Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Шыкмаматов: Сариев Кумтөр комиссиясын уюштурууга жооптуу болгон, чечимдерге кийлигишкен эмес


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кумтөр маселесин иликтеген мамлекеттик комиссиянын ишин уюштуруу жагына гана жооптуу болгон, анын чечимдерине кийлигишкен эмес. Бул тууралуу инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Шыкмаматовдун маеги 1-сентябрда “Ютубдагы” KG VIDEO каналына жарыяланды. Өз сөзүндө ал комиссия укук, экология жана социалдык-экономикалык маселелер деген үч багытта иштегенин, үч топтун өзүнүн жетекчилери болгонун, корутундулары мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынганын белгиледи:

“Экология боюнча корутундуну 20-30дай мүчөсү бар топ жазган, арасында коомчулук өкүлдөрү, оппозициялык маанайдагы эксперттер болгон. Чечимди бир эле киши кабыл алган эмес. Алар талашып-тартышып, көпчүлүк добуш менен кабыл алышкан. Мисалы, биздин топко Темир Аргенбаевич “Анткиле, минткиле” деген эмес. Жобо боюнча ал комиссиянын жетекчиси катары материалдык жактан камсыз кылуу, комиссиянын иши тууралуу журналисттерге улам отчет берип туруу, парламентке келгенде жооп берүү менен алектенген. Ал эми чечим комиссиядагы 60-70 кишинин көпчүлүк добушу менен кабыл алынган”.

Сариев 2012-жылы экономика министри болуп турганда Кумтөрдөгү жагдайды иликтеген мамлекеттик комиссияны жетектеген.

Шыкмаматов ал жылы юстиция министри болчу жана комиссиянын укук маселелери боюнча тобунда жетекчи болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сариевди "Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып менен быйыл 3-августта кармаган жана соттун чечими менен ал атайын кызматтын тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Кумтөрдөгү экологиялык зыянды Сариев эмес, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тийиштүү мамлекеттик орган аныктаганын адвокаты билдирген.

23-августта Сариев камакта Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Динара Кутманованын жалган көрсөтмөсүнүн негизинде отурганын айтып чыккан.

Кутманова “Иш менин арызымдын негизинде эмес, мөңгүнүн үстүнө калдык таштоо маселеси боюнча козголду” деп жооп берген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG