Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:29

Кыргызстанда бай-кедей ортосундагы ажырым тереңдедиби?


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку жылдарда Кыргызстанда калктын эң бай жана эң жакыр катмардын ортосундагы айырма азайып бараткан эле. Бирок каатчылык мезгилдерде боло келгендей эле, пандемия убагында теңсиздик кайра күчөдү. Азыр калктын бардык кирешелеринин дээрлик тең жарымы 20 пайызды түзгөн байлардын колуна топтолгон.

“Он жылга артка кетебиз”

Улуттук статкомдун адистери жүргүзгөн иргеме иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, 2021-жылы калктын акчалай кирешеси жалпысынан 542 млрд. сомду түзгөн. Айына бөлгөндө - киши башына 6 267 сом туура келет. Бул көрсөткүчтү кайсыл бир жумушта иштеген жарандар гана ала турган орточо маяна менен чаташтырбоо керек. Акчалай киреше дегенде айлык акыны эле эмес, бардык тургундардын алган жалпы кирешесин айтабыз.

Ар кайсы катмарлардын кирешесиндеги ажырымды аныктоо үчүн статистиктер калкты квинтилдик коэффициент боюнча беш топко бөлүшөт. Биринчи топко тургундардын эң аз кирешелүү 20%, бешинчиге – эң көп кирешелүү 20% кирет.

2020-жылы эң бай катмар жалпы калктын болгон кирешесинин 41,6 пайызын алган. 2021-жылы бул көрсөткүч 43,9% жетти.

“Ажырымдын тереңдешине коронавирус пандемиясы өтө чоң таасирин тийгизди. Анткени калктын бейформал жумуш секторундагы бөлүгү, б.а. убактылуу иштегендиктен туруктуу кирешеге ээ болбогондор жабыркады”, - деп түшүндүрдү жагдайды “Азаттыктын” кабарчысына социология илимдеринин кандидаты Самар Сыргабаев.

Бир караганда аз эле өзгөрүү коомдогу теңсиздиктин өсүшүнө кыйла катуу таасир этет. 2020-жылы эле Кыргызстанда жакырчылык 20,1 пайыздан 25,3% өсүп кетти. 2021- 2022-жылдар боюнча маалыматтар азырынча тактала элек. Бирок эксперттер кырдаал огобетер оорлойт деп болжоп жатат.

"Кыргызстандын ар төртүнчү тургуну жакырчылык чегинен төмөн деңгээлде жашайт. 2022-жылдын аягына чейин инфляциянын айынан мындай адамдардын катышы 35 же атүгүл 38% чоңоюп кетиши ыктымал”, - деп эскертти БУУнун жакырчылык маселелери боюнча баяндамачысы Оливье де Шуттер. Анын сөзүнө караганда, бул жагдайдан улам өлкөнүн өсүү абалы он жылга артка сүрүлүп калат.

Кыргызстанда жакырчылык деңгээли региондо жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогору бойдон калууда. Салыштырып карасак, кошуна Казакстанда расмий маалыматтарга ылайык, калктын 5,3% гана кедей болуп саналат.

Кыргызстандын кээ бир аймактарында жакырчылык айрыкча оор. Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында калктын 35% жакырчылык чегинен төмөн деңгээлде жашайт.

Элеттиктердин абалына өзгөчө көӊүл буруу керек – бул жакта жакырчылык деңгээли (29,3%) шаардагыдан (18,3%) алда канча жогору. Бүткүл дүйнөдөгү шаарлашуу агымы күчөп жатса да, Кыргызстандын калкынын үчтөн экиси дагы эле айылда жашайт. 2020-жылы 1 млн. 678 миӊ киши жакырчылык чегинен төмөн деңгээлде болгон, мунун 73,7% – элеттиктер.

“Коомдо жарылуу болушу ыктымал”

Улуттук статкомдун маалыматтары ар кайсы топтордун кирешесиндеги айырманы гана көрсөтөт, бирок калктын катмарларынын макамын так аныктоо үчүн бул жетишсиздик кылат. Мисалы, кимдерди ортоӊку катмарга кошуу керектигин аныктаган улуттук стандарт жок. Бул темада тереӊ изилдөөлөр жүргүзүлбөгөн, ошондуктан атүгүл социологдор өздөрү да кыргызстандыктардын кедей, орто жана байлар болуп катмарлашуусун, ар бири калктын канчалык бөлүгүн түзөрүн даана элестете албайт.

Ошентсе да, коомдо катмарлашуу болуп жаткандыгы көрүнүп турат дейт социолог Самар Сыргабаев. Байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым азырынча өтө тереңдеп кете элек, бирок жашоо деңгээлиндеги айырманын чоңоюп бараткандыгына өзгөчө көңүл буруу зарыл, анткени мунун кесепети жаман деп эскертет адис:

"Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алганда, мунун кесепети оор. Бай жана кедей катмарлар ортосундагы ажырым тереңдеп, алардын мамилесин жумшарткыдай ортоңку катмар жок болгон шартта бул өтө кооптуу. Мындай коомдо саясий каатчылык, революция же жарандык каршылык болуп, саясий каатчылык жоюлбайт. Ошондуктан жалпы өнүгүү нугунда биздин коомдогу ортоңку катмардын калыптануусуна кам көрүү зарыл".

Бирок коомдун катмарлашуусу дүйнөлүк деӊгээлде болууда дейт социолог. Баардык өлкөлөрдө бай жана кедей таптар бар. Скандинавия жана Батыш Европадагы башка өлкөлөр Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жалпы байгерлик мамлекети деген ураанды жар салышкан, алар азыркыга чейин социал-демократизм саясатын жүргүзүп келишет. Бирок баары бир алар базар экономикасы жана капиталисттик мамилелер менен жашайт. Капиталисттик коомдо таптар жок, коом бир кылка болушу дегеле мүмкүн эмес.

Дүйнөдө адилеттик жок, кирешелер эч качан бирдей бөлүштүрүлбөйт деди ишкер Данияр Аманалиев “Медиа Топтоо-2022” форумунда. Ал адамдардын 10% дүйнө калкынын кирешесинин 52 пайызына ээлик кылат, калктын тең жарымы кирешенин 8,5% гана алат деген статистикалык эсепти келтирди.

Данияр Аманалиев.
Данияр Аманалиев.

“Бирок бул акча агымы гана. Эгер байлык, мүлк, активдер жөнүндө сөз кылсак, анда дүйнөдөгү 10% түзгөн эң бай адамдар болгон байлыктын 76% кармап турат. Акчага сатылгыдай нерселердин баарынын 76% адамдардын 10% гана таандык. Жалпы калктын 50% дүйнөдөгү байлыктын 2% гана ээлейт. Кыргызстанды эске алсак, калктын көпчүлүк бөлүгү кыйла төмөндө турат. Биз дүйнөдөгү эң кедей өлкөлөрдүн катарындабыз, ошондуктан кескин өсүшкө муктажбыз”, - деп эсептейт Аманалиев.

“Карапайым калайыкка камкордук кылуу керек”

Өлкө жетекчилери калктын байгерлиги тууралуу сөз болгондо бюджеттен айлык алуучулардын маянасын, ошондой эле пенсия жана жөлөкпулдарды көтөрүү жөнүндө көп айтышат. Мисалы, апрелде Министрлер кабинети бюджеттеги кызматкерлердин эмгек акысы “эң чоӊ өлчөмдө” көтөрүлөрүн билдирди. Бул багытка бюджеттен 26 млрд. сом кошумча иретинде бөлүндү.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров жыл сайын мугалимдер менен догдурлардын айлыгын 20% көтөрүп турууну убада кылды. Октябрда пенсиялар сезилерлик өлчөмдө жогорулайт деп күтүшүүдө.

“Мамлекеттин экономикалык саясаттагы башкы максаты калктын байгерлигин жогорулатуу болууга тийиш, - дейт Самар Сыргабаев. – Бирок мамлекет ортоңку тапты калыптандыруу керектигин атайын максат кылганын уга элекмин”.

Ошентсе да, 2021-жылдын аягында президент Садыр Жапаров бийликтин саясаты жакырлардын санын азайтып, ортоңку катмарды калыңдатууга багытталышы керек деген эле.

“Биз көп сандаган жөнөкөй адамдарга жардам берүүнү каалайбыз. Биздин максат - өлкөдө байгер жашаган адамдардын санын арттыруу”.

Бул максатка жетишүү үчүн калктын эң аялуу катмарларын даректүү колдоого басым жасалды деген эле президент.

Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук программа боюнча Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтү аяктаган кезде жакырчылык деңгээли кайрадан пандемияга чейинки, 2019-жылдагы болгондо 20% кыскартылууга тийиш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG