Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

ЕАЭБ соодада доллар менен еврону азайткысы келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чолпон-Ата шаарында 26-августта өткөн Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өкмөт башчыларынын жыйынында ич ара соода жүгүртүүдө мүчө мамлекеттердин улуттук валюталарынын үлүшүн көбөйтүү сунушталды.

Евразия экономикалык комиссиянын маалыматында, кыргыз сомунун ЕАЭБдин соода жүгүртүүсүндөгү үлүшү эки жылдан бери 0% түзөт. Улуттук валютанын көлөмүн көбөйтүү кандай ишке ашат жана анын өлкөгө пайдасы кандай?

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЕАЭБ соода-сатык алакасында мүчө мамлекеттердин улуттук валютасын колдонууну көбөйтүү сунушуна токтолду.

Жапаров бул багытта маселелер талкууланып, биримдиктеги мүчө мамлекеттердин улуттук валюта төлөм карталарын камсыздоо боюнча иштер аныкталганын белгиледи.

“Биз бүгүнкү реалдуулуктун актуалдуу темасы болгон - соода жүгүртүүдө улуттук валютаны колдонууну өнүктүрүүнү талкууладык. Биз улуттук валютада соодалашуунун деталдуу негизги багыттарын жана анын ишке ашырылган индикаторлорун талкууладык. Бул сунуштарды ишке ашыруу жана анын натыйжасы интеграцияда улуттук экономиканын жана макроэкономиканын туруктуулугун жогорулатат деп ишенем”, - деди Жапаров.

Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов дагы бул маселени талкуулоо керектигин кыскача айтып өттү.

Буга чейин Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн товар жүгүртүүсүндөгү эсептешүүлөрдө мамлекеттердин улуттук валютасынын көлөмүн көбөйтүүнү талкуулоону сунуштаган. Ал өкмөт башчыларынын саммитинде буларды айтты:

“Улуттук валюталар тийиштүү келишимдерде колдонулушу керек. Учурда келишимдер туруктуу, резерв валюталар доллар, евро, юань жана башка валюталар менен ишке ашырылат. Ал эми эсептешүү улуттук валюта менен жүргүзүлөт. Туруктуу валюта менен алмашуу курсунан улам көйгөлөр пайда болууда. Анын ичинде инфляцияга терс таасирин тийгизип жатат”, - деди ал.

Самиттин жыйынтыгында кол коюлган документтердин арасында – “Товар жүгүртүүдөгү эсептешүүлөрдө Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн улуттук валютасын колдонууну кеңейтүү боюнча иштер” жөнүндө буйрук дагы бар.

Орусиялык РБК басылмасы 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында талкуулануучу негизги темалардын бири катары уюмдун ичинде соода жүгүртүүдө өлкөлөрдүн улуттук валютасынын үлүшүн көбөйтүү талкууланарын саммитке чейин жазып чыккан. Анда токтом долбоорун Орусия даярдап, сунуштардын бир катары SWIFT системасы жок эсептешүү мүмкүнчүлүгү каралганы жазылган.

Евразия экономикалык комиссиянын маалыматына таянсак, ЕАЭБдин өз ара соода эсептешүүсүндө сомдун үлүшү 2018-2019-жылдары гана 0,1% түзгөн.

2021-жылды алсак, соода эсептешүү биримдиктин ичинде 71% орус рубли менен болгон. Беларус рубли 0.2%, казак тенгеси 1,4% түзгөн. Армян акчасы (драма) менен кыргыз сому 0%. Ал эми 19,5% АКШ доллары, евро 6,1% болгон.

Башкача айтканда, учурда ЕАЭБ товар соодалашууда мүчө өлкөлөрдүн улуттук валютасынын пайызын көбөйтүп, доллар, еврону азайтуу аракети десек болот.

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев кандай гана экономикалык союз болбосун жасалма жол менен кайсы бир валютанын соода рыногундагы үлүшүн жасалма көбөйтүү ишке ашпай турганын белгилейт. Ал демилгенин төркүнүн мындайча божомолдойт.

“Орусия азыр дүйнө менен согушуп, изоляцияга баратат. Бул өздөрүн дагы, башкаларды дагы убара кылган саясат. Мен документти толук окубагандан кийин шарттарын, негизин билбей турам. Бирок, доллар, евронун үлүшүн азайтуу деген келечектүү иш эмес. Ал валюталарды сүрүп чыгаруу болсо анда элге, экономикага кыйын болуп калат”, - деди Үмөталиев.

Азырынча ЕАЭБ товар соодалашууда мүчө өлкөлөрдүн улуттук валютасынын пайызын көбөйтүү маселесинин деталдары белгилүү боло элек. Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.

2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат. Евразия экономикалык биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG