Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Хорватияда камалган кыргызстандыктар


Иллюстрациялык сүрөт. Окуяга тиешеси жок.
Иллюстрациялык сүрөт. Окуяга тиешеси жок.

Бир апта мурда Хорватияда кыргызстандык жарандар "мыйзамсыз мигранттарды ташыган" деген шек менен камалды. Маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ырастап, кармалгандар боюнча тиешелүү иш-аракеттер жүрүп жатканын билдирди. (Каармандардын аты өзгөртүлдү).

Европада жакшы жашоо издеген Бердибек

Бердибек Нарынбаев бир нече жыл Орусияда иштеген. Былтыр жыл башында Европадан жумуш сунуштаган жеке агенттикке 100 миң сомдон ашуун акча төлөп, бардык уруксат алынган соң Хорватияга жөнөп кетет. Жубайы Бурманын айтымында, Бердибек ал жакта темир ширетүүчү болуп ишке орношкон.

"Башында машиненин тетиктерин ширетүүчү болуп ишке кирген. Андан кийин жол курган ишканада айдоочу болуп жүрдү. Бир жылдай иштеп, өткөн жылдын декабрында Кыргызстанга эс алууга келип кетти. Андан кийин Германияга барып иштей турган болуп, бирок алдамчыларга алданып, ал жакка да бара албай калды. Кийин кайра Загребге (ред.: Хорватиянын борбору) келип, кыргыз балдар менен чогуу заводдо бүлөгүч (шлифовщик) болуп иштеп жүргөн. Ал жакта кыргыздар деле көп болчу. Кыргыз, өзбек мигранттардын баары ынтымактуу бирге жашашчу".

35 жаштагы Бердибек Загреб шаарында өзбек, кыргыз мигранттар менен барак түрүндөгү жатаканалардын биринде жашап турган.

Бурма иштин баары 23-июлда өзгөрүп кетти дейт. Ал жолдошуна чалганда Бердибек кыргызстандык тааныш аял вокзалдан бирөөлөрдү тосуп келели деп өтүнүп, ошол жакка жөнөп жатканын айткан. Көп өтпөй, аны хорват полициясы кармап кеткен болот.

Кыргызстанда чет өлкөгө жумушка орноштурууну сунуштаган жүздөн ашуун жеке компания бар. Расмий маалыматка ылайык, былтыр алар аркылуу үч миңден көп адам 12 мамлекетке мыйзамдуу түрдө ишке орношкон.

"Мыйзамсыз мигранттарды ташууга" шек саналууда

Бурманын сөздөрүнө караганда, Бердибек менен чогуу иштеген кыргызстандык Максат жана анын жубайы Жайна мигранттарды мыйзамсыз жолдор менен Европага киргизип иштешчү.

Хорватияда жашаган кыргызстандыктардын биринин айтымында, Жайна мигранттарды автобекеттен тосуп алып чек арага жеткирип коюу үчүн кыргызстандык үч жигитке, анын ичинде Бердибекке акча убада кылган.

"Жалпы он беш кишини жеткирип бергиле деген буюртма түшкөн. Жайна күйөөсү экөө мигранттарды мыйзамсыз жолдор менен өткөрүп жатышкан окшойт. Биздин балдар аларды чек арага чейин жеткиришмек экен. Жалпы үч машине барышкан. Биринчи бала мигранттарды салып вокзалдан чыгып кеткенге үлгүрөт. Бердибек байке андан кийин барып, кармалып калып атпайбы. Жалпы мыйзамсыз жүргөн он мигрант кармалыптыр деп уктум. Загребден 30 чакырым алыстыкта Карловац деген жер бар. Ошол жактан кармалышкан окшойт",- дейт атын атагысы келбеген кыргызстандык.

Ал мигранттар кимдер экени, кайдан келатканы, каякка баратканы азырынча белгисиз.

Бердибектин камалганына бир жума болду. Ал жубайына байланышка чыгып, Жайна кармалганда гана аларды бошотуу же депортациялоо иши караларын айткан. Бурма жолдошу жөн гана жардам берем деген ниет менен мыйзамсыз схемага аралашып калган деген пикирде. Ал кыргыз бийлигинен күйөөсүн бошотууга көмөктөшүүнү өтүнүүдө.

Кыргызстандын Хорватия менен дипломатиялык алакаларды жүргүзүү тапшырмасы Орусиядагы элчиликке жүктөлгөн. Элчиликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Назгүл Жусубакунова мыйзамсыз ишке барды деп шек саналып, камакка алынган жарандар боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын 1-августта "Азаттыкка" билдирген. Азырынча эч кандай жооп боло элек.

Венгрияда камалган кыргызстандыктар

Быйыл жыл башында Венгрияда "мыйзамсыз мигранттарды ташууга" шек саналып Кыргызстандын, Украинанын жана Молдованын жарандары кармалышкан.

Мажар полициясы билдиргендей, алар сириялык жана ооганстандык жарандарды Батыш Европаны көздөй ташып баратканда колго түшкөн. Маалыматка караганда 8-январга караган түнү Венгриянын түштүгүндөгү Сербия менен чектеш Бач-Кишкун аймагынын үч башка бөлүгүндө үч автоунаа токтотулган. Алардын ичинде баш-аягы 26 мыйзамсыз мигрант болгон.

Буга чейин Европага жумушка орноштуруу боюнча компанияга алданып калган 150дөн көп кыргызстандык «Азаттыкка» кайрылышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG