Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:06

Тажикстан ооган качкындарын кабыл ала албастыгын билдирди


Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода. 4-август, 2021-жыл.

Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода билдиргендей, Дүйшөмбү мындан ары ооганстандык качкындарды кабыл ала албайт. Ушул тапта талибдерден корккон миңдеген оогандыктар кошуна мамлекеттерге чыгып кетүү аракетин көрүп жатышат.

Рахимзода мунун себеби катары ооган качкындарын кабыл алууга өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирип, эл аралык уюмдарды, анын ичинде Улуттар Уюмун Тажикстанга жардам берүүгө чакырды. Бул тууралуу министр 1-сентябрда уюмдун өкүлү Мулугет Зевди менен жолугушууда айтты.

Рахимзоданын айтымында, учурда тажик-ооган чек арасынын ортосундагы нейтралдуу тилкеде 80дей оогандык үй-бүлө бар. Алар Тажикстанга кирүүнү көздөшөт. Министр ошондой эле Ооганстандагы туруксуздук жана гуманитардык кризис «кошуна мамлекеттерге террорчулардын да агылышын» күчөтүшү ыктымалдыгын билдирди.

Соңку 15 жыл ичинде Тажикстан Ооганстандан үч миңден көп үй-бүлөнү кабыл алган. Жыйырма жыл мурда бийлик өлкө түштүгүндө качкындар үчүн лагерге 70 гектар жер бөлгөн. Рахимзода бул убакыт ичинде бир да эл аралык уюм качкындарга инфрастуктура түзүүгө жардам көрсөтпөгөнүн кошумчалады.

Тажикстандын аймагына Ооганстандан 350 этникалык кыргыз кире качкан. Расмий Бишкектин аларды Кыргызстанга өткөрүп коюу өтүнүчүнө карабай, Дүйшөмбү аларды артка кайтарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG