Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Сагындык уулу кызматтан алынды


Азамат Сагындык уулу.
Азамат Сагындык уулу.

Бишкектин жер, архитектура жана курулуш маселелерин тейлеген вице-мэри Азамат Сагындык уулу кызматтан алынды. Бул тууралуу буйрукка мэр Айбек Жунушалиев бүгүн, 3-сентябрда кол койгонун мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул кызматка Сагындык уулу 2020-жылдын декабрында дайындалган. Ага чейин ал мэриянын Жер ресурстары боюнча башкармалыгын жетектеп келген.

Сагындык уулунун ордуна вице-мэр болуп Азат Узаков дайындалды.

Бишкек мэриясында биринчи вице-мэрден тышкары ар бир багытты тейлеген төрт вице-мэр бар.

Бүгүн биринчи вице-мэр Жамалбек Ырсалиев да кызматтан алынып, Биринчи май районунун акими болуп дайындалды. Аталган райондун кызматтан алынган акими Максат Нусувалиев бул орунга 2020-жылдын ноябрында дайындалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG