Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Көлдүн экологиясын коргоо мыйзамы иштейби? Мончодон чыккан талкуу


Ысык-Көл жээги.
Ысык-Көл жээги.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Ынтымак" фракциясынын мүчөсү Балбак Түлөбаевдин Ысык-Көлдө мончого окшогон жайга түшүп жаткан видеосу социалдык тармактарда тарап, кызуу талкууга түштү.

Эл өкүлүнүн айланасындагы талкуулар Ысык-Көлдүн экологиялык маселесин дагы бир жолу көтөрдү. Анткени көл жээгинде мончо курууга тыюу салынган.

Чөнтөк телефонго тартылган видеодо Жогорку Кеңештин депутаты, "Ынтымак" фракциясынын мүчөсү Балбак Түлөбаев суунун үстүндөгү пирсте жыгачтан жасалган жайдан чыгып келатканын көрүүгө болот.

25-июлда социалдык түйүндөргө жарыяланган бул видео тууралуу комментарий жазгандар интернет колдонуучулардын айрымдары көл жээгинде мончо, сауналарга тыюу салынганына карабастан, депутат ошол жердеги мончого түшүп чыкты деп айыпташкан.

26-июлда талкуунун чордонунда калган Балбак Түлөбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасап, жогорудагы видео тууралуу маалымат берди.

"Ал кичинекей эле жер… Мурун сауна экен. Ичине кирип-чыгып жүрдүк… Кичине жылытып коюптур. Жылынып, кайра чыгып… Көлгө түшүүнүн адеби бар. Биз, көлдүктөр, булгабайбыз көлдү. "Кирин эзип жатыптыр, мончого түшүп жатыптыр" деп, элдин баарын өзүңөрдөй ойлобогула. Ал жер кичине чай, суу коюп коюп... Улам көлгө түшкөн сайын кирип.... Эми кичине жылытып коюптур. Ал иштебеген сауна экен. Мага ошентип айтышты".


Эл өкүлүнүн айтымында, “Коста брава” пансионатына кандай маселелерди көтөрүү керектигин талкуулоо жана кеңешүү үчүн фракциянын башка депутаттары да барган.

Ысык-Көлдө көлдүн үстүнө мончо же сауна орнотуп иштетүүгө өкмөт 2016-жылы тыюу салган. Жергиликтүү бийликке жана тийиштүү мекемелерге мындай жайларды жабуу тапшырмасы берилген.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экотехинспекциясынын Экологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Расул Жусупов өкмөт көл үстүндө же ага жакын жерде мончо салууга тыюу салганын ырастап, бирок депутат Балбак Түлөбаев эс алган жай мончо эмес экенин айтты:

Расул Жусупов.
Расул Жусупов.

“Ал жер мончо эмес, ал жер буукана (парилка). Буулана турган эле жай. Эми буукананын зыяны деле жок да. Анын ичинен эч кандай саркынды суу агып чыкпайт. Анын ичинде болгону буу болот, анан адамдар түшөт. Отун жагып, ичин ысытып, буулап алышат. Депутат ошого барып түшкөн турбайбы”.

Түлөбаевдин көлдөгү видеосун Фейсбуктагы баракчасына алгачкылардан болуп жарандык активист Кундуз Ажибекова бөлүшкөн. Аны “Коста брава” пансионатында эс алып жүргөн достору жиберген.

"Биз билгендей, 2018-жылдан бери көл үстүндөгү мончолорго тыюу салынган. Бирок видеодогу мончодо адамдар жуунуп жүргөнү байкалып турат. Мен видеону чыгарып, болгону эл өкүлүнө суроо салгам. Ал өз кайрылуусунда аны иштебейт деп айтып койсо, мынчалык талкуу болбойт беле деп ойлойм. Тескерисинче, ичин жылытып түштүк деп жатпайбы. Албетте, бул туура эмес көрүнүш. Аны көргөн туристтер деле кандай кабыл алат? Сыймыктанган көлүбүздү дүйнө жүзүндө көп адам билет. Эл өкүлү болуп туруп, көлдү сактагандын ордуна ушундай кадамга барып жатса, башкаларды сөз кылып кереги жок деп ойлойм. Анан да Түлөбаев сынды туура кабыл алып, көтөрө билсе жакшы болмок".


Жакында бир кыз көлдө башын самындап жууп жатканы талкууланса, бир аял велосипед менен сууга секирген, дагы бирөөлөр итин сууга түшүрүп жаткан видеолор социалдык тармактарда тарап, элдин нааразылыгын жараткан. Айрымдардын көл жээгинде палас жууп жаткан видеолору да чыккан.

Ысык-Көлдө мындай көрүнүш чет элдиктер арасында да катталган учурлар болгон. Тактап айтканда, 2021-жылы индиялык жарандардын көлдө самын менен жуунуп жаткан видеосу кызуу талкууга алынган.

Экотехинспекциясынын Экологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Расул Жусупов жакында көлдүн 16 жеринен суу алынып, лабораторияда текшерилгенин, анын жыйынтыгында Ысык-Көлдүн суусу таза чыкканын билдирди.

Жогоруда сөз болгон саркынды сууга байланышкан сын-доомат да көп. Жусупов саркындылар көлгө кошулуп кетет деген кооптонууларга минтип жооп берди:

“Пансионаттардын саркынды суусу боюнча бизде бардык маалыматтар жетиштүү. Көлдө жалпысынан 220дай эс алуучу жай бар. Ошолордун айрымдарынын өздөрүнүн саркынды сууну тазалоочу жайы бар, айрымдары бири-биринин түтүгүнө кошулуп алып чыгарышат. Жалпысынан 121 тазалоочу жай бар. Биз көзөмөлдөп турабыз. Саркынды суу көлгө кошулбайт”.

Сагынбек Орунбаев.
Сагынбек Орунбаев.

Анткен менен Борбор Азиядагы Америка университетинин Экологиялык туруктуулук жана климатология кафедрасынын доценти Сагынбек Орунбаев бул маселени тыкыр көзөмөлгө алууга бийликти чакырып жатат:

“Пансионаттар менен эс алуучу жайлардын инфраструктурасы чечилбей турганы көрүнүп турат. Мен билгенден 4-5 жыл мурун Ысык-Көлдүн түндүгүндөгү пансионаттар үчүн канализация системасы боюнча долбоорлор иштеп, Азия Өнүктүрүү Банкы каржылап, бул ишти жөнгө салуу аракеттери болгон. Бирок канализация системасы тууралуу суроолор азыркыга чейин талкууда. Бул жолго салына турган эле иш. Мендеги маалыматтар боюнча тиешелүү пансионаттарга маалыматтар жеткирилген. Демек, мамлекет тарабынан биринчи кадам жасалды, эми ишкерлер экинчи кадамды жасап, маселени чечиши керек. Анан өкмөт кайра тыкыр көзөмөлгө алышы шарт".

Улуттук илимдер академиясынын биология институтунун ихтиология жана гидробиология лабораториясынын башчысы Шайгүл Асылбаеванын баамында, Кыргызстанда экологияны сактоо боюнча мыйзамдар иштебей турат:

Шайгүл Асылбаева.
Шайгүл Асылбаева.

“Жазында президент канализациясы жок пансионаттар иштебесин деген жарлык да чыгарбадыбы, бирок андай пансионаттар иштеп эле жатышат. Маселе көтөрүлсө септик менен көлгө зыян кылбай эле иштеп жатабыз деп коюшат. Мыйзам боюнча көлгө 500 метрге чейин мончо жана башка нерселер курулбашы керек. А бирок курулуп эле жатпайбы. Бизде жаратылышты сактоо боюнча жакшы эле мыйзамдар бар, бирок иштебей жатат. Аны чоңдор өздөрү эле бузуп жатат да. Анткени көп пансионатты чоңдордун туугандары иштетип, талаптарды аткарышпайт”.

Президент Жапаров 27-апрелде “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, эмдиги жылдан тартып пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюу салынат.

Жарлыктын алкагында аймактагы экологияны сактоого байланыштуу бир катар тапшырмалар берилгени, Министрлер кабинети “2023-2026-жылдары Ысык-Көлдү коргоо жана анын биосфералык зонасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө" байланыштуу программа даярдап, аны бекитүүгө милдеттендирилгени расмий маалымдалган.

Жапаров Фейсбуктагы билдирүүсүндө 2023-жылы 1-январдан тартып Ысык-Көлдүн айланасындагы саркынды сууну тазалоочу жайлары жок пансионат, эс алуучу жайлардын иштөөсүнө тыюу салынарын эскерткен. Пансионат, конок үй кургандарга талапты катаалдаткан жарлыкка кол койгонун белгиледи. Аларды быйылкы жылдан баштап курулушка каражат бөлүүгө чакырды.

“Алдын ала эскертип коёюн, 2023-жылдын 1-январынан тартып, Ысык-Көлдүн айлана-тегерегиндеги пансионаттардын, эс алуучу жайлардын саркынды сууну тазалоочу жайлары жок болсо, алардын иштөөсүнө тыюу салынат. Ошондуктан быйылкы сезондо тапкан каражатыңарга дароо саркынды суу тазалоочу жайларды салгыла”, - деп жазды президент.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, көл жээгинде 211 ири жана 600 чакан эс алуу жайлары бар.

Экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлиги Тамчы айылында жайгашкан 200дөн ашык конок үйлөрүнө саркынды сууну тазалаган жай куруу зарылдыгын эскерткен.

Ошол эле маалда эс алуучу жайлардын саркындыларын тазалаган инженердик коммуникацияларды куруу маселеси чечиле элек.

Экологдор Ысык-Көлдө акыркы он жылдан бери эс алуучу жайлардын саркынды суусу көлгө куюлуп жатканын айтып, коңгуроо кагып келишет.

Чолпон-Атадагы суу канал ишканасынын маалыматында, эки насостук станциянын бири көлдүн жээгине жакын 150 метрде жайгашкан. Буга чейин ишкана жетекчилиги сууну сордуруп алуучу айрым тетиктер эскилиги жетип, насостор авариялык абалда экенин билдирген.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG