Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:08

Катар Кабул аэропортун ачуу боюнча талибдер менен кызматташууда


Катардын тышкы иштер министри Мухаммад бин Абдулрахман аль-Тани жана Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб. Доха, 2-сентябрь, 2021-жыл.
Катардын тышкы иштер министри Мухаммад бин Абдулрахман аль-Тани жана Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб. Доха, 2-сентябрь, 2021-жыл.

Катардын тышкы иштер министри Мухаммад бин Абдулрахман аль-Тани билдергендей, учурда расмий Доха Кабул аэропортун тезирээк ачуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Мындай билдирүү ал жактан чет өлкөлүк жарандарды жана айрым оогандыктарды чыгарып кетүү жана гуманитардык жардам жеткирүү боюнча эл аралык аракеттер көрүлүп жаткан маалда жасалды.

Министр бул тууралуу Катардын баш калаасында Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб менен биргеликте өткөрүлгөн маалымат жыйында сөз козгоду.

«Жакынкы күндөрдө жакшы жаңылыктар чыгарына ишенем», - деди ал.

Ал арада «Аль-Жазира» телеканалы ооганстандык жарандык авиация тармагында иштегендерге таянып, Кабул аэрпортундагы ички каттамдар 3-сентябрда жанданарын, ал эми эл аралык каттамдарга дагы убакыт зарылдыгын билдирди.

Доминик Рааб «Британия эң ириде өз жарандарын, алар менен кызматташкан жана куугунттукка кабылган оогандыктарды чыгарып кетүүгө ашыгып жатканын» айтты.

14-августтан бери АКШ жана анын өнөктөштөрү 123 миңдей адамды Ооганстандан чыгарып кеткен. 20 жылдан бери чет өлкөлүктөр менен кызматташып жүргөн миңдеген оогандыктар өлкөдө калып калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG