Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Жаңы-Өзөндө бир нече ишкананын жумушчулары иш таштады


Казакстан. Жаңы-Өзөн шаарындагы "Казпромтехкомпани" жумушчуларынын иш таштоосу. 22-июль, 2021-жыл.
Казакстан. Жаңы-Өзөн шаарындагы "Казпромтехкомпани" жумушчуларынын иш таштоосу. 22-июль, 2021-жыл.

Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарындагы "Казпромтехкомпани" ишканасынын жүздөгөн жумушчулары айлык-акыны жогорулатуу жана эмгек шарттарын жакшыртуу талабы менен 22-июлда иш таштады.

Ошондой эле Батыш Казакстандагы эң ири мунай бургулоочу “Өзенмунайгаз” компаниясын тейлеген "НБКС" ишканасынын эмгек жамааты дагы жогорудагыдай талаптар менен нааразылык акциясына чыгышты.

Мындан сырткары "Актау Мунай Сервис" жана Оilfield equipment and services компанияларынын жамааты дагы ишке чыккан жок. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады.

Июль айынын башынан бери "КЕЗБИ" мунайсервис компаниясынын, "КазМунайГаз" компаниясына караштуу KMG-Security күзөт фирмасынын жана айдоочулар менен "Тез жардам" кызматынын эмгек жамааттары иш таштап, айрымдары толук кээ бирлери жарым-жартылай талаптарын аткартууга жетишкен.

Мындан тышкары алардын соңунда “Өзенмунайгаз” компаниясын тейлеген Kunan Holding, "МунайСпецСнаб Компани" транспорттук компанияларынын айдоочулары 15-июлдан баштап ишке чыкпай турушат. "БатысГеофизСервис" менен Тазалык-С" коммуналдык чарба ишканасынын жумушчулары мөөнөтсүз иш ташташты.

Ошону менен Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында бардыгы болуп 11 компаниянын эмгек жамааттары маянанын аздыгы менен эмгек шартына нааразы болуп, иш таштоо акцияларын өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG