Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:24

Санарип бажы: Коррупция менен аткезчиликтин жолу кантип бөгөлөт?


Чек арадагы бажы көзөмөлү. Иллюстрация сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажы тармагы толук санариптешүүгө өтүп, аткезчиликке каршы чаралар жолго салынганын жарыялады.

Ошол эле кезде ал 2022-жылы бажы кызматы 24 млрд. сомго планды аткара албай калганын белгиледи. Анткен менен депутаттар жана саясатчылар бажыдагы "күңүрт чийимдер" дагы деле иштеп жатканын, бажы жетекчилери улам алмаштырылып, аткезчилик агымдарын көмүскө көзөмөлдөө өнөкөтү күчүндө экени айтылууда. Айрым адистер бажынын ачык-айкын реформалоо үчүн жалгыз эле техникалык жабдууларды орнотуу жетишсиз болорун белгилейт.

Онлайн видео байкоо. Сканердик бажы көзөмөлү

Жогорку Кеңешке 2021-2022-жылдардагы республикалык бюджеттин аткарылышын жана 2023-жылдын бюджет долбоорун кароого алып келген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик казынаны толтуруу үчүн аткезчиликти ооздуктап, бажы төлөмдөрүнүн көлөмүн көбөйтүүгө басым жасады.

Акылбек Жапаров бажыканаларда жүк ташуучу автоунааларды сканерден өткөрүп, алардын кыймылын онлайн көргөзүп турган видеобайкоо аппараттары менен жабдылып, натыйжада бажы төлөмдөрүн чогултуу тартипке салынганын билдирди.

"Бажыдан өтүп жаткан ар бир машине каттоодон өтөт. Бажы көзөмөлүнөн өткөрүүдө убактысын созуп, көбүрөөк кармаса, анда онлайн түрүндө көрүнүп турат. Буга жол берген бажычы жазасын алат. Бул жерден санариптешүү бизге чоң жардам бере баштады. Биз бүгүн салмак жагынан чек аралаш өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү менен теңдештик, биринчи кезекте Кытай менен. Эми товарлардын баалары боюнча дагы теңдештирүүгө аракет жасап жатабыз. Мындан өлкөгө аткезчилик менен кирген жана контрафактылык товарлардын агымы кыскарат. Элибиздин саламаттыгына түздөн түз таасир этип жаткан сапатсыз, арзан, мөөнөтү өтүп кеткен жана аткезчилик менен кирген товарлар мындан ары Кыргызстанга кирбей калат. Биз бажы көзөмөлүн жүргүзүүдө системалардын бардыгын ачык-айкындуулукка жеткирүүгө аракет кылып жатабыз".

Анткен менен Кыргызстандагы ЕАЭБнин тышкы чек араларында, тагыраагы Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен жерлердеги бажы өткөрмөлөрүндө жүк ташуучу машинелерди бажы көзөмөлүнөн өткөргөн видео байкоо жабдууларын орнотуп, жүктөрдү сканерлеп текшерүү натыйжалуу жыйынтык берерине ишенбегендер да бар.

"Видео камераларды эмес, системаны орнотуу маанилүү"

Көз карандысыз экономист Руслан Акматбек маселе техникалык жабдууларда эместигин, бажы тармагы кардиналдуу өзгөртүүгө муктаж экенин айтты.

"Негизи бажы тармагы, жол коопсуздук кызматы сыяктуу укук коргоо жана фискалдык органдар азыр системдүү өзгөрүүгө муктаж. Бул иште видеокамералар жөнөкөй эле көмөк берип, техникалык жактан колдоо көрсөтө алат. Бардык өлкөлөрдө эле ушундай. Ал эми мына ошондой эле техникалык каражаттар аркылуу будамайлоонун толгон-токой жолдору бар. Мында кадрдык саясаттан баштап, аткезчиликти ооздуктай турган механизмдер, иш алып баруу принциптери, баалуулуктар киргизилиши кажет. Азыр мына ошолордун бардыгы мурдагыдай эле калды да. Бул тармакта системалуу өзгөртүүгө алып келген реформа болгон жок. Ошондуктан видео байкоочу камералар аркылуу гана жыйынтыкка жетишүү кыйын".

Өтүп бараткан 2022-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө Мамлекеттик бажы кызматына 98,5 млрд. сом жыйноо планы коюлган. Бирок бажы тармагы 2022-жылдын өткөн он айында болгону 59,1 млрд. сом чогулткан. Министрлер кабинети быйылкы жылдын соңуна чейин бажы кызматы муну 73,7 млрд. сомго жеткирет деген ишенимде. Ошондо дагы бажыдан түшчү төлөмдөр 24,8 млрд. сомго аз топтолуп, план дээрлик 25% аткарылбай калып жатканы айтылды.

Акылбек Жапаров бажы кызматы быйылкы жылдын планын аткарбай, тиешелүү көлөмдөгү акчаны чогулта албай жаткан себептерине токтолду:

"Туура, быйыл 24,8 млрд. сом түшпөй калып жатат. Анын объективдүү себептерин айтып берейин. Субъективдүү себептери дагы бар. Орусия менен Беларуска кирген санкциялык чаралардан улам, ЕАЭБ алкагында 7,7 млрд. сом бизге түшпөй калды. Ошондой эле өндүрүштү колдоо максатында биз 1300дөн ашуун товардын импортун бажы төлөмдөрүнөн бошотуп салганбыз. Ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн импортунан 18,7 млрд. сом кошумча нарк салыгы түшпөй калган. Анын ичинде COVID-19 илдетине байланыштуу карантиндик чараларды ушул кезге чейин кармап келе жаткан Кытай мамлекети да бар. Бажы бекеттеринен кирчү Кытай товарларынын импорту кескин азайып кетти".

Былтыр жаңы жылдан кийин 20-январда мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына кайра дайындалган Самат Исабеков өткөн 2020-жылдан бери бул кызматка экинчи ирет келип, иштеп жатканы белгилүү.

Жетекчилер алмашкандагы көрсөткүчтөр

Жогорку Кеңештин "Мекенчил" тобунан депутат Айбек Алтынбеков Исабеков бажыны жетектөөгө келген эки учурда тең казынага бажы төлөмдөрүн чогултуунун деңгээли кескин түшүп кеткен учурларды талдап чыкканын мисал келтирип, Акылбек Жапаровго суроо узатты:

"Азыркы учурда Самат Сатаровичтин иш алып баруусунун айынанбы же башка себептери барбы? Сиздин тапшырмаңыз, бекитилген план аткарылбай калды. Буга чейинки бажынын жетекчилеринин план аткаруу ишмердигин карасак, Семетеевдин маалында план толугу менен аткарылган. Самат Исабеков келгенден кийин тез арада ылдый түшүп, план аткарылбай баштаган. Анан Сиз өзүңүз Адилет Кубанычбеков деген жигитти дайындаганда, анын учурунда дагы өсүш байкалган. Анан Самат Исабеков кайра бул кызматка келди. Ушул күнгө чейин коюлган план аткарылбай калып кетиптир. Бул адам Сизди укпай-тоготпой жатат же иштешин билбейт. Сизди тоготкон, иштей ала турган жетекчини алып барып, иштетишиңиз керек".

Ошол эле кезде Финансы министрлиги 2022-жылы мамлекеттик казынага бажы төлөмдөрү коюлган пландан аз чогултулган себебин орус-украин согушуна байланыштуу ЕАЭБ уюмунун алкагында бажы кирешесинин азайганы менен түшүндүрдү.

Мындан сырткары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Кытайдан жүктүн өтүшү азайганы, анын агымын Казакстан өзүнө тартып кетип жатканы менен байланыштырды:

"Бизге импорттук товарлардын көпчүлүгү негизинен Кытайдан келет. Бирок ал жактан жүктөрдүн келүү шарттары пандемиялык карантинге байланыштуу чектелип турат. Мунун айынан бизге кирген жүктүн агымы кыскарган. Ошондой эле жүктөрдүн агымынын көпчүлүгү Казакстанга өтүп кетип, мына ошол жак аркылуу бажы көзөмөлүнөн өткөрүлүп, бажы алымдары ал жакка түшүп жатканы себеп. Анткени бюджетти толтуруу үчүн биз бир белгиленген бажы тарифтерин кармап келе жатабыз. Ал эми ал жакта тарифтерди ылдыйлатып, бааларды түшүрүп, ошол эле кезде товарлардын агымын өздөрүнө буруп кетип жатканы тууралуу бизде бейрасмий маалыматтар бар".

"Тескери тенденция"

Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков бажыдан түшчү кирешенин кыскарышына негиз болду деген себептерди ынанымдуу деп эсептебейт.

"Орусияга киргизилген санкцияларга байланыштуу көптөгөң импорттук товарлар Кыргызстанга келип түшүп, анан биз аркылуу кайра Орусияга кирип жатканы белгилүү. Мындай шартта бажы алымдары көбөйүшү керек эле. Анткени автоунааларды эле алсак, бизге чет өлкөлөрдөн келип, кайра биз аркылуу Орусияга жиберилип жатат. Башка товарлар деле мына ошондой шартта кетип жатат. Мына ошол товарлардан бажы төлөмдөрү алынса, анда бюджетке түшчү акчанын көлөмү дагы көбөйүшү керек болчу",-деди Алимбеков.

Бажыны таратуу демилгеси

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте 2021-2022-жылдардагы бюджеттин аткарылышын, 2023-жылдын бюджетин бекитүү учурунда жаңы жылдан баштап, бардык тармактарда, анын ичинде бажыда кардиналдуу өзгөртүүлөр күтүлүп жатканын билдирди.

Акылбек Жапаров керек болсо, 1200 кызматкерден турган азыркы бажычылардын толук курамын таратып, бул мекемени аттестациялоо аркылуу кайра түзүү демилгеси бар экенин да белгиледи:

"Быйыл 20-декабрда бардык министрлердин, агентикттердин жетекчилеринин ишмердигин карап, алардын ишинин жыйынтыгын чыгарабыз. Бекитилген пландарын аткара албаган, президенттин, парламенттин жана менин тапшырмаларымды аткарбаган жетекчилер менен коштошобуз. Биз аларды "тууганым же жакыным" деп аяп олтурбайбыз. Мына ошонун ичинде бажы кызматы дагы бар. Кардиналдык түрдө реформаларды жасаганга эмдиги жылкыга даярданып жатабыз. Мен Садыр Нургожоевич менен да сүйлөштүм. Керекпи? Бир күндө бардык бажы тармагын таратып, алардын ордуна бажы тармагына жаңыдан окуу жайларын бүткөн кызматкерлерди сынак аркылуу жумушка алганга даярбыз".

2020-жылдын октябрынан бери бажы кызматында үч жетекчи алмашты. Аларга бажыдагы коррупцияны жоюу милдети тагылып, бирок 4-5 айдан гана иштеп, кызматынан кетишкен.

"Жаңы-Муун" кыймылынын лидери Мавлян Аскарбеков бажыда абал өзгөрбөй жатканын анда көп жылдардан бери калыптанган системанын тамырынан көрөт:

"Бүгүнкү күндө бажы тармагын ким карап жатат? Кимдин тууганы же кимдин баласы карап жатат? Бажыдан товарларды кантип жана кандай жолдор менен алып өтүп жатышат? Бажы тармагынын жетекчилери, орун басарлары жана жер-жерлердеги бажыкана башчылары эмне себептен улам-улам алмашып жатышат? Мына ошонун бардыгын көрүп, анан өкмөт башчысынын айтып жатканына кантип ишенсек болот? Муну бардык жетекчилер билишет. Бирок анын бардыгы айтылбайт".

Акылбек Жапаров дайындаган бажынын буга чейинки башчысы Адилет Кубанычбековду УКМК былтыр 17-январда коррупцияга шектелип кармалганын жарыялаган. Атайын кызмат Кубанычбеков сырттан товар импорттогон жеке компаниялардын кызыкчылыктарын коргоп, жеңилдик шарттарын түзүп бергенин жүйө келтирген. УКМКнын маалыматына ылайык, бажы тариздөө мыйзамдары бузулуп, пара алуу үчүн жашыруун чийимдер иштегени аныкталганы айтылган.

Мурдагы жетекчи Адилет Кубанычбеков 2021-жылы октябрда дайындалып, Министрлер кабинентинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңы жетекчини бажы төлөмдөрүн 2,5 эсе көбөйтүү тапшырмасы менен бул кызматка баратканын билдирген. Адилет Кубанычбеков бажыдагы күңүрт чийимдерди териштирип, аткезчилик агымдарын мыйзамдуу жолго салууну убада кылган. Ал 40 кызматкердин үстүнөн кызматтык териштирүү жүрүп, айрымдары жумуштан кеткенин айткан. Сот Кубанычбековду айыптуу деп таап, ага 1 млн. сом айып салган. УКМК ал тергөөдө айыпты моюнуна алып, келтирилген зыянды төлөп бергенин маалымдаган. Анын ордуна Самат Исабеков командасы менен былтыр январда бул кызматка кайтып келген.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев 2 жылдын ичинде бир эле жетекчилер эмнеге эле, улам бажы кызматына кайра дайындалып жатканына кызыкты:

"Сиз азыр бажы тармагында иштегендерди айдап, алардын ордуна башкаларын алып, бул кызматты кайра түзүү демилгесин көтөрүп жатасыз. Бирок сиз эки жылдан бери эле азыркы бажы кызматынын төрагасын, алардын орун басарларын улам-улам алып келип жатасыз. Ортосунда дагы бирөөн өзүңүз алып келе коюп, ал коррупцияга байланыштуу кармалып, соттолуп да кетти. Бажы тармагында алардан башка адис жокпу? Андан көрө, бажыдагы төрт башкармалыктын жана бажы кызматынын азыркы жетекчилеринин ишмердигин карап, аларды кызматынан алуу боюнча маселени карап чыксаңыз болот. Себеби былтыртан бери эле бажы алымдарын чогултуу планы аткарылбай калууда".

Кыргызстандын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн салыктык жана салыктык эмес кирешелер түзөт. Анын ичинде салыктардан жана бажы төлөмдөрүнөн түшкөн алымдар республикалык бюджетти толтура турган негизги булактар болуп саналат.

Кыргызстан Орусия баш болгон ЕАЭБ уюмуна киргенге чейин бажыдан түшкөн кирешелер республикалык бюджеттин 62 пайызына чейин жетип турган. Азыркы учурда казынанын негизги бөлүгүн салык чогултуудан түшкөн каражат түзөт. Кыргызстандын ЕАЭБ уюмундагы бажыдан түшкөн үлүшү 1,9% төлөмгө барабар. Бирок бул көрсөткүч жетиштүү бажы төлөмү чогулбагандыктан өткөн үч жылдан бери толук аткарылбай келе жатканы өкмөттүн отчетторунда белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG