Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Камактагы Калмаматов коюлган айыптарды четке какты


Камактагы оппозициялык саясатчы Бактыбек Калмаматов адвокаты аркылуу кат жолдоду. Анда абакта мыйзамсыз отурганын жана ага карата каралоо жүрүп жатканын билдирген.

Калмаматовдун абактан кайрылуусу

Оппозиционер Бактыбек Калмаматов кайрылуусунда өзүнө коюлуп жаткан айыптарды “акылга сыйбайт жана адилетсиз” деп сыпаттаган.

“Мага коюлуп жаткан айып акылга сыйбайт жана адилетсиз. Бирок, сөз башкада. Тилекке каршы, душмандарым менин абакта отурганымдан пайдаланып менин үстүмдөн ар кандай каралоолорду уюштуруп жатышат. Тагыраагы, мага байланыштуу ар кандай жалган маалыматтарды социалдык тармактарда жайылтышууда”,- деп жазылат Калмаматовдун кайрылуусунда.


Калмаматов социалдык тармактарда анын атынан жалган маалыматтар таратылып жатканын белгилеп, анын "бийлик менен сүйлөшүп, Исмаил Исаковго, Ахматбек Келдибековго, Өмүрбек Текебаевге жана Жылдызкан Жолдошевага каршы көрсөтмө берип жатыптыр" деген маалыматтар толугу менен жалган экенин билдирди. Калмаматов менен адвокаты Мырза-Айым Камчыбекова 28-декабрда жолугуп чыккан.

Мырза-Айым Камчыбекова
Мырза-Айым Камчыбекова

“Ал өзүн толук күнөөсүз деп эсептейт. Ал эч качан мыйзам бузган эмес. Аймак аралык кастыкты козутуу дегени такыр туура эмес. Аны жакшы тааныгандардын баары билет. Адегенде иш 330-берененин 1-бөлүгү менен козголгонун айтышкан. Ал берене менен беш жылдан ашык жаза берилбейт жана тергөө маалында камалбашы керек. Муну биз айтып чыккандан кийин “адамдардын тобу менен” деген бөлүгүнө өзгөртүштү. Андай болсо дагы кайсы башка кишилер аныкталды? Аларды табышпайбы. Кылмыштын курамы дагы жок”.

Саясатчынын сотундагы чыр

Адвокат Камчыбекова саясатчынын бөгөт чарасы каралган соттогу окуя боюнча өзү жана анын бир нече тарапташтары милицияга суракка чакырылып жатканын кошумчалады. 24-декабрда Калмаматовду сот имаратынан алып бараткан автоунаа саясатчынын жакындарынын биринин бутун тебелеп кетти деген видео тараган. Ал видеодо машинени саясатчынын тарапташтары курчап алганына карабай айдап кетишкенин көрүүгө болот.


Адвокат Мырза-Айым Камчыбекова 28-декабрь саат 16:30да Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө суракка баратканын маалымдады. Бирок Ички иштер министрлигинин, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы дагы саясатчынын жактоочусу айткан маалыматтарды тастыктаган жок.

Камактагы саясатчынын тарапташтары Кыйноолорго каршы улуттук борборго арызданышкан. Борбордун башчысы Бактыбек Рысбеков алардын кызматкерлери тергөө абагына кирип чыкканын билдирди.

“Жакындары арыз менен кайрылышкан. Кызматкерлерибиз кирип чыгышты. Кыйноо болгон эмес, болгону 15 саат суралганын айтып, укугу бузулганына арызданды. Кармоо шартына жана абактагы кызматкерлерге дооматы жок экен”, - деди Рысбеков.

Партиялаштарынын дооматы, президент аппаратынын жообу

Бийликти кескин сындаган саясатчылардын бири Калмаматов камалгандан кийин анын тарапташтары окуяны саясий куугунтук деп айтып чыгышкан.

Бактыбек Калмаматовдун тарапташтары. Биринчи май райондук соту. 24-декабрь.
Бактыбек Калмаматовдун тарапташтары. Биринчи май райондук соту. 24-декабрь.

Жарандык активист Нурсултан Акылбек бийлик Калмаматовду саясий туткун деп атоого негиз берип жатканын белгилейт. Активист саясатчы кармалган бир аптадан бери ага коюлган айыптын чоо жайы айтылбай жатканына токтолду.

“Буга чейин бир дагы далил айтылган жок. Эмне жөнүндө, кайсы жерде айтты? Анын билдирүүсүнөн чыр чыктыбы? Президенттик, парламенттик шайлоого катышкан талапкер. Анын электораты бар. Мындай саясатчыны камап коюуга олуттуу негиз болушу керек”, - деди активист.

23-декабрда парламенттик шайлоого Калмаматов менен чогуу барган "Азаттык" партиясынын айрым мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп, аны камактан бошотууну талап кылышкан. Маалымат жыйынында адвокат Мырза-Айым Камчыбекова атайын кызмат Калмаматовго "Фейсбуктагы" Нур Азиз аттуу колдонуучу жазган билдирүүлөр боюнча айып тагылып жатканын айткан. Анын билдиргенине караганда, атайын кызмат ал аккаунт Калмаматов мурда колдонгон телефон номурга байланган деп жатат. Камчыбекова ал номур азыр саясатчыга тиешеси жок экенин билдирген.

"Азаттык" партиясынын лидери Исмаил Исаков саясатчынын камалганына байланыштуу президент Садыр Жапаровду авторитаризмге айыптап сындап чыкты.

Азырынча президенттик аппарат Калмаматов боюнча дооматтарга жооп бере элек. 25-декабрда 24.kg маалымат агенттигине президенттин басма сөз кызматы жооп берген.

Анда “президенттин ысымын аттоодо куру дооматтардан алыс болууга чакырабыз, тергөө ишти иликтеп, акыркы чекитти коет” деп айтылат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кармалганын билдирген. Атайын кызмат тараткан билдирүүдө Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тергөөнүн жүрүшүндө Калмаматовго карата алынган маалыматтар тастыкталганы айтылат.

Бийликти кескин сындап келаткан Бактыбек Калмаматов ушул жылдын 11-январында өткөн президенттик шайлоого катышкан.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% чектен өткөн эмес. Калмаматов 2010-жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болгон.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG