Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

ТИМ айрым өлкөлөрдүн жарандарына виза берүүнү токтотуу себебин түшүндүрдү


Бишкек. 1-сентябрь, 2021-жыл. Сүрөт пакистандык жарандардын өздөрүнүн уруксаты менен жарыяланды.
Бишкек. 1-сентябрь, 2021-жыл. Сүрөт пакистандык жарандардын өздөрүнүн уруксаты менен жарыяланды.

Тышкы иштер министрлиги айрым өлкөлөрдүн жарандарына туристтик виза берүү токтотулганы тууралуу маалымат таратты.

Анда Пакистан, Индия баштаган бир катар өлкөлөрдүн жарандарынын өлкөгө киришин ирээтке келтирүү жана уюштуруу иши жүрүп жатканы кабарланган.

ТИМдин маалыматында учурда "бир катар чет мамлекеттердин жарандарынын өлкөгө киришин жана жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн эффективдүү алгоритмди иштеп чыгуу боюнча чаралар көрүлүп жатканы" белгиленген. Мекеме бул талап дагы канча өлкөнүн жарандарына иштей турганын тактаган эмес.

"Аталган алгоритмде чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын
аймагында жүрүүсүнө чакыруучу тарап жоопкерчиликтүү болору каралган.
"Электрондук виза" порталында арыз ээлери туристтик виза алуу үчүн өз алдынча кайрылуу процесси убактылуу токтотулду. Ишкердик визасын алуудагы шарттар сыяктуу туристтик виза алуу функциясы киргизилүүдө", - деп билдирди ТИМ.

Мекеме киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу кошумча маалымат бериле турганын кошумчалаган.

Мунун алдында жергиликтүү ЖМКлар туристтик агенттиктерге шилтеме кылып пакистандык жарандарга коомдун нааразылыгынан улам виза берүү токтотулганын жазып чыгышкан.

Соңку убакта социалдык тармактарда кыргызстандыктар Бишкекте "оогандыктарга окшош пакистандыктардын" көбөйгөнүнө тынчсыздануу билдиришкен.

Тышкы иштер министрлиги борбордо жүргөндөр качкындар эмес экенин, Бириккен Араб Эмираттарына жана Сауд Арабиясына иштөө үчүн бараткан пакистандыктар Кыргызстан аркылуу уча турганын билдирген болчу. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG