Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Эл артисти Айтурган Темирова Франциянын “Искусство жана адабият ордени” менен сыйланды


Айтурган Темирова.
Айтурган Темирова.

Кыргыз эл артисти, актриса Айтурган Темирова Франциянын “Искусство жана адабият ордени” менен сыйланды. Бул тууралуу Франциянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Элчиликтин маалыматы боюнча, сыйлык кыргыз актрисасынын кинодогу 50 жылдык карьерасынын урматына ыйгарылды.

“Искусство жана адабият ордени” – Франциянын Маданият министрлигинин 1957-жылы негизделген сыйлыгы. Ал Францияда жана дүйнө жүзүндө көркөм өнөрдө, адабиятта жана искусстводо мыкты жетишкендиктерге ээ боло алган ишмерлерге ыйгарылат.

63 жаштагы Айтурган Темирова алгач киного 14 жашында “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” фильминде тартылган. Жалпысынан 17 тасмага катышып, түрдүү ролдорду жараткан актриса көптөгөн эл аралык сыйлыктарга татыган.

Быйыл Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына карата ага III даражадагы “Манас” ордени ыйгарылды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG