Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 14:56

Дарыгерди суицидге жеткирген интернеттеги зомбулук


Иллюстрация сүрөт.

Deutsche welle басылмасы 3-августта Австрияда эмдөөгө каршы болгон адамдардан түшкөн коркутуп-үркүтүүлөргө чыдабай өз жанын кыйган дарыгердин окуясына кайрылып, социалдык тармактардагы хейтерлер маселесин козгогон.

Макалада айтылгандай, 36 жаштагы Лиза-Мария Келлермайрдин сөөгү өзү иштеген менчик медициналык жайда табылган. Маркум калтырып кеткен каттарда ал тартип коргоочуларды жана дарыгерлер уюмун убагында аракет көрбөгөндүгү үчүн айыптаган.

Пандемия учурунда, былтыркы жылдын башында ошол кезде "Тез жардамда" иштеп жүргөн Келлермайр социалдык тармактарда калкты эмделүүгө активдүү үгүттөп, антиваксерлерге каршы постторду байма-бай жазып келген.

Коронавирус чектөөлөрүнө каршы демонстрация, Вена. 20-ноябрь, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Коронавирус чектөөлөрүнө каршы демонстрация, Вена. 20-ноябрь, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Милдеттүү эмдөөгө каршы демонстрациянын катышуучулары "Тез жардам" машинелеринин жолун торогон учурду ал терезесинен тартып алып, сүрөтүн баракчасына жайгаштыргандан кийин жергиликтүү гезит андай окуя чындап эле болгонун бышыктаган. Буга карабай, полиция ал сүрөттү "фейк" деп атагандан кийин догдурга онлайн чабуул күчөгөн. Ага көзүн тазалайбыз деген коркутуулар да түшкөн.

Deutsche welle маркум бир нече жолу бийликке да, маалымат каражаттарына да кайрылганын жазат. Бирок полиция реакция кылган эмес. Анда Келлермайр өз акчасына жан сакчаларды жалдоого аргасыз болгон.

Ал өз жанын кыйгандан кийин Австрия президенти окуя болгон жерге барды жана зордук-зомбулук менен күрөшүүгө чакырды. Ишти прокуратура териштире баштады, алар полициянын ыктымал шалаакылыгын да текшермекчи. Европанын башка өлкөлөрүндө да интернеттеги хейтерлерге каршы кандай чара көрүлүшү керек деген маселе козголду.

Deutsche welle макаланын соңунда суицид учурлары тууралуу этият жазуу керектигин, мындай материалдарды окугандан кийин кимдир бирөөлөр аны туурайбыз деши мүмкүн деп эскертет.

АКШнын Ооганстандагы "жаңы согушу"

Талибдердин коопсуздук аскерлери Завахириге сокку урулган жерде, Кабул. 2-август, 2022-жыл.
Талибдердин коопсуздук аскерлери Завахириге сокку урулган жерде, Кабул. 2-август, 2022-жыл.

Le Monde гезити "Ал-Каиданын" анабашы Айман Завахиринин Кабулда жок кылынышы боюнча жагдайларды талдап, бир жыл мурун ооган жергесинен шашып-бушуп, башаламан чыгып кеткен Вашингтон ал өлкөнүн келечегине таасир этүү, талибдерге кысым көргөзүү ниетинен баш тартпаганын жазат.

4-августтагы көлөмдүү материалда Жак Фоллору 31-июлдагы сокку 11-сентябрь теракттары үчүн өч алуу аракетине чекит койгон жок, ал АКШнын Ооганстандагы тымызын согушун ачыкка чыгарган алгачкы ишараты болуп калды деп эсептейт.

US-Afghan-Qaeda-conflict-ZAWAHIRI
US-Afghan-Qaeda-conflict-ZAWAHIRI

Журналист француз чалгындоо кызматындагы булактарга таянып, Завахири үй-бүлөсү менен Ооганстанга Пакистандан май айында келгенин, аны "Хаккани түйүнү" коргоого алганын, уюмдун негизги фигураларынын бири, талибдердин таасирдүү ички иштер министри Сиражуддин Хаккани экенин баяндаган.

Маалыматка караганда, “Ал-Каиданын” анабашы жок кылынгандан кийин министр ага-инилери, башка жакын туугандары менен башкалаадан шашылыш чыгып кетти. Ал эми “Талибандын” чалгын кызматы америкалыктар менен маалымат бөлүшкөн болушу мүмкүн деген ички тыңчыларды издеп жатат.

Андан ары автор “Ал-Каида” менен "Хаккани түйүнүнүн" жакын ымаласына, АКШ Сиражуддин Хакканиге бир нече жыл мурун эле издөө салганына токтолгон.

Макалада белгиленгендей, “Талибан” кечээ жакында эле, Ташкенттеги эл аралык конференцияда ооган аймагын көзөмөлдөп жатканына, террористтерге башпаанек берилбесине ишендирген. Ички иштер министри Завахиринин өлтүрүлүшүнө эки күн калганда эле индиялык медиага берген интервьюсунда "Ооганстанда “Ал-Каиданын” издери жок, ал топ дүйнөгө коркунуч жаратпайт" деп убада берген.

Журналист айрым эксперттердин талибдер менен “Ал-Каиданын” мамилеси 2001-жылга караганда алда канча жакшыраак деген пикирлерине орун берген.

Ал эми АКШнын Финансы министрлиги 2020-жылы “Ал-Каида” талибдердин колдоосу менен Ооганстанда күчтөнүүгө жетишкен деген божомолун чыгарган. Ал маалыматта террордук топ “гуманитардык, кайрымдуулук иштерине” делген каражаттын эсебинен акча алып турганы айтылган.

Суу астында калуу коркунучуна кабылган айылдар

Серуа айылы
Серуа айылы

Reuters агенттиги Тынч океанында орун алган Фижи аралдарындагы айылдар суу астында калуу коркунучуна кептелгени тууралуу бир нече репортаж чыгарды.

Мисалы, Серуа деген жердин жашоочулары суу киргенде кайыктар менен гана жүрүп калышат. Айлана бүт шор суунун астында калгандыктан жыгачтан көпүрө жасай калып, бири-бириникине ошол жолдор менен катташат.

Аксакалдар мындай кооптуу абалга карабай, ата-бабалары жаткан жерден козголгусу жок. Бирок жергиликтүүлөр суу барган сайын көбүрөөк каптай баштаганын, жээктеги топурак эрозия болгонун, катаал аба ырайы аларга архипелагдын борборуна көчүүдөн башка арга калтырбаганын, келечек муунду ойлоо зарылдыгын айтышат. Көчүп кетүү жана жаңы конуштарда турак жайлуу болуу үчүн аларга өкмөттүн каржылык колдоосу керек.

Кабарчылар Серуадан башка аралдар да климаттагы өзгрүүлөрдөн улам ушундай кырдаалга туш болгонун белгилешет. Тынч океанындагы 15 өлкөнүн лидерлери июлда Фижинин башкалаасы Сувада өткөн самитте климаттын өзгөрүүсүн жашоо үчүн эң чоң коркунуч деп аташкан. Алар планетанын ысышына ири салым кошкон өнүккөн индустриалдык мамлекеттер аралдарда жашаган элди океандын көтөрүлүшүнөн коргоо үчүн акча төлөөгө тийиш деген ойлорун атышты. Дал ушул маселе БУУнун конференцияларында талаш-тартыштын чордонунда болуп келатат.

Адистер дамбаларды куруу, тамырлары сууну сордуруп алган атайын өсүмдүктөрдү тигүү, дренаж системаларын жакшыртуу жетиштүү болбой калганын айтышат.

Жаңы Зеландиянын түндүгүндөгү Фижи 2014-жылы суу деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам бир айылды толугу менен көчүргөн Тынч океандагы алгачкы архипелаг болуп калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG