Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 1,5 сомго өсүшү мүмкүн


Иллюстрация.

Сентябрь айынан тартып Орусия Кыргызстанга экспорттук төлөмү (пошлина) менен күйүүчү жана майлоочу май ташып келе баштады. Анын баасы тоннасына 19,3 долларды түзөт. Буга байланыштуу өлкөдө бензиндин баасы 1,3-1,7 сомго көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Май ташуучулар бирикмеси билдирди.

"Буга чейин индикативдик баланстагы мунай өнүмдөрүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлигине кайрылганбыз. Министрлик ушундай эле өтүнүч менен Орусиянын Энергетика министрлигине кайрылган. Бирок алар ички рынокто ресурстун чектелүү экенине жана экспортко чектөө киргизүү ыктымалдыгына таянып биздин өтүнүчтү кароодон баш тарткан", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстан жылына 1,1 млн. тоннадай күйүүчү жана майлоочу май керектейт. Орусия 2016-жылы Кыргызстанга мунай жана мунай продуктуларын төлөмсүз жеткирүү боюнча чечим кабыл алган. Ага ылайык, Кыргызстандагы импорт, ички өндүрүш жана колдонууну эске алуу менен атайын индикативдик план түзүлгөн. Аталган пландын негизинде Орусия белгилүү бир көлөмдөгү мунай жана күйүүчү май жөнөтүп турат.

Май ташуучулар бирикмеси соңку беш жылдан бери керектөө өскөнү менен Кыргызстанга алынып келинген майдын көлөмү өзгөрбөй келатканын белгилөөдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, акыркы жылы Кыргызстанда бензиндин баасы 1,6 эсеге өскөн. 3-сентябрга карата Бишкекте Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 55,9 сомдон сатылууда. Дизелдик күйүүчү майдын баасы - 50,9 сом. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG