Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:01

Мамлекеттик кызматтын чыгымы өстү


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекети. 2022-жыл. Иллюстрация.

Жогорку Кеңеш 2021-2022-жылкы республикалык бюджеттин аткарылышын жана 2023-жылдын бюджетин бекитүүнү кароого киришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл мурдагысына караганда салык чогултуу өскөнүн айтып, бирок Орусия менен Беларуска киргизилген санкциялардын айынан бажыдан 24 млрд. сом түшпөй калып жатканын билдирди. Ал эми депутаттар эки жылдын отчету аралашып кетип, сандар менен салыштырма көз боёмочулук болгонун сындашты. Ошол эле кезде Баш мыйзам кепилдик берген маяна-пенсия минималдык керектөө корзинасына жетпей, ал эми аткаруу бийлигинин, айрыкча президенттик администрациянын чыгымдары ашкере көбөйгөнү белгиленди.

"Сайраган" сандар: өсүш үстүнө, өсүш

Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча 2022-жылдын 10 айында республикалык бюджеттин кирешеси 211,1 млрд. сомду түздү. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырганда бюджеттин кирешеси 144,7% же 65,2 млрд. сомго көбөйгөнүн көрсөтөт. Өткөн жылы 187 млрд. сомду түзгөн.

Каржы министри Алмаз Бакетаев 2021-жылдын бюджетин аткаруудагы салыктык жана салыктык эмес түшүүлөрдүн көрсөткүчүнө токтолду:

"2020-жылдын көрсөткүчүнө караганда 2021-жылы жалпы кирешелер 52,8 млрд. сомго же болбосо 139% көбөйгөн. Мында 132,1 млрд. сом салык түшүп, план 99,5% аткарылган. Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешелери 85 млрд. 300 млн. сомду түзүп, план 101% аткарылган. Мамлекеттик бажы кызматы 46 млрд. 900 млн. сом өлчөмүндө бажы төлөмүн чогултуп, планды 96,9% толтурган. Атайын эсептерди эске алуу менен салыктык эмес түшүүлөр 41 млрд. 600 млн. сом болду. План 102,6% аткарылган".

Ошол эле кезде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2021-2022-жылдардагы республикалык бюджеттин аткарылышын жана 2023-жылдын бюджетин бекитүү боюнча жалпы баяндама жасады. Анда 2022-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү өткөн жылга салыштырмалуу канчалык өскөнү көрсөтүлдү.

Акылбек Жапаров киреше булактары эмненин эсебинен көбөйгөнүн эки жылдын эсептерин салыштырып, төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

"400 млрд. сом бюджеттин кирешесин кантип чогулттуңар, кайсы багыттарга пайдаландыңар деген суроолор болуп жатат. Биз былтыр бир айда орточо 17 млрд. сомдун тегерегинде акча чогултук. Быйыл орточо ай сайын 24 млрд сомдон чогултук. Бул былтыркыга караганда 7 млрд сомго көп. Бул акча эмненин эсебинен чогулду. Анын эң негизги өзөгүн фискалдаштыруу, санариптештирүү, коррупция менен күрөшүү жана бизнестин саясий калканчтарын жок кылуу менен жүргүзүлгөн аракеттер түздү. Бул реформалардын эң чоң бөлүгү".

Былтыр 2022-жылдын бюджетин бекитүү учурунда Акылбек Жапаров анын киреше бөлүгүн 400 млрд сомго жеткирип, алдыдагы үч жылда эки эселеп отуруп, жалпы бюджеттин киреше бөлүгүн 600 млрд сомго чейин көтөрүү планын жарыялаган болчу.

"Көрсөткүчтөрдү аралаштыруу - көздү будамайлоо"

Ал эми депутат Исхак Масалиев өкмөт башчысынын 2021-жылдын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышын 2020-жылга жана быйылкы 2022-жылга салыштырууну будамайлоо катары кабыл алды. Масалиевдин айтымында, отчет ар бир жыл боюнча өзүнчө берилиши керек.

"Биз азыр алгач 2021-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышын карап жатабыз, туурабы? Бул аны 2020-жылдын бюджети менен салыштыруу эмес. Бул баяндамага бардыгын кошуп алып, даңгыр келечек тууралуу гана сөз болуп жатат. Эгерде сиздин маалыматтар так жазылган болсо, анда "мыйзамда мындай жазылган, биз аны мына ошондой аткардык" десеңиз туура болот эле. Себеби 2021-жылы көптөгөн позиция боюнча жалаң "минуска" кеткен учурлар бар. Демек, биз буга баа беришибиз абзел. Ал эми аны андан мурунку жылга салыштырып, өсүштөрдү айтуунун кажети жок болчу. Сиз мына ушундай отчет берүү боюнча мыкты "адис" экениңизди билебиз".

Депутат Масалиевдин айтканын башка бир эл өкүлү Камила Талиева дагы колдоп, Акылбек Жапаровдун өткөн эки жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча баяндамасында бардык көрсөткүчтөр аралашып кеткендиктен аткаруу бийлигинин ишине баа берүү атайын татаалдашканын айтты:

"Бул жерде 2021-жылдын бюджетининин аткарылышы тууралуу сөз болуп жатабы, анда мына ошону системалуу түрдө толук айтып, отчет беришиңиз керек. Ар бир тармак боюнча айтышыңыз керек эле. Билем, сиз сандарды каалагандай "бийлете" аласыз. Бирок сиз азыр бардыгын кошуп, аралаштырып туруп, баарыбыздын башыбызды айлантып салдыңыз. Биздин күн тартип боюнча 2021-жылдын бюджетининин аткарылышы деп турат".

Жашоо минимумуна жетпеген пенсия

Статистикалык маалымат боюнча Кыргызстанда мыйзамга ылайык, 2022-жылдын экинчи жарымына карата жашоо минимуму же керектөөнүн эң төмөнкү өлчөмү жан башына 7 миң 318 сомго барабар. Ошол эле кезде пенсиянын эң аз өлчөмү азыр 2448 сомду түзөт. Баш мыйзамдын 44-беренесине ылайык пенсиянын, социалдык жөлөк пулдун эң аз өлчөмү мыйзам менен бекитилген жашоо минимумунан төмөн болбоого тийиш.

Депутат Дастан Бекешев эмдиги жылдан маяна менен пенсиянын эң аз өлчөмүн бекитилген жашоо минимумунун чегинен жогору бекитүү боюнча конституциялык кепилдиктин аткарылышына кызыкты:

"Баш мыйзамдын 44-беренесинин 2-бөлүгү 2023-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. 2021-жылы 11-апрелде 1 миллиондон ашуун биздин жаран мына ушул Баш мыйзамды колдоп, добуш берген. Алар пенсия менен маяна жашоо минимумунан кем болбой турганына ишенген. Акылбек Үсөнбекович, жаңы жылдан баштап пенсиянын, жөлөк пулдун эң аз өлчөмү кандай болот?"

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров республикалык бюджеттин дарамети бул конституциялык ченди аткарууга чамасы жетпестигин мурда эле айтканын, бирок азыр бул боюнча аракеттер жүрүп жатканын белгиледи:

"Баш мыйзамдагы аталган ченем жазылып жатканда эле аны аткарууга мүмкүн эмес экенин айткамын. Анткени пенсионерлердин 450 миңден ашууну айыл чарба тармагында иштеп, пенсияга чыккан. Алар жыл сайын мурда жер салыгы менен гана Социалдык фондго төлөп жүргөн. Айга бөлгөндө ар бир айда 10-20 сомдон гана которулган болуп калат. Бул ченем иштебейт дегенге болбой, мына ошол редакцияда Баш мыйзам кабыл алынган соң биз азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Маяналар боюнча маселе жок. Бирок пенсия менен пособиянын эң аз өлчөмүн бекитүү боюнча маселе бар".

Башкаруу чыгымдары көбөйдү

Ошол эле кезде мамлекеттик кызматкерлерди кармоого кеткен чыгымдар өсүп жатканы тууралуу маселе көтөрүлдү. Эмдиги жылдын республикалык бюджетинин долбоорунда мамлекеттик кызматтын чыгымдары 111,2 млрд. сомду түзүп, быйылкыга салыштырмалуу 40 млрд. сомго көбөйгөнү көрсөтүлгөн. Парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын башчысы Адахан Мадумаров айрыкча президенттик администрациянын чыгымдары кыскарбай эле, тескерисинче ашкере өскөнүн айтып, себептерин сурады:

"Бардыгын үнөмдөө, оптималдаштыруу деген негизде президенттин, өкмөттүн аппараттарын бириктирдиңер. Акчаны аз сарптайбыз деген максатта. 2020-жылы 333 млн. 900 миң сом керектелген болсо, силер бириктирип, кыскарткандан кийин 430 млн. 700 миң сом коротуп жатасыңар. Кыскартабыз дегенден кийин кыскарышы керек беле? Президенттик администрациянын чыгымы азыр 19 эсе өсүп отурат. 2021-жылы 969 млн. 430 миң сомго жетип, демек, 1 млрд. сомго чейин көтөрүлүп кетип баратат. Эмнеге? Ошол эле кезде президенттин фонду 2,8 млрд. сом, ал өзүнчө турат".

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматка кеткен чыгымдарды инфляцияга байланыштуу маяналарынын өсүшү менен байланыштырды. Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева болсо мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүүгө кетчү чыгымдар президенттин иш башкармалыгынын сметасына кирип калганын айтып, ошондуктан каражат көп көрүнүп жатканын жүйө келтирди:

"Бул жерде мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын чыгымдары деген бар. Анткени жыл сайын мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлгөндө, алардын чыгымдарынын бардыгы иш башкармалыгы аркылуу жүргүзүлөт. Бул жерде мына ошолордун чыгымдары кошо көрсөтүлгөн. Бекитилип жатканда президенттик администрациянын чыгымдары өзүнчө болот. Бирок ал акчалар иш жүзүндө иш башкармалыгына өткөрүлүп берилип, сарпаталат".

Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2021-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышын кабыл алып, 2022-жылдагы бюджеттин киреше-чыгашасын карап, андан соң келе жаткан 2023-жылдын бюджетин бекитиши керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG