Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Абсаттар Сыргабаев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалды


Абсаттар Сыргабаев (солдон оңду карай үчүнчү). Жалал-Абад шаары. 19-октябрь, 2020-жыл.
Абсаттар Сыргабаев (солдон оңду карай үчүнчү). Жалал-Абад шаары. 19-октябрь, 2020-жыл.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Абсаттар Сыргабаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка учурда президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Сыргабаевди эмгек жамааты менен 19-октябрда вице-премьер-министр Равшан Сабиров тааныштырды.

Абсаттар Сыргабаев буга чейин Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Ал 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Садыр Жапаров жана 16-октябрдан тартып УКМКны жетектей баштаган Камчыбек Ташиев башында турган «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон. Ошондой эле партиянын тизмесинде бешинчи катарда турган.

Сыргабаев Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы катары да Жалал-Абад облусунун коомчулугуна белгилүү.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы буга чейинки өкүлү Нурболот Мирзахметов кызматка сегиз ай мурда дайындалган.

Жалал-Абад облусунда сегиз район жана төрт шаар бар. (TB/NT)

XS
SM
MD
LG