Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Футбол: Кыргызстан Палестинаны 1:0 эсебинде жеңди (видео)


Кыргызстан жана Палестинанын футбол боюнча улуттук курама командалары "Үч улуттун кубогу" мелдешинде. Бишкек. 2-сентябрь, 2021-жыл.
Кыргызстан жана Палестинанын футбол боюнча улуттук курама командалары "Үч улуттун кубогу" мелдешинде. Бишкек. 2-сентябрь, 2021-жыл.

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкекте башталган "Үч улуттун кубогу" мелдешинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина курамасын 1:0 эсебинде жеңип алды. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон оюндагы жалгыз голду 25-мүнөттө Азим Азаров киргизди.

Эл аралык футбол мелдеши 7-сентябрда аяктайт. Турнирге Бангладештин, Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча улуттук командалары катышууда. 5-сентябрда Палестина менен Бангладеш, 7-сентябрда Кыргызстан менен Бангладеш командалары ойнойт.

Оюндар саат 20:30да башталат. Беттештерди Кыргыз Спорт ТВ Ютуб каналы, Elevensports.com жана КТРК Спорт каналдары түз эфирде көрсөтөт. (ECh/GT)

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 2-сентябрь, 2021-жыл.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 2-сентябрь, 2021-жыл.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG