Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Темирлан: жаңы зеландиялыктар өзүнө келе элек


Жаңы Зеландияда окуган Темирлан Сейитбеков.
Жаңы Зеландияда окуган Темирлан Сейитбеков.

“Жаңы Зеландиянын калкы абдан ак ниет жана эч кимге жамандык каалабайт”,-дейт бул өлкөдө окуган журтташыбыз Темирлан Сейитбеков.

Темирлан Сейитбеков Жаңы Зеландиянын Окленд шаарында Aspire2 International коллежинде билим алат. Ал эки апта мурда болгон теракт өлкө калкын нес кылып, көбү дагы эле бул окуядан кийин өзүнө келе албай жатканын айтып берди.

"Азаттык": Темирлан, элүү адамдын өмүрүн алган кандуу окуя болгон Крайсчерч шаары сиз жашаган Оклендден канчалык алыс? Жаңы Зеландиянын тарыхындагы эң ири калаба деп бааланып жаткан окуя жергиликтүүлөрдүн жашоосун канчалык өзгөрттү?

Темирлан Сейитбеков: Крайсчерч шаары мен жашаган калаадан бир топ эле алыс, анткени өзүңөр билгендей Жаңы Зеландия эки чоң аралдан турат эмеспи. Окленд шаары түндүк аралда, ал эми Крайсчерч түштүк аралда жайгашкан.

Эки апта өтсө да бул окуя көңүл чордонунда турат. Анткени баарын нес кылган эле калаба болду. Мен сүйлөшкөн адамдардын баары эле мындай окуя Жаңы Зеландияда болот деп такыр күтүшпөгөнүн айтып жатышат. Баары кайгырып, курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, бул оор күндөрдү чогуу өткөрүштү.

Өлкө тарыхында биринчи жолу мындай окуя болгондуктан жаңы зеландиялыктарга аябай оор тийди. Мен билим алган окуу жайдын жетекчилиги студенттерди чогултуп, террорчулук, дин темаларында сүйлөштүк. Шаарда террорчулукка каршы жарнактар илинип, жолдордо, дубалдарда боор менен мындай окуяларга каршы экенин билдирип, жазып жатышат.

Жаңы Зеландия дүйнөдөгү эң коопсуз мамлекеттердин тизмесинин сап башында турат. Мындай окуянын бул өлкөдө болушу албетте баарын нес кылды.

"Азаттык": Кандуу окуядан кийин сиз жашаган Оклендде коопсуздук чаралары күчөтүлдүбү?

Темирлан Сейитбеков: Ошол окуядан бир күндөн кийин Окленд шаарында “автобус аялдамасында белгисиз бирөөлөр баштык таштап кетиптир, ичинде бомба бар экен” деген маалымат чыгып, баары чуу түшүп калышты. Полиция дароо келип, жарым сааттын ичинде аймакты тазалап, баштыкта кооптуу эч нерсе жок экенин аныктады. Ошол күндөн тартып полиция күнү-түнү көчөлөрдү көзөмөлдөп жатат.

Темирлан Сейитбеков.
Темирлан Сейитбеков.

"Азаттык": Сиз жашаган шаарда мусулмандар көппү? Мечиттер барбы?

Темирлан Сейитбеков: Жаңы Зеландияда көп улуттун өкүлдөрү жашайт. Мусулмандар да бар. Мен Окленд шаарынын борборунда турам. Бул жерде чоң мечит жок. Бирок намаз окуп, зыярат кыла турган атайын залдар бар. Ал эми шаардын чет жагында эки-үч мечит бар.

"Азаттык": Курман болгондордун көбү качкындар, мигранттар экени кабарланды. Мигранттар ал жакта негизинен эмне менен алектенишет?

Темирлан Сейитбеков: Тейлөө сервиси негизинен толугу менен мигранттардын колунда десек болот. Жаңы зеландиялыктардын көбү менеджментте, жетекчилик кызматтарда иштешет, башкача айтканда кара жумуш менен алектенишпейт.

"Азаттык": Сиз Жаңы Зеландияда окуйт экенсиз, билим алуу үчүн бул өлкөнү тандооңузга эмне себеп болду?

Темирлан Сейитбеков: Жаңы Зеландияга келгениме бир жарым жыл болду. Бул жакка Кусейин Карасаев атындагы лицейди бүтүргөндөн кийин эле келгем. Мага окууга тапшырууга “Logos Education” деген компания жардам берди. Алар чет мамлекеттердеги окуу жайлар бөлгөн гранттык орундарга сынак жарыялашкан. Мен ага катышып, ушул окууга 70 пайыз жеңилдик алдым.

Буга чейин башка мамлекеттердеги да окуу жайларга тапшырып көргөм, бирок Жаңы Зеландияда окуу буйруду. Ага чейин бул мамлекет тууралуу эч нерсе билчү эмесмин. Окууга өткөндөн кийин гана көңүл бөлүп, маалымат окуп, бизден канчалык алыс экенин түшүндүм. Алгач ата-энем жибербей коёбу деп кооптондум. Анткени ага чейин алар сынакка катышып жатканымды билишчү эмес. Ата-энеме эптеп түшүндүрдүм, алар макул болушту.

Бул жакта IT адистиги боюнча билим алып жатам. Жаңы Зеландияда студенттерге аптасына 20 саат иштөөгө уруксат берилет. Азыр мен ресторанда официантмын, буга чейин мейманканада иштедим. Алган айлыгым жакшы, өзүмдү камсыздаганга жетет. Окуумду бүткөндөн кийин бир жылдык иш визасын берүүнү убада кылышты. Өз кесибим менен иш тапсам, узартууга болот.

"Азаттык": Өзүңүз жашаган шаар, жергиликтүүлөрдүн кулк-мүнөзү тууралуу айтып берсеңиз.

Темирлан Сейитбеков: Окленд - Жаңы Зеландиядагы эң чоң шаар. Бул калаада өлкө калкынын төрттөн бир бөлүгү отурукташкан. Абдан кооз, инфрастуктурасы мыкты. Ар улуттун өкүлдөрү бар. Табияты көз жоосун алат жана өкмөт да табиятты ушундай бойдон сактап калууга абдан кызыкдар. Экологияга абдан кылдаат мамиле жасашат. Өлкөсүн сүйүп-кадырлап турушат. Туризмдин потенциалын, андан түшкөн кирешенин да баасын билишет. Бул тармакты ар дайым өнүктүрүп турууга аракет кылышат.

Табияты Кыргызстандыкына да окшошуп кетет, бирок айырмасы - биз туризмге, табиятка көңүл кош мамиле кылабыз. Бир жарым жылдын ичинде бир да кыргызстандыкты жолуктура алган жокмун. Буга чейин бир кыргыз бала окуп кеткен экен. КМШ мамлекеттеринен келген башка студенттер менен байланышып турабыз. Мени негизинен корей же кытай катары кабыл алышат. Кыргызстанды көбү билишпейт.

Жаңы зеландиялыктар абдан ак ниет, эч кимге жамандык каалабаган калк. Спорт менен көп машыгышат - серфинг, велоспорт Оклендде абдан өнүккөн. Адамдар абдан эркин ой жүгүртүшөт. Бул жакта адамдын сексуалдык багыты, кийими же келбети үчүн эч ким айыптабайт, сындабайт. “Ар бир адам өз каалаганын кыла берсин, болгону башкаларга зыян келтирбесе болду” деген менталитет калыптанган.

Мени абдан таң калтырганы - булар үчүн материалдык байлыктан да жан дүйнөнүн абалы маанилүү. Мисалы, алар “Сага бул окууң жагабы? Бул шаарда жашаган ыңгайлуубу? Бул үйдө тынч уктайсыңбы?” деген сыяктуу суроолорду көп узатышат.

"Азаттык": Рахмат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG