Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 05:18

Самаковдун иши: Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарды


Карганбек Самаков.

Жогорку сот 17-декабрда парламенттин экс-депутаты Карганбек Самаковдун ишин кыскартуу тууралуу шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарды жана материалдарды кайра экинчи инстанцияга жөнөттү.

Ушул жыл башында Жогорку сот Самаковго чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө берген.

Экс-депутат 2017-жылы Бишкектин жака белиндеги ондогон гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деген айып менен 10 жылга кесилген. Анын ишине байланыштуу дагы башка кызмат адамдары камалып, соттолгон. Самаковдун иши октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин тушунда кайра каралган бир топ иштердин бири болуп калды.

Жогорку сот Карганбек Самаковдун адвокатынын арызын жарым-жартылай канааттандырды. Ага ылайык, шаардык соттун ишти кыскартуу тууралуу өкүмү жокко чыгарылып, материалдар кайра соттун экинчи инстанциясына жөнөтүлдү.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Жогорку соттун басма сөз катчысы Чынара Мамытканова маалымдады.

"Жогорку сотто Карганбек Самаковдун кассациялык арызы каралды. Соттук коллегиянын токтому менен Бишкек шаардык сотунун 2021-жылдын 2-сентябрындагы аныктамасы жокко чыгарылды. Самаковго карата кылмыш иши башка соттук курамда жаңы апелляциялык кароого жөнөтүлдү. Самаковдун жана "Сапаттуу билим фонду" коомдук фондунун адвокаттарынын арыздары жарым-жартылай канааттандырылды".

Азырынча Самаков менен анын адвокаты буга байланыштуу үн ката элек. Маалыматтарга караганда, шаардык сот прокурорлор айыптоо корутундусунан баш тартканына байланыштуу ишти кыскартуу тууралуу өкүм чыгарган. Самаковдун адвокаты мындай чечимге макул болбой аны актоо тууралуу Жогорку сотко арыз жолдогон.

"Сапаттуу билим фондунун" өкүлдөрү болсо 2012-жылы Самаковдон сатып алган 8,4 гектар жерди камактан чыгаруу тууралуу сотко кайрылган.

Ушул жылдын февраль айында Жогорку cот Бишкек шаардык сотунун Самаков тууралуу чечимин жокко чыгарып, кайра тергөөгө жөнөткөн. Башкы прокуратура мамлекеттик айыптоочулар эмнеге айыптоо корутундусунан баш тартканы тууралуу азырынча түшүндүрмө бере элек.

Башы прокуратура Самаковго кылмыш ишин 2015-жылы козгогон. Анда башкы көзөмөлдөөчү орган Самаков Бишкектин жака белиндеги 262 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди турак жай категориясына өткөрүп, андан кийин майдалап сатып жибергенин билдирген.

Маалыматта "экс-депутат кызмат адамдары менен өз ара келишип алып иш алып барган коррупциялык схеманы түзүү менен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев сыяктуу таасирдүү байланыштарды колдонуу аркылуу арзан баадагы жер аянттарын алып, мыйзамсыз трансформациядан кийин кымбат баада сатып, жыйынтыгында 8 миллион доллардан ашуун пайда көргөнү иликтенип чыкканы" айтылган.

"Коомдук анализ институту" уюмунун башчысы Рита Карасартова Самаков тууралуу соңку жагдайларды бийликтин"кустуруу" саясатына байланыштырды.

"Жалпысынан карай турган болсок бул аябай эле түшүнүктүү тенденция. Коррупцияга байланышкан иштер мындай болуп калды: бийлик акырын өзүнүн кыймыл-аракети менен аларга "жакшы акы төлөсөңөр чыгып кеткенге мүмкүнчүлүгүңөр бар" дегенсип, ошону ишарат кылып койду. Мисалы шайлоого чейин Самаковдун иши кыскарсын деп чыгарып келе жатканы "көрдүңбү, биздин чыгарганга деле мүмкүнчүлүгүбүз бар" деген ишара кылганы. Алар Карганбек Самаков ондогон гектар жерди чыгарып алган, мунун акчасы көп деп элестетишет да".

Адвокат Бакытбек Автандил уулу ушул айдын башынан тартып күчүнө кирген кодекстерде соттогу иштерди кайра тергөөгө жол ачылганын белгиледи.

"Азыр иштер кайра артка кайтарылып, кайра тергөөгө жөнөтө турган нормалар калыбына келди. Мунун оң дагы, терс дагы дагы жактары бар. Кайра тергөөгө кетире турган болсо бул жерде соттор "кайра тергегиле" деп жардам берип жатканы. Анан кайра тергөөгө барганда кандайдыр бир себептер менен иш кыскарып кете турган болсо бул ошол айыптоочуга жакшы".

Карганбек Самаковго сот өкүмү 2017-жылдын аягында чыккан жана аны менен кошо уулу Кубанычбек Самаков, санаалаштары катары айыпталган Эрнис Койчуманов, Урмат Нурдинов, Абай Таштанбеков, Аликбай Сариев да сегиз жылдан кесилишкен.

Сот бул иш боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди 10 жылга түрмөгө кесүүгө өкүм кылган.

Кылмышка тиешеси бар деп айыпталган экс-премьер-министр, парламент депутаты Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев 5 миллион сомдон айып пул төлөп, эркиндикте калган.

Самаков 2019-жылы жазында мунапыс жана тергөө абагында отурган күндөрүнүн эсебинен түрмөдөн бошотулган болчу.

Депутаттын тарапкерлери ал кезде Самаков кызмат адамы болбогонун жана коррупциялык схеманы уюштурууга ыйгарым укугу жоктугун жүйө келтиришкен.

Башында Самаков айыл чарба багытындагы айдоо аянттарын турак жай категориясына которуу үчүн ири инвестиция тартыларын айткан. Ал Лебединовкада “Силк-Роуд” бизнес борбору, “Лаззана” гольф клубу, Байтик айылында аквапарк сыяктуу ири инвестициялык долбоорлорду убада кылган. Самаков мунун негизинде өлкөдө жүздөгөн жумуш орундары түзүлүп, мамлекетти ири салык түшөт деп ишендирген. Бирок ал долбоорлор ошол бойдон кагазда калган.

Карганбек Самаковдун иши 2017-жылы райондук сотто каралып жатканда "Ага Хан" фондунун өкүлдөрү кызыкчылыгы бар тарап катары сот жараяндарына катышып, көрсөтмө беришкен. Алар жердин камакка алынганы мыйзамсыз болгонун айтып, камактан чыгарып берүүнү өтүнүшкөн.

Сот материалдарына ылайык, Эл аралык "Ага Хан" фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2012-жылы Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылынан 84 гектар жерди 8,3 миллион долларга сатып алган. Фонддун финансы маселелери боюнча кеңешчилери, жалдаган юридикалык компаниялар да жерди сатып алып жатканда "документтердин баары жайында" деп корутунду чыгарып берген.

"Ага Хан" фонду бул жерге 1-11-класстын окуучулары үчүн жатаканасы бар эл аралык билим берүү академиясын курууну пландаштырып жүргөнү белгилүү болгон.

Самаков сатты деген жер тилкелери боюнча козголгон кылмыш иши дагы бир нече коррупциялык иликтөөлөргө жол ачкан. 2015-жылы Самаковдун иши тергелип жаткан учурда Башкы прокуратуранын ал кездеги Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Арпачиев 100 миң доллар пара менен кармалган.

Прокурор Самаковдордун ишин жабууга убада берип, ири суммадагы пара талап кылганы айтылган.

Кийин Арпачиевдин күнөөсүн сот далилдеп, алгач 14 жылга кесилген. Бирок былтыр жайында мурдагы прокурордун жатак абакка которулганы дайын болгон.

2018-жылдын апрель айында Башкы прокуратуранын мурдагы бөлүм башчысы Уланбек Чалбаев иш бөлмөсүндө 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Атайын кызмат бул акчанын таржымалын Самаковдун Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан ишине байлаган. Башкача айтканда, прокурор Самаковдун кылмыш ишин анын пайдасына чечип берүү максатында пара алган деп сыпатталган.

2019-жылдын ноябрь айында Чалбаев беш жылга эркинен ажыратылган. Ал эми "пара берүүгө аракет кылган" деген айып менен Самаковдун уулу Кубанычбек Самаков баштаган үч адам акчалай айыпка жыгылган.

Буга чейин Самаковдун Аламүдүн районуна караштуу Байтик жана Кара-Жыгач айылдарынан алган жерлери боюнча доомат айтылып, нааразылык болуп келген. Экс-депутатты Бишкектин жака белиндеги жерлерди мыйзамсыз алган деп айыптагандар бир канча жолу митинг да өткөргөн. Бул жерлер боюнча Аламүдүндүн мурунку акимине да кылмыш иш козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG