Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:34

Арашанды азапка салган саркынды


Чуңкурчак жайлоосу.
Чуңкурчак жайлоосу.

Бишкек шаарынын четиндеги Арашан айылынын тургундары дарыяга саркынды суу кошулуп жатат деп нааразы болуп жатышат.

Жергиликтүү тургундар айтылуу «Супара» баш болгон бир катар эс алуучу жайларды кыдырышты.

Арашан айыл өкмөтүнүн жайлоо комитетинин төрагасы Төрөкул Ниязалиев Чуңкурчак жайлоосундагы «Супара» этнокомплексинин саркынды суу топтолуучу жайынан кир суу дарыяны көздөй агып жатканын айтууда.

«Биз «Супара» эс алуучу жайы жабылышын каалабайбыз. Алар иштесин. Анткени биздин айыл өкмөткө салыкты жакшы төлөйт. Буларга бир гана дооматыбыз бар. «Супара» эс алуучу жайы саркынды суусун тазаласын. Саркынды Арашан суусуна аралашпасын. «Супара» эс алуучу жайынан чыккан саркынды суу сакталуучу жай сасып турат. Ушуну тазаланган суу деп жатышат. Кандайча тазаланган? Биз бул суунун үлгүсүн алып, лабораторияга жибердик».

​«Супара» этнокомплексинин кожейкеси Жаңылсынзат Турганбаева эс алуучу жайдан саркынды суу талаптагыдай тазаланбай калганын мойнуна алды. Бирок ал Чуңкурчак жайлоосунда саркынды суу маселеси акыры көтөрүлгөнүн кубаттай турганын айтты.

«"Супара" комплексинин ачылганына беш жыл болду. Анда конокторубуздун санына жараша орус технологиясына таандык жабдыктарды алып келгенбиз. Алгачкы жылдары жакшы эле иштеп жаткан. Бирок коноктор көбөйдү, жабдыктардын кубаттуулугу жетпей калды. Бир жылдан бери саркынды суу жакшы тазаланбай жатканын байкаганбыз. Ошондон бери аны тазалоочу акыркы үлгүдөгү жабдыктарды сатып алуу боюнча Европа менен сүйлөшүп жатканбыз. Бирок "Супара-1де" өрт чыгып, күчтүн баарын ошол жакка бурганга туура келди. Ошондуктан биздин комплекстен чыккан саркынды суу талаптагыдай тазаланбай калганына күнөөлүү экенибизди билебиз. Аны мойнубузга алабыз. Биз азыр да Европанын акыркы үлгүдөгү жабдыктарын алып келүүгө аракет кылып жатабыз».

Ошол эле Чуңкурчак жайлоосунда мал баккан ишкерлердин бири бир нече жылдан бери топтолуп жаткан кыкты Арашан суусуна түрттүрүп жиберген. Жайлоо комитетинин төрагасы Төрөкул Ниязалиев муну кыянаттык катары баалады:

«Бул жерде айылдашыбыз малдын кыгын Арашан суусуна түрттүрүп салыптыр. Бул сууну ылдыйда Арашан, Татыр айылдары ичет. Бул киши ушул тезектин баарын сууга түрттүрүп, короосун тазалап салыптыр. Бул киши биздин айылдын депутаты болуп жүрөт».

Тоодой болуп үйүлүп жаткан малдын кыгын Арашан суусуна трактор менен түрттүргөн ишкер ошол эле Арашан айылдык кеңешинин бир нече жолку депутаты Саңгыт Сарманбетов болуп чыкты. Ал күнөөсүн мойнуна алып, элден кечирим сурады:

«Муну сууга сүрдүргөндө башында турган эмесмин. Воронцовканын трактору келип калганда "ушуну түртүп койчу" деп сурангам. Өзүм ооруп жаткам, тура алган жокмун. Мен ага "дарыяга түрт" деп айткан эмесмин. Болгону "бир аз эле түртүп койчу" деп суранган элем. Бул үчүн кечирим сурайм. Күнөөлүү болуп калдым. Азыр трактор жалдап келип, суунун жээгин кайра тазалатып коём», - деди ал.

Чуңкурчак.
Чуңкурчак.

​Арашандыктар ушул эле Чуңкурчак жайлоосуна кире бериштеги «Чие-Тоо» эс алуу жайына да киришти. Аталган жайдын Интернеттеги жарнамаларында душу, ваннасы мыкты экени айтылат. Андан чыккан саркынды суу түз эле арыкка, андан Арашан суусуна түшөрү көрүнүп турат. Эс алуучу жай ишке киргенине бир жыл болгону менен саркындысын тазалоочу жабдыгы али ишке кире элек.

«Мен муну ичпейм деп ойлойм. Бирок ылдыйда ушул сууну элдин баары эле ичип жатпайбы? Ошонун баарына чара көрүлүш керек да. Бул жерде тазалай турган деле система жок экен, жөн гана кудуктар турат. Азыр деле бул жайга кишилер келип жатат. Былтыр кышында арабдар жашабады беле. Ошолордун саркындысын ичкен экенбиз да. Бул жерден чыгып, арыкка агып, андан ары Арашандын суусуна кошулат», - деди Арашандын атын атабаган тургуну.

Арашандыктардын чуусунан улам Аламүдүн районунун акими баш болгон бир топ аткаминерлер Чуңкурчак жайлоосунда орун алган эс алуучу жайларды кыдырып чыгышты. Мамэкотехинспекциянын райондук бөлүмүнүн өкүлдөрү суулардын анализине жараша ишкерлерге карата административдик жаза берилерин убада кылышты. Жергиликтүү тургундар болсо жайлоодогу эс алуучу жайлардын баарынан саркынды суусун бир айдын ичинде иретке келтирүүнү талап кылышты.

Чуңкурчак жайлоосунда, Арашан суусунун боюнда он чакты эс алуучу жай бар.

"Биз эл менен" берүүсү Чуңурчак жайлоосунда. 22-май, 2019-жыл

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG