Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

“Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн” кыймылы президентке кезектеги кайрылуусун жолдоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн” кыймылы бүгүн 2-августта президент Садыр Жапаровго кезектеги кайрылуусун жолдоду. Аялдардын жана балдардын абалы күн санап начарлап баратканын, абалды жөнгөрүү үчүн бир катар стратегиялык документтерге кол коюу зарыл экенин айткан кыймыл буга чейин мамлекет башчысына эки жолу кайрылган.

Кыймылдын өкүлү Адинай Жапаралиеванын айтымында, биринчи кайрылууга президенттик администрациядан жооп барган, бирок анда эки жылдан бери кабыл алынбай жаткан улуттук программага шилтеме берилген:

"Мисалы, 10 жылга же беш жылга үй-бүлөлүк зомбулукка каршы улуттук программалар түзүлөт. Биздин Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин андай программа жок. Анан ошол жок программага эле багыттап коюшкан”.

2018-жылдан бери иштеп келе жаткан “Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн” кыймылына гендердик укук боюнча жүздөн ашуун уюм мүчө. Кыймыл буга чейин да президентке кайрылган жана жолугушуу уюштурууга чакырып, анда өз сунуштарын айтууга даяр экенин билдирген.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар катталганы көп айтылууда. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миңден ашуун факт катталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG