Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Жалал-Абад: "Барпы" театрынын айрым артисттери иш таштады


Барпы Алыкулов атындагы театрдын имараты
Барпы Алыкулов атындагы театрдын имараты

Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы драма театрынын ондой артисти иш таштады. Бул маалыматты "Азаттыкка" театрдын режиссёру Бакыт Жумалиев ырастады. Ал жетекчиликти чыгармачылык инсандар менен иштеше албайт деп күнөөлөп жатат.

"Жетекчибиз алты жыл иштеп, көңүлүнө жакпаган артисттерди куугунтуктап, жумуштан кетирип келет. Азыр тогуз артист, ичинде эмгек сиңиргендерибиз көп. Биздин чыгармачыл инсандарыбызды колдоонун ордуна кайра басмырлап жатат. Жетекчи жумуштан кетпесе, биз ишке чыкпайбыз," - деди Жумалиев.

Театрды Санжар Берикбаев 2014-жылдан бери башкарып келет. Берикбаев иш таштап жаткандар жеке кызыкчылыктан улам бул ишти уюштуруп жатканын айтууда.

"Бизде чыгармачылык топто 40 кызматкер болсо алардын сегизи иш таштап жатыптыр, алардын төртөө студенттер. Иш таштагандардын башында тургандар жеке кызыкчылыкты жогору коюп, студенттерди баштап чыккан. Чыгармачылык топко жооптуу көркөм жетекчи мен эмес. Мен эч кимди куугунтуктаган жокмун", - деди Берикбаев.

Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы театрда учурда 65 кызматкер эмгектенет. (TВ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG