Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Жаңы Зеландияда алты кишиге кол салган террорчу жок кылынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаңы Зеландиянын Окленд шаарындагы дүкөндөрдүн биринде адамдарга бычак менен кол салган адамды полиция жок кылды.

Премьер-министр Жасинда Ардерн окуяны "террордук чабуул" деп атады.

"Агрессияга толгон экстремист бейкүнөө жаңы зеландиялыктарга террордук чабуул уюштурду", - деди ал.

Маалыматка караганда, кол салган адам Шри-Ланканын жараны болгон жана Жаңы Зеландияга он жыл мурда барган. Ошондой эле, ал беш жылдан бери өлкөнүн атайын кызматтарынын тизмесинде болчу.

Ар кандай деңгээлдеги жарааттарды алган алты киши ооруканага жеткирилди. Үчөөнүн абалы оор.

2019-жылдын март айында Жаңы Зеландияда террорчу жума намаз маалында эки мечитке кирип ичиндегилерди аткылаган. Анда элүүдөн көп адамдын өмүрү кыйылган. Ал окуя өлкө тарыхындагы эң кандуу калаба болуп калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG