Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Франция коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын сая баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Францияда 1-сентябрдан баштап 65 жаштан жогоруларга жана өнөкөт илдеттери барларга коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасы сайыла баштады. Франция мындай кадамга барган Евробиримдиктеги алгачкы мамлекет.

Буга чейин Израил, Кошмо Штаттары вакцинанын үчүнчү дозасы менен аярлуу катмардагыларды эмдеп баштаган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бай мамлекеттерди үчүнчү дозаны токтото туруп, жакыр мамлекеттерге вакцинадан каралашууга чакырган.

Европанын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борбору 1-сентябрда билдиргендей, вакцинанын эки дозасын алгандарга үчүнчүсүн саюу зарыл эмес. Анткен менен иммунитети алсыз адамдарды кошумча доза менен эмдөөнү караштырып көрүү керек.

АКШ бийлиги улгайгандарды жана өнөкөт оорулары барларды үчүнчү доза менен эмдегенден кийин, сентябрь айынын соңунда жалпы калкка сунуштоону көздөп жатат. Сурамжылоолорго ылайык, вакцина алгандардын 76% үчүнчү дозаны алууга каршы эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG