD
LG