Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:07

Кыргызстандык дзюдочулар АКШнын ачык чемпионатында сегиз алтын байге алды


Дзюдо боюнча АКШнын ачык чемпионатында үч алтын байге уткан Акмаржан Турдажиева ортодо. 28-31-июль, 2022-жыл. АКШ, Флорида штаты.
Дзюдо боюнча АКШнын ачык чемпионатында үч алтын байге уткан Акмаржан Турдажиева ортодо. 28-31-июль, 2022-жыл. АКШ, Флорида штаты.

Кыргызстандык спортчулар АКШнын дзюдо боюнча ачык чемпионатында сегиз алтын, үч күмүш жана үч коло медалга ээ болушту (14 медал). Спорттун бул түрү боюнча Кыргызстандын федерациясынан билдиришкендей, мелдеш 28-июлдан 31-июлга чейин АКШнын Флорида штатынын Форт-Лодердейл шаарында өтүп, ага 1500гө жакын жергиликтүү жана чет өлкөлүк спортчулар катышты. Таймаштар 13 жашка чейинкилер арасында үч куракта (7, 9, 13 жаш), кадеттер, жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасында өттү.

Таймаштардын жыйынтыгында алтын байгелерди Кыргызстандан Акмаржан Турдажиева (үч алтын, жашыл кур, +63 кг, кадет +70 кг, жаштар, +78 кг). Ислам Юсупов (эки алтын, жашыл кур, -44 кг, көк кур, -44 кг), Амир Сайзилдаев (жашыл кур, -31 кг), Илгиз Жолдошов (сары кур, -31 кг) жана Ислам Баялинов (ардагерлер, -81 кг) алды.

Күмүш байгелерге Мухаммедумар Кадырбеков (эки күмүш, жашыл кур, алтын упай, -39 кг) менен Амир Сайзилдаев (кызгылт сары кур, -31 кг) ээ болду. Коло байгелер Нурмухаммед Муратов (эки коло, кадет, жаштар, -73 кг) менен Май Муслимге таандык (кадет, -55 кг).

Мелдешке Кыргызстандан тогуз спортчу жана эки машыктыруучу барган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG