Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

"Ал-Каида" анабашы өлтүрүлдү. Талибдерге канчалык ишенсе болот?


“Ал-Каиданын” анабашы Завахири. 2012-жылы тартылган видеодон алынган сүрөт.
“Ал-Каиданын” анабашы Завахири. 2012-жылы тартылган видеодон алынган сүрөт.

АКШ “Ал-Каида” террордук уюмунун анабашы, дүйнөдөгү эң кооптуу террорист атыккан Айман Завахири жок кылынганын билдирди. Ал уюмду 2011-жылы Усама Бин Ладенден кийин жетектеп калган. Америкалык чалгындоо кызматтары Завахири үч миңдей кишинин өмүрүн кыйган 11-сентябрь теракттарын жетектегенин аныктаган.

Расмий маалыматка караганда, "ал-каидачылардын" анабашы 31-июлда Кабулда дрондун соккусунан өлтүрүлдү. Борбордук чалгын кызматы (CIA ) жүргүзгөн операцияда ал жашырынган турак үйгө эки ракета тийген. Анын үй-бүлө мүчөлөрү, же айланасында жашагандар жабыркаган жок.

АКШ президенти Жо Байден дүйшөмбү күнкү кайрылуусунда, америкалык чалгынчылар бир нече күн мурун Завахиринин кайда жүргөнүн аныкташкандан кийин сокку уруу буйругун бергенин айтты.

"Эми адилеттүүлүк орноду, террористтердин лидери жок кылынды. Дүйнө жүзүндөгү адамдарга эми ошол кара өзгөй жана эч нерседен артка тартпаган киши өлтүргүчтөн коркуунун кереги жок. Кошмо Штаттар америкалыктарды бизге зыян келтирүүнү көздөгөндөрдөн коргоо үчүн чечкиндүү аракет көрөрүн, ага даремети жетерин далилдеди".

Президент террористтер кайда жашырынбасын, канча убакыт өтпөсүн, АКШ алардын артынан сая түшүп жок кыларын белгиледи. Ал ошондой эле бул ийгилик туура стратегия тандалганын көргөздү деп кошумчалады.

Байдендин айтымында, анын алкагында былтыр америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарылып, ал жакта антитеррордук натыйжалуу операцияларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Вашингтон администрациясынын өкүлдөрү билдиргендей, Завахири Кабулда жүргөнү тууралуу маалыматтар бир нече ай мурун пайда болуп, кийин тастыкталган.

1-июлда Байден Ак үйдө чалгындоо кызматынын жетекчилери менен жыйын курган. Президентке ошол турак жайдын макетин көрсөтүп, операциянын чоо-жайын түшүнүдүрүп беришкен.

71 жаштагы Завахири “Ал Каиданын” түптөөчүсү Усама Бин Ладен менен бирге 2001-жылы 3 миңден көп кишинин өмүрүн кыйган 11-сентябрь теракттарын жетектеген. Экөө тең ошол эле жылы Ооганстандагы америкалык аскерлерден качып кетүүгө үлгүрүп, Завахиринин кайда башкалкалаганы ошондон бери белгисиз эле.

2011-жылы Бин Ладен Пакистанда АКШ күчтөрү тарабынан жок кылынгандан кийин уюмду башкарып калган.

Ал ондогон жылдардан бери “Ал-Каиданын” негизги идеологу болгон, 1998-жылы АКШнын Кения жана Танзаниядагы элчиликтиктерин бутага алган кол салуулардын артында турган.

Адистиги боюнча хирург, теги египеттик Завахиринин башына Вашингтон 25 миллион доллар сайган.

1-августта "Талибан" америкалыктардын бай оогандар жашаган кварталга жолдогон аба соккусун айыптаган билдирүү жасады."Талибан" өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид чабуул “эл аралык принциптерди” жана Доха келишимин бузарына басым жасады.

New York Times гезити өз булагына шилтеме берип, ал үй талибдердин жогорку жетекчилеринин бири Сиражуддин Хакканиге таандык экенин жазды. Маалыматка караганда, Завахири сокку маалында балкондо турган.

“Талибан” окуя болгон жерде коопсуздук чараларын күчөттү.

Байкоочулар 21 жылдан бери изделип келаткан Завахирини жок кылууну Байден үчүн чоң саясий ийгилик деп баалашат. Ошол эле учурда анын ушунча көп убакыттан бери Кабулда жашап жүргөнү талибдердин "террористтерге башпаанек бербейбиз" деген убадаларына канчалык ишенсе болот деген маселени козгоодо. Андай убаданы “Талибан” Доналд Трамп администрациясы менен Дохада өткөн сүйлөшүүлөрдө берген.

АКШ, ооган бийликтеринин жана "Талибан" делегациялары тынчтык сүйлөшүүлөрү учурунда. Доха, 2020-жылдын 21-ноябры.
АКШ, ооган бийликтеринин жана "Талибан" делегациялары тынчтык сүйлөшүүлөрү учурунда. Доха, 2020-жылдын 21-ноябры.

“Ал-Каиданын” лидерине Кабулда башпаанек берүү менен “Талибан” Доха келишимин, Ооганстандын аймагын башка өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратууну көздөгөн террористтердин колдонуусуна жол бербейбиз деген убадаларын одоно бузду” , - деп билдирди АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

Мамдептин жетекчиси талибдер муну менен ооган элине чыккынчылык кылганын, эл аралык коомчулук менен мамилелерин нормалдаштырууга умтулабыз деген өздөрүнүн билдирүүлөрүнө каршы келген иш жүргүзгөнүн белгиледи.

Бир топ жылдардан бери Завахири Пакистан менен Ооганстандын чек ара аймагында жашырынып жүрөт деп айтылып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG