Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

Эки оттун ортосунда калган Борбор Азия


Кытай жоокери Шанхай кызматташтык уюмунун (ШККУ) Бишкектен 200 км.дей аралыкта жайгашкан Балыкчыдагы “Эдельвейс” полигонунда “Тынчтык миссия – 2016” биргелешкен аскердик машыгуусун өткөрүү убагында туу көтөрүп турат. 2016-жыл, 19-сентябрь
Кытай жоокери Шанхай кызматташтык уюмунун (ШККУ) Бишкектен 200 км.дей аралыкта жайгашкан Балыкчыдагы “Эдельвейс” полигонунда “Тынчтык миссия – 2016” биргелешкен аскердик машыгуусун өткөрүү убагында туу көтөрүп турат. 2016-жыл, 19-сентябрь

Орусия Украина менен согушуп, татаал абалда калган чакта Кытай Борбор Азияга таасирин арттырууда. Жакында эле Бээжин Тажикстан менен жаңы аскердик келишимге кол койду. Бул кадамдар Бээжиндин азыркы дымагын көрсөтөбү? Аймак жаңы жагдайга кандай ыңгайлашып жатат?

Ноябрь айында Кытай эч кандай уу-дуусуз эле Тажикстан менен аскердик келишимге кол койду. Ага ылайык Дүйшөмбү өз аймагында Кытайдын коопсуздук күчтөрү менен биргеликте антитеррордук машыгууларды маал-маалы менен өткөрүп турууга макул болду.

Тажик жана кытай аскер кызматкерлери мурда деле биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүп келген, соңку үч жолкусу 2015-жылдан бери болду.

Ноябрдын этегинде жетишилген макулдашуу эки өлкө ортосундагы аскердик кызматташуунун бекемделишин расмий тариздеп, Бээжиндин Тажикстанга жана Борбор Азиядагы башка кошуналарына карата дымактуу мамилеси күчөп баратканынан кабар берет.

Эксперттер айткандай, Орусиянын февралда Украинага бастырып кириши Борбор Азияны геосаясий нес абалга түшүрүп, бул аймактагы күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөрттү.

Тажик-кытай келишими – аймактагы өлкөлөрдүн эзелки өнөктөшү болуп келген Москвадан оолакташы үчүн жасалган дагы бир чакан кадам экенин айтышат эксперттер.

“Дүйшөмбү Орусияга көз каранды боло бербеш үчүн Кытайга жакындашууда, - дейт “Азаттыктын” кабарчысына Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фондунун илимий кызматкери Темур Умаров. – Буга Орусия макул болобу – бул өзүнчө чоң суроо”.

Москвага каршы эл аралык санкциялардын таасири жана Украинадагы согушка байланыштуу Орусиянын экономикалык кубаты начарлап жаткан кезде Борбор Азиядагы мамлекеттердин башчылары, негизинен, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жаңы өнөктөштөрдү табууга, башка күчтүү өлкөлөр менен боло келген байланыштарды чыңдоого умтулууда.

Буга байланыштуу Европадан да дипломаттар тез-тез келе баштады. Мисалы, октябрда Борбор Азияга Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель жана Европа Шериктештигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел ноябрда келип кетишти.

Токаев да, анын өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёев да Франциянын президенти Эммануел Макрон менен ар кайсы маселелер боюнча жолугушуу үчүн Парижге барышты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Франциянын президенти Эммануэль Макрон. Париж, 2022-жыл. 22-ноябрь.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Франциянын президенти Эммануэль Макрон. Париж, 2022-жыл. 22-ноябрь.

Батыштан тышкары, Борбор Азия лидерлери Түркия, Жакынкы Чыгыш жана, балким, биринчи кезекте, Кытай менен алакасын чыӊдоого умтулушат.

Өз кезегинде COVID-19 пандемиясынан кийинки алгачкы расмий иш сапары менен кытай лидери Си Цзипин Казакстанга сентябрда келген. Андан кийин Өзбекстанда өткөрүлгөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышып, деми кыйла басаӊдай түшкөн президент Владимир Путин менен да жолугушту. Бул Москва Украинага кол салгандан кийинки алардын алгачкы кездешүүсү эле.

“Бул Европа, Түркия жана Иран сыяктуу жааттар үчүн, ошондой эле ыкчам өнүгүүгө умтулуп жаткан Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да жакшы мүмкүнчүлүк, - деп чечмелейт кырдаалды Умаров. – Бирок алар [Борбор Азия мамлекеттери] дагы эле кызыктай жагдайда турат. Бул аймак балка менен дөшүнүн ортосунда калгандай абалга мурда кептеле элек болчу”.

Кызыл чийиндер

Умаровдун пикиринде, азыркы кезде бул аймактагы өлкөлөр бир жагынан Орусия менен тарыхый алаканы үзүп салууну каалап, экинчи жагынан Москванын жооп катары кескин мамилесинен чочулап, арасат абалда кылтылдап турат.

“Кызыл чийиндер дайыма ары-бери жылыша берет, бирок Орусия үчүн эң башкысы – бул Батыштын аскердик катышуусуна мындан ары бөгөт коюу, - дейт ал, АКШнын Ооганстанда дээрлик 20 жылдай согуш жүргүзүп келгенин эске алып. – Орусия Борбор Азиянын Батышка ыктап калышын каалабайт”.

Кытайдын жана Тажикстандын чек ара аскерлери кытай-тажик чегарасын бойлото черүү жүргүзүүдө. 2017-жыл, 17-сентябрь.
Кытайдын жана Тажикстандын чек ара аскерлери кытай-тажик чегарасын бойлото черүү жүргүзүүдө. 2017-жыл, 17-сентябрь.

Байкоочулар айткандай, буга байланыштуу Кытайдын күчөп бараткан таасири, мисалы, жакында Тажикстан менен антитеррордук макулдашууга кол койгону Кремль үчүн кыйла жакшы болот.

Ондогон жылдар бою Борбор Азиядагы Кытайдын экономикалык таасири күчөп келаткан. Бул аймактын өлкөлөрүнүн көбү, мисалы, Тажикстан жана Кыргызстан Бээжинге миллиарддаган доллар карыз болуп калган.

Соңку жылдарда Бээжин бул аймакта коопсуздук чөйрөсү боюнча кызматташууну кеңейтүүгө аракет кылат. Бул жагынан Тажикстан негизги өлкө бойдон калууда. Кытай аймакта өзүнүн батыштагы Шинжаң чөлкөмү менен чектешкен Ооганстан, Пакистан жана Тажикстандан чыгуучу терроризмдин таралышына эчактан бери эле тынчсызданып келет.

Кытайдын коопсуздук күчтөрү тажик кесиптештери менен биргеликте тажик-ооган чек арасын бойлото аскердик базасын кармап турат. Ырас, Тажикстан муну расмий түрдө төгүндөп келет. Бээжин советтик эски чек ара тозотторун жаңыртып, тажик-ооган чек арасын бойлото көзөмөлдөп өткөрүү жайларын курууда.

2021-жылы октябрда Дүйшөмбү да Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы (ТБАО) ыкчам жооп кылуучу бөлүмчөлөрү үчүн жаңы объектилердин курулушун каржылайт деп жарыялады.

Ноябрдагы макулдашууга ылайык, кытай жана тажик аскер кызматкерлери координацияны жана өздөрүнүн антитеррордук бөлүмчөлөрүнүн тактикалык көндүмдөрүн жакшыртуу үчүн ар эки жылда машыгууларды өткөрүп турмакчы. Келишимдин жарыяланган текстинде машыгуулардын мөөнөттөрү, өткөрүү орду жана масштабы купуя болууга тийиш экени айтылган.

“Кытай – чоң банк, ал эми Орусия – чоң замбирек деп айтылып келген пикир эми эскирип калды", - деди “Азаттыктын” кабарчысына Вудро Вильсон Борборунун Киссинжер Институтунун Кытай жана Америка боюнча эксперти Брэдли Жардин.

Бул аймакта Бээжиндин аскердик катышуусу улам кеңейип баратса да, масштабы дагы эле чектелүү, Орусиянын Борбор Азиядагы кызыкчылыктарына улам көбүрөөк шайкеш келүүдө.

“Орусиядан айырмаланып, Кытайдын машыгуулары чаканыраак. Аларга тоо арасындагы террорчуларга кол салуу же Шинжаңдагы шаарларга чабуул жасаган террорчуларга каршы туруу сыяктуу сценарийлер боюнча аракеттенүүчү ички коопсуздук күчтөрү катышат, - дейт Жардин. - [Бул] Кытайдын аймактагы тышкы саясаты дагы эле ичкери багытталып турарын көрсөтөт”.

Бээжин жактан караганда

Кытай Борбор Азияга өзүнүн саясий, экономикалык жана аскердик таасирин арттыруу жагынан жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ, ал эми Москвага болгон ишеним начарлап кетти. Мында Бээжин сөзсүз эле Орусиянын эсебинен утушка жетип жаткан жок.

“Менимче, Борбор Азиянын коопсуздугу жөнүндө сөз болгондо Орусия менен Кытайдын ыктымал тирешүүсүнө ашыкча көңүл бөлүнүүдө”, - дейт Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фондунун өкүлү Умаров.

Си Цзинпин (оӊдо, биринчи катарда) жана Владимир Путин (солдо, биринчи катарда) Шанхай кызматташтык уюмунун Өзбекстандагы саммитинин алкагында жолугушту.
Си Цзинпин (оӊдо, биринчи катарда) жана Владимир Путин (солдо, биринчи катарда) Шанхай кызматташтык уюмунун Өзбекстандагы саммитинин алкагында жолугушту.

Бээжин жана Москва өздөрүнүн мамилелери сактала берерин февралда тастыктап, чексиз өнөктөштүк жөнүндө жарыялашты. Бул алака Украинадагы согуштун жүрүшүндө сыноодон өтүп, сыягы, негизинен Батышты жактырбаган маанайга байланыштуу сакталып келет.

“Орусия Кытайдын [Борбор Азиядагы] таасиринин артышына терикпейт, ал эми Кремль көп жагынан бул жол берилбей турган, анын көзөмөлүнөн тышкаркы жараян экенин түшүнөт”, - деп кошумчалады Умаров.

Падышалык Лондондогу Коргонуу боюнча изилдөөлөрдүн бириккен институтунун (RUSI) жана Сингапурдагы С. Ражаратнам атындагы Эл аралык изилдөөлөр институтунун улук илимий кызматкери Рафаэлло Пантуччинин пикиринде, Украинадагы согуш Борбор Азия үчүн көптөгөн өлкөлөр менен өнөктөш болуу мүмкүнчүлүгүн кеӊейтти.

Бирок Москванын Украинага бастырып кириши Бээжиндин Борбор Азияга тиешелүү пландары менен Орусия менен болгон бул аймактагы мамилесине таасирин тийгизген жок дейт ал.

Касым-Жоомарт Токаев Си Цзинпинди Казакстанда тосуп алууда. 2022-жыл, 14-сентябрь.
Касым-Жоомарт Токаев Си Цзинпинди Казакстанда тосуп алууда. 2022-жыл, 14-сентябрь.

“Быйыл олуттуу өзгөрүүлөр болду, бирок Кытайдын көз карашында бул анча деле чоң жаӊылык эмес, - деди ал “Азаттыктын” кабарчысына курган маегинде. – Корголушу кыйын болгон тажик-ооган чек арасы алар үчүн дайыма кооптонууга себеп боло берет, муну алар өздөрү жөнгө салгысы келет”.

Аймак үчүн тынчы жок болгон бул жылы (Казакстандагы январь окуяларына Орусия кийлигишти, Кыргызстан менен Тажикстан кагылышты, Тоолуу Бадахшанда туруксуз абал сакталууда, Өзбекстандын курамындагы Каракалпак автоном республикасында каршылык акцияларынан кийин жазалоо күч алды) Бээжин бул өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө колдоо көрсөтүү сунуштады. Бирок иш жүзүндө өзүн оолак кармады.

Пантуччинин пикиринде, Кытай аймактагы туруксуздукка кабатыр болсо да, арачылык кылууну каалабайт.

“Жергиликтүү чыр-чатактарга аралашкысы келбей, четте туруп, кимиси үстөмдүк кылса, ошонусу менен иштешмекчи, - дейт ал. – Ал жакка кыпчылгандан эмне пайда тапмак?!”.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG