Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:28

Талибдер Ооганстанды калыбына келтирүүдө Кытайга үмүт артууда


Талиб жоочусунун жанынан өтүп бараткан оогандык аялдар. Кабул. 2-сентябрь, 2021-жыл.
Талиб жоочусунун жанынан өтүп бараткан оогандык аялдар. Кабул. 2-сентябрь, 2021-жыл.

"Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) кыймылынын өкүлү Забихулла Мужахид 2-сентябрда италиялык La Repubblica гезитине курган маегинде Кытай Ооганстан менен дипломатиялык мамилесин үзбөй турганын билдирди. Анын айтуусунда Кабулдагы жаңы бийлик АКШнын аскерлери чыгып кеткенден кийин өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүүдө Бээжинге үмүт артат.

"Кытай биздин негизги өнөктөшүбүз жана Ооганстанды калыбына келтирүү үчүн инвестиция салууга даяр. Биз "Бир кур-бир жол" демилгесин колдойбуз. Бизде Кытай иштетүүсү мүмкүн болгон жез кендери бар. Кытай бизди дүйнөлүк базарга алып чыгат", - деди Мужахид.

2-сентябрда "Талибандын" дагы бир өкүлү Кытай Ооганстандыг элчилигин жаппай, "мамилени бекемдөөгө жана гуманитардык жардамды көбөйтүүгө" убада кылганын билдирди.

АКШ жана өнөктөштөрү талибдер бийликке келгенден кийин Ооганстандагы дипломаттык өкүлчүлүктөрүн жабышкан.

XS
SM
MD
LG