Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

Кыргызстанда 622 айылда таза суу көйгөйү бар


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда калктын 91,1 пайызы таза суу менен камсыз болгон.

Өлкөдө жалпы 1819 айыл бар болсо, анын 262синде 1950-1960-жылдары курулган суу түтүктөрү колдунулат. Ал эми 360 айылда таза суу маселеси толук чечилген эмес. Жыйынтыгында 622 айылда таза суу маселеси бар. Бул айылдарда баш-аягы 1 миллиондон ашык адам жашайт.

Облустарга бөлүп караганда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абал начар. Ошто 485 айылдын 187синде, Жалал-Абадда 408 айылдын 172синде, Баткенде 191 айылдын 85инде таза суу жагынан кыйынчылык бар.

Январь айында президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы бюджеттен калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга 350 млн. сом каралганын жана 2024-жылга чейин Кыргызстандын калкы таза ичүүчү суу менен толук камсыз болорун айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG