Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:39

"Ата Мекен" менен "Реформа" партиялары кызматташуу тууралуу сүйлөштү


"Ата Мекен" жана "Реформа" саясий партиясынын мүчөлөрү
"Ата Мекен" жана "Реформа" саясий партиясынын мүчөлөрү

"Ата Мекен" жана "Реформа" саясий партиясынын мүчөлөрү 2-сентябрда жолугушуп, кызматташуу боюнча сүйлөштү.

Бул тууралуу маалымат партиялардын Facebook баракчасына жарыяланды. Жолугушууга эки партиянын лидерлери Өмүрбек Текебаев, Клара Сооронкулова баштаган айрым мүчөлөр катышкан.

Саясатчылар өлкөдөгү бүгүнкү кырдаал жана биргелешип иш алып баруу жөнүндө сүйлөшкөн. "Реформа" биригүү тууралуу маселе дагы күн тартибинде болгонун жазды. Партия мүчөлөрү азырынча толук чечим кабыл алына электигин "Азаттыкка" билдиришти.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Азырынча шайлоого катышуу тууралуу билдирмени 20дан ашуун партия БШКга тапшырды. Алардын катарында "Ата Мекен" партиясы дагы бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG