Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Садыр Жапаров: Өлкө үчүн жоопкерчилик бир эле кишиде болсун деп жатабыз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан президенттик башкаруу системасына өлкө үчүн жоопкерчиликти бир адамдын колуна тапшырып берүү максатында өттү. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров Коомдук телерадио корпорациясынын Кыргызстандын көз каранды эместигинин 30 жылдыгына карата "Эгемендик баасы" көрсөтүүсүндө сүйлөп жатып билдирди.

Өз сөзүндө Жапаров буга чейин Кыргызстан башкаруунун бардык түрлөрүн башынан өткөргөнүн, 2010-жылдагы партиялык башкаруу системасы “өлкөнү таптакыр талкалап салганын” белгиледи жана экономикадагы, саясаттагы оор абал, шайлоодо административдик ресурстун колдонулушу үчүнчү революцияга себеп болгонун кошумчалап, “мындан ары революцияларга жол бербеш үчүн башкаруунун жаңы системасы түзүлгөнүн” айтты:

“Бир бутактуу башкаруу системасы болду. Буга чейин үч бутактуу болгон. Парламент өзүн өзү билчү, өкмөт өзүнчө, президент өзүнчө болчу. Бири-бирине баш ийбейт, эч кимиси жооп да бербейт. Ошондуктан жоопкерчилик бир эле кишиде болсун деп жатабыз. Менин башкаруу мөөнөтүмдө гана эмес, андан кийин келген киши да өзүнүн жеке моюнуна алып, экономикада, ички жана тышкы саясатта керт башы менен жооп бергидей болушу керек”.

Быйыл 10-февралда Кыргызстанда референдум өтүп, шайлоочулардын көбү Жапаров жактаган президенттик башкаруу формасын тандашкан. Башкаруу формасы өзгөргөн Конституцияны колдогон пикирлер менен катар ал одоно мыйзам бузуу менен кабыл алынганын айткандар да болгон.

Жогорку Кеңеш партиялык тизме менен шайланган парламенттик башкаруу системасына Кыргызстан Конституцияга 2010-жылы киргизилген өзгөрүүлөрдөн соң өткөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG