Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Миграция: мээримге зар болгон, кордолгон балалык


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек мигранттарынын балдарынын укугун коргоо максатында үймө-үй текшерүү жүргүзүп, натыйжада дээрлик 5,5 миң бала эч кандай туугандык байланышы жок адамдардын колунда жашап жатканын аныктады.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 25-июлдагы маалымат жыйынында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өлкө боюнча 476 681 үйдү текшерип, ата-энеси миграцияда жүргөн жүз миңден ашуун бала аныкталганын айтты.

Кудайберген Базарбаев.
Кудайберген Базарбаев.

"Алардын ичинен 79 805 баланын ата-энеси чет мамлекеттерге чыгып кетишкен, калгандары Кыргызстандын ичинде экени аныкталды",- деди министр.

Расмий маалыматтарда айтылган 100 174 баланын ата-энесинин экөө тең, же бирөөсү чет жакта эмгек миграциясында.

"Балдар менен сүйлөшкөндө көздөрүнө жаш айланат"

2019-жылы Кыргызстанда 277 миң баланын атасы же энеси чет жакта иштеп жүргөнү аныкталса, алардын ичинен 119 миң баланын ата-энесинин экөө тең эмгек миграциясына кеткени кабарланган. Министрликтин маалыматында соңку үч жылда бул сан дээрлик 2,5 эсеге азайганы айтылат. Бирок мигранттардын үй-бүлөлөрү менен түздөн-түз иш алып барган адистер тескерисинче, айрым аймактарда кайра көбөйгөнүн айтып жатышат.

Гүлбара Гулматова, соцпедагог.
Гүлбара Гулматова, соцпедагог.

"Мен мектепте 40 жыл иштеген болсом, анын ичинен 10 жылдан ашык соцпедагог болуп иштедим. Ата-энеси миграцияга кетип, туугандарынын колунда калган балдар кийинки убактарда көбөйдү. "Тиричилигибизди оңдойбуз" деген максатта чет жактарга иштегени кеткендер балдарын көбүнчө чоң ата, чоң энесине, же таята, таенелерине калтырат. Жакын туугандарына табыштап кеткендери бар. Албетте, мээримин төгүп, жакшы карагандары да бар. Тилекке каршы, балдарды жумушчу күч катары пайдаланган жакындары да жок эмес. Мен соцпедагог катары мигранттардын балдары менен сүйлөшүп, анкета толтуруп, аны-муну сураган учурумда кыз болобу, эркек бала болобу, чоң класстардын окуучулары деле көздөрүнө жаш айланып, ыйламсырашат. "Акчасынын деле кереги жок эле, атам-апам келип, чогуу жашасак жакшы эле" деп өксүшөт", - дейт Кадамжай районундагы мектептердин биринде соцпедагог болуп иштеген Гүлбара Гулматова.

Анын айтымында, миграция жана ажырашуунун кесепети балдардын бүгүнкү дагы, эртеңки да тагдыры үчүн оор сокку урууда.

"Атасы менен апасы ажырашып, апасын ээрчип таятасынын үйүнө келет. Апасы аларды таята, таенесине таштап, Орусияга ишке кетет. Көп өтпөй ал жактан күйөөгө тийет, бирок балдарын алып кетишпейт. Атасына барайын десе, анын да өз турмушу бар. Айласы жок ызасын жутуп, кыйналып жүрүп, чөгүп кеткен балдар да болууда. Ата-энесинин мээримине тойбогон кыздар эрте жаштан эле башкалардан мээрим издеп, сүйүүгө кабылууда. Бизде бир баланын атасынын көзү өтүп, апасы күйөөгө тийип кеткен. Таята, таенесинин да көзү өтүп кеткен. Анан ал таякеси менен таежеңесинин колунда калды. Баланы абдан жупуну кийинтип, сапатсыз кийимдерди алып берерин байкап жүрөм. Колунда жокпу дейин десем, ошол эле таякесинин башка класстагы балдары кымбат кийимдерди кийип жүрөт. Биз андай балдардын өздөрү жана туугандары менен көбүрөөк сүйлөшүп, жолугуп турганга аракет кылабыз".

Көз жаздымда калган чоң коркунуч: зомбулук, суицид

Азыркы тапта Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир адамдын, дагы бир кишинин (жалпы төртөө) үстүнөн териштирүү жүрүүдө. Секелек кыз зордукталган учурда атасы Орусияда иштеп жүрсө, апасы боору ооруп, улам ооруканага жатып, дарыланып жүргөнү айтылган. Бул окуя коомдогу курч реакцияларды жаратып, сот өтүп жаткан маалда имараттын сыртында укук коргоочулар, активисттер айыпталгандарды катуу жазалоону талап кылышты.

Ата-энеси туугандарынын, же тааныштарынын камкордугуна таштап кеткен мигранттардын балдары психикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылып, ур-токмоктон каза таап калган учурлардын буга чейин бир нечеси ачыкка чыккан.

ЮНИСЕФтин маалыматына караганда, Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала жетишпеген турмушта жашап, бала чагынан оор жумуштарды жасоого аргасыз (Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, учурда Кыргызстанда 2,5 миллиондон ашык 18 жашка чейинки бала бар). 14 жашка чейинки балдардын 70% зомбулуктун ар кайсы түрүнөн жапа чегип келет. ЮНИСЕФ балдар фондунун 2018-жылкы иликтөөсүндө өлкөдө 280 миңдей бала ата-эненин көзөмөлү жок, камкордуктан тышкары өсүп жатканы айтылган.

Эки жыл мурунку жүргүзүлгөн иликтөөдө суицидге барган өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү мигранттардын балдары экени белгилүү болгон дейт мигранттардын балдарынын укугун коргоп жүргөн активист Зейнеп Эшмуратова.

"Пандемия маалында биз өз жанын кыйган өспүрүм балдардын өлүмүн иликтедик. Он беш чакты бала өмүрүн кыйса, дээрлик баары мигранттардын балдары болуп чыкты".

Эшмуратова балдар менен иштеген мамлекеттик органдарды күчтөндүрбөсө, көйгөй жылдан жылга курчуп баратканын белгиледи.

“Бүгүнкү күнү мигранттардын балдары аябай оор абалда. Алардын тамагы белен, кийими бүтүн болгону менен, ата-эне мээриминен, тарбиясынан өксүк болуп жатышат. Алысыраак туугандарынын же жатак мектептерге калтырылган балдардын укугун ким талашат? Мамлекет! Балдар менен иштеген мамлекеттик органдар! Ошондуктан, алардын ишин күчтөндүрүү керек. Социалдык кызматкерлердин макамын жогорулатып, ыйгарым укуктарын кеңейтүү абзел. Балдарга зомбулукту алдын алуу үчүн жер-жерлердеги бийликке жоопкерчилик жүктөлүшү керек. Мисалы, айыл аймактардын кызматкерлерине, мектептеги жооптуу мугалимдерге тапшырма берилип, алар ошол аймактагы балдарды карап, пландуу иш жүргүзүүгө тийиш".

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда 2022-жылдын алгачкы 1,5 айында эле балдарга карата зомбулук былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу дээрлик 48% көбөйгөнүн маалымдаган. Жашы жете электерге зомбулук көрсөткөндөрдүн 60% ашыгы өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрү болсо, калганы бейтааныш адамдар. Көчөт кыздарды зордуктоо фактысы жалпы зомбулуктун 30% ашыгын түзөт.

Өкмөттүк чаралар

Акыркы жылдары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мектеп мугалимдери менен чогуу мигранттардын балдарын тактоо, алардын жашоо-шарттары менен таанышуу милдетин алган.

"Биз жыл сайын бир нече жолу кайсы үйдө мигранттын балдары бар, алар үй ээлерине кандайча туугандыгы бар, эгер мигранттын кызы болсо, ал үйдө аны менен чогуу жашаган эркектерди өзүнчө тизмектеп, паспортторунун көчүрмөлөрүн алып, толук маалымат чогултканбыз. Бул маалыматтар жыл сайын алмашып турат. Анткени айрым балдарды ата-энелери алып кетет, кээ бир үйлөргө тескерисинче, дагы жаңы мигрант балдар келишет дегендей. Бир нече жолу барып, балдарга мамиле жана башкаларына көзөмөл кылып турабыз",- деди Кара-Суу районундагы мектептердин биринде соцпедагог болуп иштеген Элмира Алматова.

2020-жылы ошол кезде эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп турган Улукбек Кочкоров парламент жыйынында, Кыргызстанда бүгүнкү күндө чет жакка мигрант болуп кеткендердин алты миңдей баласы аларга эч кандай тууганчылыгы жок адамдардын колунда жашап жатканын билдирген.

​"Таштап коюп эле кетип калып жатышат. 106 миң баланын 5600ү эч тууганчылыгы жок адамдарга – кошунасына, классташына же башкаларга калтырылган. Балдардын укуктарын коргойлу десек, аларга 1-июнда балмуздак алып бербестен, системалуу түрдө жер-жерлерде укуктарын коргой турган кызматтарды түзүшүбүз зарыл. 106 миң баланын ичинен төрт бала биз каттоого алгандан кийин үй-бүлөлүк зомбулуктан каза болду. Мисалы, Кара-Сууда 57 миң балага бир кызматкер. Ал кайсы бирине жетишет?",- деген эле Кочкоров.

"Апа, сени сагындым"...
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:29 0:00

Дагы бир чара катары Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга кетердин алдында кабыл алган Балдар кодекси тууралуу мыйзам долбоорун айтса болот. Анда ата-энелердин жоопкерчилиги, баланы социалдык коргоонун механизмдери, жардамга муктаж балдарды аныктап, карап туруу жолдору күчөтүлгөн.

Ошондой эле балдарын туугандарга же тааныштарга калтырып, сыртка миграцияга чыгып бараткан ата-энелерден баланы убактылуу кароого бир тарапка расмий ишеним кат толтурууга милдеттендирүү жобосу киргизилген. Үч жашка чейин балдарды чоочун адамдарга таштоого тыюу салынып, тиешелүү административдик чаралар каралган.

Макаланын аудиосун бул жерден угуңуз:
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:31 0:00

Миграцияга мажбурлаган жакырчылык

Кыргызстанда жакырчылыктын айынан жумуш издеп, чет мамлекеттерге чыгып кеткен жарандардын саны миллиондон ашык деп айтылып жүрөт.

Кыргызстанда жакырчылык деңгээли региондо жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогору бойдон калууда. Кыргызстандын калкынын үчтөн экиси айылда жашайт. 2020-жылы 1 млн. 678 миң киши жакырчылык чегинен төмөн деңгээлде болгон, мунун 73,7% – элеттиктер. Миграциянын күчтүү агымы дагы өлкөнүн элет жеринде.

Маектешибиз Жайнагүл эки кызын чоң энесине калтырып, Москвага иштегени кеткен учурларын эстесе азыр да көзүнө жаш тегеренет.

"Азыр ойлосом, аябай жаман болуп кетем. Менин эки кызым чоң энесинин колунда калышты. Кичүүсү ошондо 8 айлык эле. Атасы экөөбүз Москвада иштеп, аларды толук камсыздап, үй-жай кылып алалы деген максатта иштеп жүрдүк. Бирок алар түшүмө киргенде көзүмө акча да, байлык да көрүнбөй, аябай кыйналып, кадимкидей ооруп калчумун. Сүрөттөрүн көрүп, видео аркылуу сүйлөшүп турсак да, ортодогу сагыныч, куса таркабайт. Түндө жатып алып, күйөөмө билдирбей, ыйлап жүрдүм".

Иллюстрация. Ата-энеси миграцияда жүргөн бүлөнүн балдары. Баткен, 2019-жыл.
Иллюстрация. Ата-энеси миграцияда жүргөн бүлөнүн балдары. Баткен, 2019-жыл.

Жайнагүлдүн айтымында, балдарды туугандарга таштап, чет жакка кетүү ата-эне үчүн эң оор жана аргасыз чечим. Акыркы жылдары мигранттардын арасында балдарын өздөрү менен кошо алып кеткен же тескерисинче, чет жактардагы жумушун жыйнаштырып коюп, балдарына келе берген ата-энелер да бар.

"Балдарды туугандарга калтырып, чет өлкөгө иштеп кетүү ата-энеге да оор. Балаң жер тепкилеп ыйлап, ээрчигенде дүйнөң аңтарылып, өзүңдү коерго жер таппай каласың. Байкуш балдарым асмандагы учакты көрсө деле, сыртка машине келип токтосо эле, "атам-апам келиштиби" деп чуркап, үмүт менен күн санап жүрүшкөнүн укканда не кылышты билбей, ыйлачу элем. Биз миграцияда жүргөн учурда улуу кызым мектепке барды. Ал мага "апа, бизде Жаңы жыл майрамы болду, тиги кыздын апасы келди, чачын өрүп берди, шоколад сатып берди, сиз дагы келиңизчи" деп айтканы жүрөгүмдү тилип жиберчү. Аягында баарын жыйыштырып, "тирилигим өтпөсө койсун, балдарымдын жанында болоюн" деп келе бердим. Өлбөгөн оокат бул жакта деле өтүп жатат. Баланы бизге жараткан аманат кылып берет экен, аларга кам көрүш да биздин милдет".

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин ички дүң өнүмүнүн 35% сыртта жүргөн мигранттар которгон акча түзөт. Улуттук банктын маалыматына караганда, 2021-жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2,7 млрд. доллардан ашуун каражат которгон. Кыргызстан мигранттардын жиберген акчасына көз каранды өлкө экенин бийлик деле моюнга алат.

Бирок миграция кеспетинин масштабын азыр толук аңдап сезе элек сыяктуу...

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG