Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Казакстанда "Аралтуз" ишканасынын жүздөгөн жумушчулары иш таштады


"Аралтуз" ишканасынын жүздөгөн жумушчулары иш таштады. 2-сентябрь, 2021-жыл.
"Аралтуз" ишканасынын жүздөгөн жумушчулары иш таштады. 2-сентябрь, 2021-жыл.

Казакстандын Кызылордо облусундагы "Аралтуз" ишканасынын жүздөгөн жумушчулары иш таштады. Алар айлык акынын көтөрүлүшүн талап кылып жатышат. Жумушчулдардын айтымында, азыр алардын маянасы 48 миң тенге же 110 доллардын тегерегин түзөт.

Эми алар 100 миң тенгеге чейин көтөрүлүшүн каалашат.

"Аралтуз" Казакстандагы туз өндүрүп, иштеткен ири компания. Расмий маалыматтарга караганда, ишкана жыл сайын 450 миң тонна туз өндүрөт. Анын 75% Орусия, Кыргызстан, Өзбекстан жана Украинага экспорттолот. Ишканада 1200 адам иштейт.

Ишкана тузду Жаксыкылыш аймагынан өндүрөт. Ал жакта 16 миллион тонна туздун кору бар экенин кабарланып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG