Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Баткендин делегациясы Ферганада Өзбекстандын Эгемендик майрамына катышты


Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик туулары.
Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик туулары.

Баткен облусунун кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан райондорунун делегациялары бүгүн 3-сентябрда Өзбекстандын Фергана облусунда бул өлкөнүн Эгемендик майрамына карата уюштурулган иш-чараларга катышып келишти. Баткен облусунун башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаевдин айтымында, Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата кошуна өлкөнүн өкүлдөрү да Баткенге келип кетишкен:

“Фергана облусу Баткен облусунун чек арага жакын кошуна райондорунун жетекчилерин, аксакалдарын, коомчулук өкүлдөрүн чакырган. Алар Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата бизге да келип кетишкен. Кошуна өлкөнүн беш районунун акимдери, орун басарлары губернаторунун орун басары баш болуп Баткен, Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарларында болушкан”.

Достук мамилелерди бекемдөө, кызматташтыкты арттыруу максатын көздөгөн жолугушууга Тажикстандын Согд облусунун делегациясы да катышты.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казактан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн. Өзбекстан менен 95 процентке жакыны такталган.

Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG