Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Орусия миграциялык каттоо талабын күчөттүбү?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиядагы кыргызстандыктар үч айлык убактылуу миграциялык каттоого турушу керек деген маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги четке какты. Мунун алдында мигранттар каттоого туруу татаалдашканын, 3-сентябрдан тарта каттоосу жоктор "кара тизмеге" киргизилерин айтып чыгышкан.

Москвада бир нече жылдан бери курьер болуп иштеп жүргөн кыргызстандык Айтмырза Садыков убактылуу миграциялык каттоого ортомчу фирмалар аркылуу турган. Ал өзү Москвада башка мигранттар сыяктуу эле улам батир алмаштырып, бирок каттоосу башка даректе.

"Чынын айтсам, мен каттоого турган даректе турак жай эмес, бир ишкана жайгашыптыр. Бирок буга чейин деле каттообузду текшергенде базадан аты-жөнүм чыгып, көйгөйү жок жүргөм. Бирок 10-августта үйгө баратсам, көчөдөн полиция кармады. Беш-алтообузду кармашты, экөөбүз кыргызcтандык элек. Менин каттоомду текшерсе, базада жок болуп чыкты. "Сотко жиберебиз, депортация болосуңар" деп коркутуп, 4 миң рублден акча сурашты. Кармалгандардын баары 2,5 миң рубль берип чыктык. Бирок бизге эскертүү берип, "миграциялык картаңарды жаңырткыла, сыртка чыгып келгиле, мындан ары дагы катаалдашат" деп коё беришти. Эми азыр сыртка чыгыштын эң арзаны эле Казакстан болуп жатат. Ал да биз үчүн кымбат. Барып келишиңе эле 10 миң рублден ашыкча акча кетет. Сыртка чыккандан кийин кайра кирбей калуу коркунучу дагы бар. Анткени мурунку беткап тагуу эрежесин бузганы же дагы бир иши үчүн айыпка жыгылып, аны учурунда төлөбөй калгандарды киргизбей коюп жатыптыр. Анан да сыртка чыгып келгенден кийин кайра каттоого туруш кыйын болуп жатат".

Орусиядагы кыргызстандыктар өздөрүн миграциялык каттоого ортомчу ишканалар аркылуу турганын, алардын көбү ишкана, мончо жана башка ушул сыяктуу имараттардын дарегине катталганын айтышат. Эми орус өкмөтү миграциялык каттоого турууну мыйзамдаштыруу үчүн турак жайдан башка имараттардын дарегине жазылган мигранттардын каттоосун жокко чыгарып жатканын да белгилешти.

Москвадагы кыргызстандыктардын "Ноокат" коомунун төрагасы Толкунбай Акматов буга чейин кыргызстандыктардын миграциялык каттоосу жалпысынан ортомчу ишканаларга, ортомчу адамдар аркылуу убактылуу катталып келгенин айтты.

Толкунбай Акматов.
Толкунбай Акматов.

"Ал ортомчулар бир күндүк жасалма фирмалар аркылуу мигрантка эмгек келишимин түзүшчү жана ошол мекемеге, ишканага, түрдүү курулуштарга, эч ким жашабаган эски үйлөргө, атүгүл мончолорго деле мигранттарды каттоого коё беришкен. Бир жылдык убактылуу каттоого коюу акысына 5 миң рублден өйдө алышчу. Андай каттоого жүз миңдеген кыргызстандык жарандар турган. Мекендештерибиздин жалпы санынан 10% гана турак-үйлөргө катталган десем жаңылышпаймын. Эми орус бийлиги андай мекеме-ишканаларга, белгисиз даректерге убактылуу каттоонун баарын жокко чыгарып, мыйзамдуу түрдө каттоого тургула деген талап менен, мигранттардын каттоосун базадан чыгарып салган. Миңдеген адамдар чыгып калышты, алардын көпчүлүгү өздөрүнүн базадан чыгып калышканын билишпейт дагы. Мыйзамдаштыргыла деген туура эле талап коюлуп жатат. Бирок кантип деген суроого жооп жок".

Толкунбай Акматовдун айтымында, катардагы мигранттар убактылуу каттоосун мыйзамдаштыруунун жолдорун билбейт. Ошондуктан алар Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылып, маселени чечүүнү өтүнүп, элчи Гүлнара-Клара Самат менен жолугушууну талап кылышкан. Бирок 14-августта өткөн жолугушууга элчи катышпаганы мигранттарды нааразы кылган. Алардын бири Назира Акбаралиева көйгөй олуттуу экенин, аны мигранттар өз алдына чече албай турганын айтып, буга мамлекет кийлигишүүсү керек дейт.

Назира Акбаралиева.
Назира Акбаралиева.

"Каттоосу жокко чыгарылып калган кыргызстандык мигранттарды полиция 5 миң рублден жаза айып салып же полиция бөлүмүнө алып барып, андан ары депортация кылуу үчүн Сахароводогу миграция борборуна камап койгон учурлар болууда. Бир айдан бери бул чоң көйгөй болуп жатат. Муну мигранттар чече албайт, мамлекеттик деңгээлде чечилет. Тышкы иштер министрлиги, мамлекет башчылары чече турган маселе. Аларга бул көйгөйдү элчи жеткире алмак. Бирок жолугушууга элчи айым катышкан жок. Москвадагы консул жана дагы 1-2 юрист "сыртка чыгып келип, кайра турак-жайларга каттоого тургула" дегенден башка сунуш-кеңеш айта алышкан жок. Элчи айым өзү жолугушууга келип, мигранттардын көйгөйүн угуп, аны жетекчилерибизге жеткирсе аябай жакшы болмок. Анткени бул элчиликтин колунан келбейт".

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова элчи Гүлнара-Клара Саматтын жыйынга катышпаганын төмөнкүчө түшүндүрдү.

"Бул көйгөй Москва шаарында, консулдук маселелер болгондуктан, жолугушуу консулдун катышуусунда пландалган. Ал жолугушууга элчинин катышары алдын ала мерчемделген эмес".

ТИМдин жообу

Бул арада Кыргызстандын элчилиги Орусиядагы кыргызстандык мигранттар үч айлык миграциялык каттоого турушу керектиги тууралуу маалыматты четке какты. Дипломатиялык мекеменин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова "Азаттыкка" билдиргендей, кыргызстандыктар Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөнүн жараны катары жеңилдиктерге ээ.

Назгүл Жусубакунова.
Назгүл Жусубакунова.

"Кыргызстандык жарандар Орусияга кирген убактан тартып 30 күндүн ичинде жашаган жеринде эмгек келишимдин негизинде бир жылдык мөөнөткө миграциялык каттоого тура алат. Мындан улам "кирди-чыкты" жол-жобосун жүргүзүүгө негиз жок. Социалдык түйүндөрдө Орусияда үч айга миграциялык каттоого туруу талабы бар мыйзам кабыл алынганы, анын негизинде Кыргызстандын жарандары 3-сентябрга чейин "кирди-чыкты" жол-жобосун кылышы керектиги тууралуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт".

Элчилик ортомчу фирмалар аркылуу мекеме-ишканаларга убактылуу каттоого тургузулуп, бирок анысы акыркы убактарда Орусиянын миграциялык каттоо базасынан өчүрүлгөн мигранттарга өздөрү жашаган турак жайларга каттоого туруу сунушун берүү менен чектелүүдө.

Бирок мигранттар бул сунушту аткаруу оңой болбосун белгилеп, кырдаал өзгөрбөсө, 3-сентябрдан кийин мекенге кайтууга аргасыз болгондор жана депортациялангандар кескин көбөйөрүн эскертишүүдө.

"Турак үйгө каттоого туруу аябай татаал"

Орусияда иштеген Назира Акбаралиеванын айтымында, Москва жана башка ири шаарларда бир батирде кеминде 15-20дан мигрант жашайт. Бирок муну айрым батыр ээлери өздөрү да билбейт. Билсе да алардын баарын үйүнө каттоого коюп, көп салык төлөгүсү келбейт. Орусиядан үй алган кыргызстандыктардын айрымдары болсо 5-10 миң рубль алып, каттоого коюп жатат дейт.

"Мигранттарга аябай кыйын кырдаал түзүлүп калды. Турак жайдын ээлеринин ашып барса 15-20% гана каттоого коюуга макул болушу мүмкүн. Бирок көпчүлүк орусиялыктар салык төлөбөө үчүн каттоого койбойт. Биздин мамлекет башчылар Орусиянын бийлиги менен сүйлөшүп, мигранттарды мурдагыдай эле юридикалык жактарга - мекеме, ишканаларга каттоого коюуга уруксат берүүсүн сурашы керек".

Мигранттар жашаган батир. Москва. Иллюстрациялык сүрөт.
Мигранттар жашаган батир. Москва. Иллюстрациялык сүрөт.

ЕАЭБ берген жеңилдик

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы толук кандуу мүчө болуп кирген. Ошол кездеги кыргыз өкмөтү мындан ары Орусияда, Казакстанда иштеген кыргызстандык мигранттар үчүн бир топ жеңилдиктер болорун айткан эле.

ЕАЭБдин жоболоруна ылайык, Кыргызстандан барган мигранттар Орусияга кирген убактан тартып 30 күндүн ичинде жашаган жеринде эмгек келишимдин негизинде бир жылдык мөөнөткө миграциялык каттоого тура алат. Мигранттар эмгек келишиминин мыйзамдуулугуна жараша миграциялык каттоосун каалаган мөөнөткө узартса болот.

Кыргызстандыктар үчүн Орусияда иштөөгө уруксат кагаз талап кылынбайт. Кыргызстандан алган айдоочулук күбөлүгү менен унаа айдай алат жана ишкерлик кылуу укугу да берилген.

Буга чейин эмгек келишими так болбогон мигранттар 5 миң рубль жаза айып төлөп, кайрадан талапка жооп берген эмгек келишиминин негизинде гана миграциялык каттоого тура алчу. Акыркы катаалдашкан жоболорго ылайык, базадан чыгарылган мигранттарга 3-сентябрга чейин эмгек келишимдерин мыйзамдаштыруу жана мыйзамдуу турдө турак жайга каттоого туруусу талап кылынууда. Кыргызстандык диаспоралардын борбору маалымдагандай, ортомчу фирмалар аркылуу юридикалык тараптарга каттоого коюлган кыргызстандык мигранттардын саны жүз миңдеп саналат.

Ушул тушта расмий маалыматка ылайык, Орусияда бир миллиондон ашык кыргыз жараны жашап, иштеп жүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, 2021-жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2,7 млрд. доллардан ашуун каражат которгон. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 16% көп. Акча которуулардын 97% Орусияга туура келет.

Улуттук банктын акча которуу тууралуу отчетуна ылайык, ушул жылдын январь-май айларында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 1 миллиард 30,4 миллион доллар которулган. Бул сумманын 981,5 миллион доллары Орусиядан келген.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG