Линктер

жекшемби, 18-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:33

Мавлюда: Кызыма үлгү болгум келет


Мавлюда Жапарова.

Кыргызстандык Мавлюда Жапарова Британиянын "Chevening" стипендиялык программасы аркылуу Вестминстер университетинде окуйт.

Британиянын баш калаасында үч жашар кызын жетелеп алып магистратураны окуп жаткан Мавлюда Жапарова учурда балдарды зордук-зомбулуктан коргоонун жолдорун изилдөөдө.

"Азаттык": Дүйнө жүзү боюнча мыктыларды тандаган "Чивнинг" программасына кантип өттүңүз? Кандай даярдыктар талап кылынды?

Мавлюда: 2017-2018 окуу жылында "Чивнинг" программасына дүйнө жүзүнөн 54 миң адам сынакка катышкан. Анын арасынан 1700 киши тандалган. Кыргызстандан жети киши сынактан өтүп, Британиянын ар кайсы шаарларында окуп жатышат. Алардын арасында мен Лондонго үй-бүлөм менен келдим. Мен өзүм муну көп жылдан бери кыялданып, ар кандай программаларга тапшырып жүргөм.

Башка программаларга салыштырмалуу "Чивнинг" болочок студенттен көп нерсени талап кылат. Биринчиден, программа сенин дараметиңди, лидерлик сапаттарыңды, болочок пландарыңды, карьерага байланышкан максаттарыңды, эл менен баарлашуудагы сапаттарыңды сынайт. Экинчиден, окуу жайына өзүң тапшырып, алдын-ала өтүшүң керек. Үчүнчүдөн, англис тилинен тестти өзүң тапшырып, керектүү упай алып, жыйынтыгын көрсөтүшүң керек. Негизи бир жыл бою даярдандым.

"Азаттык": Буга сиздин кандай билимиңиз, тажрыйбаңыз өбөлгө болду?

Мавлюда: Мен Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүндө Балдар фондунда иштегеним чоң өбөлгө болду. Буга кошумча менин жумушумда жана жеке жашоомдо болгон окуяларды айтып берип, талап кылган сапаттарга жооп берүүгө аракет кылгам. Өзүм Кыргыз-Орус (Славян) университетинде эл аралык журналистика жана PR бөлүмүндө окугам. Англис тилин мектепте, кийин студент кезде эки жыл катары менен АКШга "Work and Travel" программасы менен барып, өздөштүрүп кеткем.

Тайпалаштары менен бирге.
Тайпалаштары менен бирге.

​"Азаттык": Вестминстерде окуу кандай? Окуу шарттары кандай?

Мавлюда: Чындыгында мен окуу катаалыраак болот деп даярданып келгем. Мен күчтүү үч университетти тандагам, үчөөнө тең өткөм. Алардын арасынан Вестминстерди тандагам. Анткени, "Guardian" веб-сайты PR багытындагы мыкты магистратуралык программалардын рейтингин түзгөн. Ошондо Вестминстерди тандагам.

Мен ушул окуу жайын тандаганыма өзүмө ыраазы болдум. Анын башкы себеби – бул окуу жайы борбордо болгондуктан, биз тез-тез ар кандай пиар-агенттиктерге барып, ал жактан конок лекторлор келип, көп иш-чаралар болду. Бизге премьер-министрдин кабинетинен да адистер келип, жолугуу өткөрүп кетишет. Мен башка окуу жайын тандасам, мындай мүмкүнчүлүктөр аз болмок. Вестминстердеги магистратура - бул өз алдынча окуу, бул жакта китепкана экинчи үйдөй болуп калат.

"Азаттык": Чет өлкөдө, ал аз келгенсип окуу талабы күчтүү университетте үч жашар кызыңыз менен кантип окуп жатасыз? Кандай кыйынчылыктар болду?

Мавлюда: Бала менен окуганда энергияңды, убактыңды, акчаңды туура пайдаланууга үйрөнөсүң. Албетте, бала менен жүргөндө тиричиликте кыйынчылыктар бар. Ошол эле турак жай, бала бакча табуу маселеси. Лондондо үй-бүлөлүү, балалууларга үй табыш татаал экен. Балдарды коргоо мыйзамдары катуу, ошондуктан кыймылсыз мүлк агенттиктери кардарларды баласы менен алгысы келбейт. Баары эле жалгыз-жарым студенттерди же ишмерлерди издейт. Мындай кардарлар эртең менен кетип, кечинде келет, суу, электр, газ үнөмдөлөт.

Батир менен бизде бир окуя болду. Окууга жана бала бакчага жакын жакшынакай батир таап, баасын сүйлөшүп, анан кийин агенттик бизди «ылайыктуу эмессиңер» деп, Жаңы жылдын алдында биз батирсиз калдык. Мага келгин катары мамиле кылып, ушундай адилетсиздикке учураганыма капа болуп, күрөшөйүн деп чечтим. Баланын укуктарын коргоо уюмдарына кайрылып, жардам алып, агенттикти бир уюм аркылуу сотко бердим. Биздин ишибиз жарым жыл каралып, бул айда чечим чыгарылды. Биз уттук, алар мен сураган акчадан да көбүрөөк кайтарганга милдеттүү болушту.

Ал эми кызым Софияны өстүрүүдө, анын үйдө отурганын каалабадым. Бул жакта мыйзам үч жаштан баштап ар бир баланын бала бакчага жумасына 15 саат бекер барышына укук берет. София келгенден тартып бала бакчага барып жатат. Башында тилди түшүнбөй, кичине ыйлактады. Бирок көнүшүп, азыр кызым англис тилинде сүйлөп, ырдап, ойноп жүргөнүн көрүп, мен аябай сыймыктанам. Сүйлөгөндө сөздөрдү нукура англичандардай айтат. Бул жерде ошол бакчадагы тарбиячылардын ролу маанилүү. Алар София менен тил табышыш үчүн кыргызча, орусча сөз үйрөнүп, көңүлүн таап алышты.

Мавлюда кызы София менен.
Мавлюда кызы София менен.

"Азаттык": Сиз кызыңызга кандай үлгү болоюн дейсиз? Жаш эне катары кыргыз кыздары кандай өссө дейсиз?

Мавлюда: Мен мурун бир сөз окугам, мага ошол сөз аябай таасир эткен: "Эркек балага билим берсең, билимдүү адам болот, кыз балага билим берсең – билимдүү калк болот". Бала кандай болуп чоңоюшуна баары таасир этет. Албетте, эненин ролу өтө маанилүү. Анткени кызым менин басып-турганыман үлгү алып турат. Ошону билип, мен өзүмдүн басып-турганымды оңдоп, туура адаттарды колдонууга аракет кылам. Мисалы, мен китеп алсам, София да китепке кызыгат, телефонду карап отура берсем, ал да кайталайт.

Өстүрүү боюнча айтсам, менин байкаганым боюнча Британияда балдарга аябай сылык мамиле кылышат. Энеси үч жашар баласына "коляскага отурасыңбы, кичи пейилдикке" деп айтат. Отургандан кийин "рахмат" деп мактап коет. Бул мага аябай жагат. Биз балага кичинекей жашынан баштап ушундай мамиле кылсак, ал башкаларды сыйлайт, бирок, эң маанилүүсү – өзүн өзү сыйлайт.

Өзүңдү өзүң сыйлоо – бул англичандардын маданиятынын өзөгүнүн бири. Мисалы, бул жакта кезекке туруу кадимки нерсе. Кофе сатып алганы келсе, эки киши болуп калса, кезекте туруп күтүшөт. Кезекти бузган турист же башка бирөө болсо, алар эч нерсе дебейт, аны менен урушпайт. Анткени алардын ою боюнча адам өзүн өзү сыйлабаса, андан төмөн түшкөн деңгээл жок. "Өзүн өзү басынтып жаткам адамга андан өткөн жаза жок" деп кейип калышат.

Мен Софиянын эркин өсүшүн каалайм. Анын эң негизги максаты - бактылуу болуу деп ойлойм. Кызым менин максаттарымды же менин комплекстеримди чечиш үчүн төрөлгөн жок. Анын өз жолу бар. София азыр мен таанышып жаткан кызыктуу инсан.

"Азаттык": "Турмушка чыккандан кийин билим алууну улантып, өз кесибимди таштабайм" деген айымдарга күйөөсүнүн колдоосу канчалык маанилүү? Лондондо конок болгон эки апаңыз «келин үйдө күйөөсүнө тамак жасап отурат» деген жокпу?

Мавлюда: Ар бир максаты бар адамга жакындары колдоо көрсөтсө, бул баарына утуш болот. Колдоо көрсөтпөсө да тоскоол болбошу керек. Бул жактан мен өзүмдү бактылуумун деп эсептейм. Анткени менин үй-бүлөм мени дайыма колдоп, жардам берип турат. София төрт айында мен жумушка чыккам, апам менен чоң апам келип, алмак-салмак карап турушкан. "Окууга барам" дегенде да алар мени аябай колдошкон.

"Азаттык": Чет жактагы окуу өзүңүзгө кандай таасир этти?

Мавлюда: Чет жакта окуп жатканда, чөйрө алмашат. Менин чакан эле тайпамда ондон ашык улуттардын жаштары окуйт. Баарынын адаттары, ой жүгүртүүсү айырмаланат. Аларды байкап, ар түрдүү адамдардын өзгөчөлүктөрүн билип, суктанып, үйрөнөсүң. Анан чөйрө ушундай эркин, сени менен эч кимдин иши жок, сага сүйлөсө сылык кайрылып, урмат менен мамиле кылышат. Адам кандай болбосун, ушундай чөйрөдө жашагандан кийин, өзү дагы ушундай болуп калат.

Жеке өзүмдү айтсам, мен адамды ичимден тез сындап, ал жөнүндө тез жыйынтык чыгарып койчумун. Ал сапатыман ажырап баратам, ичимден кишилерге чыдамкайлык, түшүнүк, урмат менен мамиле кылам.

"​Азаттык": Сиз илимий ишиңизди "Балдарды зордук-зомбулуктан коргоо" темасына арнапсыз. Азыр бул Кыргызстандагы оор мүшкүл. Адис катары коомчулук, ата-эне жана мамлекет балдардын балалыгын коргош үчүн эмне кылышы керек деп ойлойсуз?

Мавлюда: Балдарды зордук-зомбулуктан коргоо тема негизи көп өлкөлөрдө аябай чоң жана оор маселе. Британия аны 1970-жылдардан бери талкуулап жатат.

Башында "балага кол көтөргөн ата-эне медициналык тараптан көзөмөлгө алынышы керек" деп эсептелсе, 1980-жылдан тартып бул маселени кароодо экологиялык модел колдонулат. Тактап айтканда, баланын үй-бүлөсү эле эмес, жашоо-шарты, ата-энесинин бири-бирине болгон мамилеси, үй-бүлөдөгү балдардын саны, мектеп, кошуналар, коом, улуттун маданияты, мыйзамдар каралат. Мисалы, Швеция балага кол көтөрүүгө тыюу салган эң биринчи өлкө болуп, 1979-жылы балдарды зордук-зомбулуктан коргоо үчүн мыйзам кабыл алган. Андан кийин 25тен ашык өлкө бул мыйзамды кабыл алышкан.

Бирок маселени бир гана мыйзам чечпейт. Эмнеге балага кол көтөрүшөт? Кээ бир ата-эне башкача тарбиялоонун жолдорун билбейт же болбосо коомдо зомбулук кадимки көрүнүш болуп, алсызды уруу адатка айланган. Негизи баланын зомбулукка кабылышын алдын ала айткыдай факторлор бар. Алар - ата-эненин билими, жашоо шарты, чөйрө, үй-бүлөдөгү балдардын саны. Мисалы, изилдөөчүлөрдүн айтканы боюнча, көп балалуу үй-бүлөдө баланын зомбулукка кабылуу коркунучу 26 пайызды түзөт.

"Азаттык": Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдө балдарына мамиле кандай болушу керек? Коомчулукта балдардын укугу кандай корголушу керек?

Мавлюда: Кыргызстанда балдардын статусун көтөрүш керек. Коомубузда балдар чоңоюп, ишке жарап калганда гана сыйлай башташат. Бизде карыларга эң жогорку сый мамиле күчтүү. Башка өлкөлөрдү байкап көрсөм, балдар биринчи орунга коюлуп, алардын муктаждыктары, керектөөлөрү каралат, аларга бардык шарттар түзүлөт, керек болсо балдарынын кызыкчылыгы үчүн ата-энесин кароодон баш тартышат. Мен "карыларды таштап койгула" дебейм. Бирок балдарга көңүл бурулушу керек. Бала күтүүдө ага шарт түзүш керек, аны пландаш керек, өстүрүүнүн ыкмаларын жана баланын психологиясын изилдеш керек, анын келечегин ойлош керек.

Кызы менен.
Кызы менен.

"Азаттык": Үй-бүлө менен кошо билим алып, кесиптик жашоону тең алып кетүү боюнча кыз-келиндерге кандай кеңеш айтасыз?

Мавлюда: Менин оюм боюнча, адам өзүн бөлүп, майдалабаш керек. Бул бир адам, анын бир өмүрү бар, анын жашоодогу башкы максаты – бактылуу болуу. Адам үй-бүлө менен бактылуу болгусу келсе, өзүн ошого арнасын, карьераны тандаса - бул дагы туура. Экөөнү бирдей алып кете ала турган болсо - андан бетер жакшы. Негизи, кыз-келиндер астына так, бийик максаттарды коюп, өз жашоосуна милдетти, жоопкерчиликти алып, максатына жетишин каалайт элем. Коомдо бактылуу адамдар, үй-бүлөлөр көп болсо - бул өсүп келе жаткан балдар үчүн эң жакшы чөйрө.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG