Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Дзюдочу Эрлан Шеров Азия чемпионатында күмүш байге алды


Дзюдо боюнча Азия чемпионатынын 90 килограмм салмакка чейинки байге ээлери. Нур-Султан, Казакстан. 6-август, 2022-жыл.
Дзюдо боюнча Азия чемпионатынын 90 килограмм салмакка чейинки байге ээлери. Нур-Султан, Казакстан. 6-август, 2022-жыл.

Кыргызтандык спортчу Эрлан Шеров Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия чемпионатында күмүш медал тагынды. Спорттун аталган түрү боюнча Кыргызстандын улуттук федерациясынан билдиришкендей, Шеров 6-августта 90 килограммга чейинки салмакта финалда жапониялык Мурао Санширо менен күрөштү. Финалдык таймашка чейин Шеров чейрек финалда кытайлык Ядун Се (Yadong Xie) менен жарым финалда казакстандык Хамза Дидарды жеңип алган.

Ушуну менен дзюдо боюнча быйылкы Азия чемпионатында Кыргызстандын эсебине экинчи байге жазылды. 5-августта 73 килограммга чейинки салмакта Чыңгызхан Сагыналиев коло байге уткан. Сагыналиев 1/8 финалда Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси, монголиялык Цогтбаатар Ценд-Очирди, ¼ финалда филиппиндик Кейсей Наканону утуп, жарым финалда казакстандык Данияр Шамшаевге жеңилген. Коло байге үчүн беттеште Сагыналиев дагы бир кыргызстандык Эртур Турдубаевди жеңип, 3-орунду ээледи.

4-августта башталган дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасындагы Азия чемпионаты бүгүн, 7-августта аяктайт. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG