Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан кызыккан темир жол салынат


Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун түшүндүргөн карта. Иллюстрациялык сүрөт.

Самаркандда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча үч тараптуу макулдашууга жетишти. Иш жүзүндө 20-30 жылдан бери козголбой келаткан долбоорду ишке ашыруу жанданды.

Курулушка кеминде 4-5 миллиард доллар жумшалат. Ошондон улам айрым адистер Бээжиндин алдында Бишкек менен Ташкенттин карызы дагы көбөйөрүн эскертип келишкен.

Лидерлердин “батасы”

15-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзинпин Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында жолукту.

Анда алар эки тараптуу кызматташуулардын бардык багыттары жөнүндө кеп кылып, саммиттин аянтчасында кол коюлган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору боюнча макулдашууну кубатташты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан темир жолду курууну тездетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

“ШКУ саммитинин алкагында бул долбоор боюнча үч тараптуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу кытай, кыргыз жана өзбек тараптарынын мындан аркы практикалык биргелешкен аракеттери үчүн маанилүү негиз болуп каларына ишенем. Бул документ Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын жол куруудагы ниеттеринин биримдигин бекемдейт”.

Си Цзинпин менен Садыр Жапаров. 15-сентябрь, 2022-жыл. Самарканд, Өзбекстан.
Си Цзинпин менен Садыр Жапаров. 15-сентябрь, 2022-жыл. Самарканд, Өзбекстан.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзинпин президент Садыр Жапаров менен ушул жылдын февралындагы жолугушуу жемиштүү болгонун, бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир катар макулдашуулар жетишилгенин белгиледи. Ал Кытайдын колдоосу менен Кыргызстанда бир топ долбоорлор ишке ашып жатканын жана ал улана турганын белгиледи.

Си Цзинпин үч мамлекетти бириктирген темир жол линиясы да Бээжиндин көңүл чордонунда турарын кошумчалады:

“Кыргызстан “Кыргызстан менен Кытайдын бирдиктүү тагдыры коомчулугунун” алкагында КЭРдин ынак коңшуларынын жана жакын өнөктөштөрүнүн бири. Сиздердин республика КЭРдин тышкы саясатында маанилүү орунду ээлейт. Биз өз ара колдоону бекемдеп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого даярбыз”, – деди жолугушууда Кытайдын лидери.

Си Цзинпин товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча орто жана узак мөөнөттүү милдеттер бар экенин, Кытай ага инвестиция салууга даяр экенин кошумчалады. Ал темир жол долбоору да ушунун бир бөлүгү болуп саналары да кеп кылды.

Садыр Жапаров менен Си Цзинпин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен өз-өзүнчө да кездешти. Анда да темир жол долбоорун кубаттаган сөздөр айтылды.

Үч тараптуу документ

Лидерлердин жолугушуусун утурлай 14-сентябрда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбооруна байланыштуу кызматташуу боюнча үч тараптуу макулдашууга кол коюлду.

Линиянын Кыргызстан аркылуу өтчү тилкеси тууралуу документке Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов жана Кытайдын өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Хэ Лифэн кол койду. Кытайдын өкүлү онлайн катышты.

Эркинбек Осоев
Эркинбек Осоев

Макулдашууга ылайык, жол тилкеси Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты менен өтөт. Учурда үч өлкөнүн адистери долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин түзүп жатканы маалым. Аларга келерки жылдын 1-июнуна чейин убакыт берилди.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча келишимге кол коюу үчүн соңку бир-эки жылда активдүү аракеттер жүрдү. Үч мамлекеттин лидерлери стратегиялык долбоор тууралуу өз позицияларын ар кайсы платформаларда айтып, аны баштоого кызыкдар экенин ырастагандай болду.

Евразия Экономика Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин быйыл 27-майдагы онлайн саммитинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев долбоордун мааниси тууралуу мындай деген.

Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

“Жаңы чакырыктар альтернативдик транспорттук коридорлорду мындан ары да өнүктүрүүнү жана түштүк жана чыгыш багыттары боюнча транспортук байланыштарды чыңдоону талап кылууда. Жакын арада биз Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолун ишке ашырууга киришүүнү пландап жатабыз. Долбоор Азия-Тынч океан аймагынын базарларына чыгуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул багыт Чыгыш-Батыш багытындагы азыркы темир жол линияларын толуктайт”.

Быйыл июлда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Борбор Азия сапарынын алкагында Ташкентке жана Бишкекке келип, позицияларды дагы бир сыйра тактап кеткендей болгон.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ван И менен жолугушканда бул боюнча келишимге 15-16-сентябрда Самаркандда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде кол коюуну сунуштаган. Жапаров аймактык долбоорду баштоону Борбор Азия өлкөлөрүнүн саммитинде да көтөрдү.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Жакынкы он жылдыкта темир жол жана автомобиль коридорлорун өнүктүрүү Борбор Азияны маанилүүлүгү боюнча тарыхый Жибек Жолунан кем калышпай турган жаңы соода жолдорунун кесилишине айландырышы мүмкүн. Маанилүү долбоор Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу болуп саналат. Аны ийгиликтүү ишке ашыруу Борбор Азиянын эл аралык соодасын, инвестициялык жана транзиттик потенциалын олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет”, – деген Садыр Жапаров 21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда.

Кызыкчылыктар кесилишкен долбоор

Жаңы темир жолу Кытайды Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыштырат, Европага азыркыга салыштырмалуу бат жүк жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Линия Кытайдан башталып, Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймагы аркылуу өтөт. Магистраль андан ары Түркмөнстандын же Казакстандын жолдору менен туташат. Жүк ал жактан Каспий деңизине чыгат. Келечекте Жакынкы Чыгышка жана Инди океанына чейин чыгаруу пландалууда.

Бул жол Кытай менен Өзбекстандын рыногун бири-бирине ачат. Ал эми Кыргызстан үчүн бул транспорттук туңгуюктан чыгуучу эшик жана таптакыр жаңы соода-экономикалык мүмкүнчүлүк. Мурдараак кабарлангандай, Кыргызстан товарлардын транзитинен эле жылына 200-300 миллион доллар киреше таба алат.

Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад жана Торугарт – Арпа – Кара-Суу багыттарын түшүндүргөн карта.
Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад жана Торугарт – Арпа – Кара-Суу багыттарын түшүндүргөн карта.

Өзбекстан менен Кытайдын өзүндө өтө өнүккөн темир жол магистралдары бар. Иш жүзүндө аларды Кыргызстан аркылуу байланыштырып коюу гана калат. Муну үчүн Кытайдын Кашгар шаарынан Өзбекстандын Анжиян шаарына чейин 300 чакырымдык жол куруш керек.

Ушул күнгө чейин каттамдын эки версиясы каралып келген. Кыргызстан мунун Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад вариантын жактачу. Бул 280 чакырымды камтыйт жана мында көбүрөөк станция курулат. Өзбекстан менен Кытай Торугарт – Арпа – Кара-Суу каттамын сунуштап, ошол позицияны карманчу. Ал биринчиге салыштырганда сегиз чакырымга кыскараак жана кыйла арзан түшмөк. Бирок макулдашууда Кыргызстандын талабы киргизилгенин көрүп турабыз.

Мурдагы премьер-министри Темир Сариев бул долбоордун Кыргызстан үчүн маанисин мындайча чечмеледи:

Темир Сариев
Темир Сариев

“Бул долбоор бизге суудай керек. Муну менен биз туңгуюктан чыгабыз. Эгер буга эң кызыкдар ким болуш керек десе, анда мен Кыргызстан менен Өзбекстан деп атаар элем. Кытай азыр Казакстан жана Орусия менен эки темир жолу бар, бирок Кыргызстан аркылуу өтчү жол Түштүк Европага эң жакын жол болуп калат. Орусия аркылуу Европага жетчү жүк 20-25 күндө жетет, Казакстан аркылуу 15-17 күндө жетет. Ал эми Кыргызстан аркылуу жол өтсө 9-10 күндө жетет. Азыркы заманда товардын ылдамдыгы өтө маанилүү. Экинчи жагынан алганда Өзбекстан дагы, Кыргызстан дагы Азия базарына чыкканга, деңизге чыкканга мүмкүнчүлүк алат”.

Азыр Кытайдан Европага барчу темир жол жүктөрүнүн негизги агымы Казакстан, Орусия жана Беларус аркылуу жетет. Биринчиден, бул буйрутмаларды жеткирүүнү кечеңдеткен өтө узун аралык. Экинчиден, учурдагы геосаясий жагдайдан улам Орусия менен Беларус аркылуу өтчү каттамдар менен иштөө күн сайын кыйын болуп баратат.

Ушундай шартта жаңы жол Евразиянын транспорттук түйүнүнүн түзүмүн жетиштүү деңгээлде өзгөртмөк. Магистралдын потенциалы жылына 7-13 млн. тонна жүк ташый алат деп бааланат.

Ташкенттеги Эл аралык мамилелер боюнча маалыматтык-аналитикалык борбордун эксперти, транспорт тармагы боюнча адис Зилола Юнусова бул долбоор жөнүндө мындай ой бөлүштү:

Зилола Юнусова
Зилола Юнусова

“Түпкүлүгүнөн алганда, деңиз жолдоруна, эл аралык соода жолдоруна чыгуу Өзбекстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Айрыкча акыркы жылдары бул маселеге чоң көңүл бурулуп келет. Шанхай кызматташтык уюмунун бизде өтүп жатканы да буга бир далил. Бул жагынан алганда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу менен Өзбекстандын демилгеси менен башталып жаткан Транс-Ооган темир жолунун курулуштары бири-бири менен өз ара байланышта десек болот. Менимче, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Өзбекстан үчүн да, Борбор Азиянын башка өлкөлөрү үчүн да чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору ишке ашып калса, ал жол Өзбекстан темир жолдору аркылуу Түркмөнстанга чыга атат. Тагыраагы, Каспий деңизинин боюнда жайгашкан Түркмөнбашы шаарынын портуна чейин туташат. Ал жерге темир жол менен барган жүктөр Каспий деңизиндеги кемелер менен андан ары Кавказга, Түркияга жана Кара деңизге чейин оңой жетет. Же Азербайжандын Баку порту аркылуу Кара Деңизге, же Ирандын порттору аркылуу Европа тарапка да жүктөрдү жеткирүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Бул азыр колдонулуп жаткан темир жолдорго караганда аралыгы жагынан да, жүк жеткирүүгө кетчү чыгымдар жагынан да кыйла үнөмдүү болот”, – деди өзбекстандык эксперт.

Кытай Европа менен соода алакасын мурдагы СССРдин, анын ичинде Орусия Федерациясынын аймагындагы темир жол линиясы менен жүргүзүп келген. 1980-жылдары темир жолдорун Казакстандын линияларына туташтырып, Европага жаңы багыт ачкан. Казак линиялары аркылуу Бээжин Өзбекстанга, Түркмөнстанга, Арменияга, Азербайжанга, Түркияга, Иранга жана башка өлкөлөргө да товар ташыйт. Бирок ушул эле жолду дагы да кыскартуу үчүн Кытай Кыргызстандан Өзбекстанга кирип кетүүчү темир жол куруу планын 1990-жылдары иштеп чыккан.

Кытай менен Борбор Азиянын алакасын изилдеп жүргөн Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги академиясынын адиси Нива Яу айым бул долбоордун Бээжин үчүн маанисин мындай чечмеледи:

Нива Яу
Нива Яу

“Казакстан Кытайдын Шинжаң провинциясынан чыккан темир жолго монополия кылат. Эгер Кыргызстан аркылуу экинчи темир жол салынса бул Казакстандын монополиясын токтотот. Бул Кытайдын диверсификация саясаты үчүн өтө маанилүү. Деги эле бул темир жол эмне үчүн маанилүү? Бул Борбор Азиянын Кытай үчүн маанисинин өзөгү. Учурда эл аралык саясий экономика океан, деңиз аркылуу жүргүзүлгөн соодага көз каранды. Суу аркылуу соода бүгүнкү күндө Батыш өлкөлөрү басымдуулук кылган геосаясий системанын пайдубалы экенин билебиз. Кытай буга өтө тынчсызданып, суу аркылуу соодага атаандаш болгон кара жер менен соода жүргүзүүнү колго алгысы келет. Ушул жерден Борбор Азиянын артыкчылыгы көрүнөт. Кытай жетекчилери 1990-жылдардан бери айтып келаткан эски Жибек Жолун кайра калыбына келтирүү дегени – ушул эле демилгенин башкача аталышы. Бээжин кара жер аркылуу соода жана энергетикалык жолду кургусу келет. Бул деген Кытайга азыркы Батыштын колундагы глобалдык системага атаандаш системаны түзгүсү келерин көрсөтөт. Кыргызстанга бул жөн гана темир жол долбоору сыяктуу көрүнгөнү менен – бул Бээжиндин сырткы дүйнө менен байланыш жолдорун мүмкүн болушунча диверсификациялоо жөнүндө бараандуу стратегиясынын бөлүгү. Андыктан Кытай 20 жыл бою бул долбоорду күн тартибинен алган жок”, – деди теги кытайлык талдоочу Нива Яу.

Геосаясий кырдаал жана Орусиянын кызыкчылыгы

Баса, буга чейин Орусия менен Казакстан өздөрүндөгү темир жолдон түшчү кирешеден кол жууп каларын ойлоп, бул ири долбоордун баштоого бут тосуп келгени сөз болгон. Бирок мурдараак президент Садыр Жапаров Орусиянын лидери Владимир Путин менен сүйлөшкөнүн, Кремль “каршылыгы жок экенин” айткан. Кыргызстандын бийлик айдыңында "учурдагы геосаясий кырдаал стратегиялык долбоорду баштоого мүмкүнчүлүк берип жатат" деген көз караш да бар.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев мурдараак “Азаттыкка” курган маегинде Украинадагы согуштан улам дүйнөдөгү геосаясий кырдаал өзгөргөнүн, Москва ошону үчүн долбоорго ылым санап калганын билдирген:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Муну коңушу өлкөлөр, ошол эле Орусия кызганыч менен эмес, түшүнүү менен кабыл алышы шарт. Буга чейин темир жолдун курулушун Орусия ар кандай шылтоо айтып жактырбай келген, ошол себептүү кура албай келгенбиз. Биз эле эмес, Кытай дагы "алар нааразы болбойт бекен" дегендей Орусиянын көзүн карап турган. Азыр кырдаал өзгөрдү, Орусия биздин өнөктөшүбүз болгону менен өзү азыр кыйын абалга туш келип турат. Бүгүн ал Кытай, Кыргызстан, Өзбекстанга ушул жол туура эмес курулуп жатат деп айтканга, атүгүл ишарат кылганга да шайы жок. Мындайча айтканда, геосаясий кырдаал бизге мүмкүнчүлүк берип жатат. Ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, биз темир жолду өзүбүзгө пайдалуу багыт (маршрут) аркылуу, нугу өзүбүзгө ыңгайлуу болгондой курушубуз зарыл”.

Ал эми өзбекстандык эксперт, транспорт тармагы боюнча адис Зилола Юнусова бул долбоордун кечеңдешин Орусиянын бут тосуусунан эмес, Борбор Азия лидерлеринин өздөрүнүн кеч кыймылдашынан көрөт.

Кыргызстандын ичинде курулуп баштаган темир жол.
Кыргызстандын ичинде курулуп баштаган темир жол.

“Бул долбоордун артка жылдырылышын Москвага байланыштыруу туура эмес деп ойлойм. Анткени, биринчиден, Кытайдын экономикасы өтө чоң. Товар өндүрүү жана башка тармактары бизге караганда кыйла артыкчылыктарга ээ. Менимче, так ошол себептүү Борбор Азия мамлекеттери долбоорго киришүүгө кооптонуу менен карап келишкен. Экинчи жагынан алганда, бул долбоорду ишке ашыруу эмне үчүн кечеңдеп баратат деген суроо койсок. Себеби аны пандемия, соода жолдорунун бекилиши, глобалдык экономикадагы окуялар жана башка нерселер кармап келди. Ушундай шартта бул долбоордун аткарылышы зарыл деп эсептейм. Менимче, тескерисинче Орусия буга кызыкдар болушу мүмкүн. Себеби бул долбоор Кытайга, Өзбекстанга жана Кыргызстанга гана пайда алып келбейт. Ал альтернативдик жолдорго кошулса Орусияга да пайдасын тийгизет”, – деди Зилола Юнусова.

Долбоордун чыгашасы жана Кытайдын карызы

300-500 чакырымга созулган темир жолдун наркы болжол менен 5 млрд. долларга бааланган. Азырынча эч бир тарап мындай ири көлөмдөгү каражатты чыгарууга даяр экенин билдире элек. Кытайдын Өзбекстандагы элчиси Цзян Янь долбоорду ишке ашырууга ар бир мамлекет бирдей өлчөмдө катышууга тийиш экенин айткан. Андыктан, “Кыргызстан кайра эле Бээжинден насыя алып, тышкы карызын көбөйтөбү?” деген чочулоо бар.

Ханнс Зайдель фондунун Борбордук Азия боюнча координатору Макс Георг Майер долбоорго байланыштуу тараткан билдирүүсүндө мындай пикири менен бөлүшкөн.

Макс Георг Майер
Макс Георг Майер

“Бул маанилүү долбоор менен байланышкан тобокелдиктерди да эске алышыбыз зарыл. Биринчиден, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору кыргыз элине белекке берилип жатпаганын түшүнүүбүз кажет. Ал кийинчерээк кайра кайтарыла турган Кытайдан келген насыядан каржыланары толук ыктымал. Азыр Кыргызстандын тышкы карыздарынын 43% Кытайга туура келет. Ошондуктан Кыргызстан кайрадан карыз тузагына түшүп калышы мүмкүн деген кооптонуулардын пайда болушу бекеринен эместир”.

Эгер номиналдык көрсөткүчтөргө таянсак, учурда Кыргызстандын мамлекеттик карызы жалпы 5,2 миллиард доллар болсо, анын ичинен 4,2 миллиард тышкы карыз. Сыртка бересенин 1,8 миллиарды доллары Кытайга туура келет.

Эми Бээжин темир жол долбооруна жалпы 5 миллиард доллар инвестиция салат дейли. Жаңы линиянын көпчүлүк бөлүгү Кыргызстандын аймагында турганы үчүн бул сумманын көпчүлүк бөлүгү Кыргызстандын курулушка кошчу салымы деп эсептелиши мүмкүн. Мындай шартта Бишкектин Бээжинге болгон карызы азыркыны кошкондо бери эле дегенде 3-4 миллиард долларга жетип калышы ыктымал.

2022-жылдын башына карата Өзбекстандын мамлекеттик карызы 26,3 миллиард долларды түзгөн. Мунун 4-5 миллиарды Кытайдан алынган. Эгер Кытай Кыргызстандан ары кетчү линияны курууда Өзбекстанга да жардам берсе, анда Ташкенттин да Бээжиндин алдындагы аласасы өсө түшөт.

Өзбекстандык саясий талдоочу Фархад Талипов “Азаттыкка” берген комментарийинде Кытайдан башка финансы булактарын тапса болот деп айтты.

Фархад Талипов
Фархад Талипов

“Албетте, каржылоо, долбоорго инвестиция салуу жөнүндө суроо чыгат. Бирок бул маселе тиешелүү дипломатиялык каналдар, адистер аркылуу расмий деңгээлде жөнгө салынат деп ойлойм. Анда долбоорго катышкан тараптардын бардыгынын кызыкчылыктары эске алынарынан да күмөн санабайм. Сөз жок, бул жерде Кытай тараптын инвестициясы өтө чоң болот. Кытай буга чейин Өзбекстандагы башка долбоорлорго да инвестиция салып келгени буга мисал. Ошондуктан мында деле каржылоону жана техникалык камсыздоону аткарса болот. Кээлери бул нерсе менен Кытай жаңы карызды моюнга илип коюшу мүмкүн деп айтып жатышат. Бирок мындай долбоорлорго каржылоонун жана инвестициянын булактары көп. Бул Кытай эле эмес, эл аралык банк, Азиядагы банктар жана башкалар. Менимче, алардын каражаттарын мобилизациялоо менен бул долбоор финансылык жактан да рентабелдүү жана пайдалуу болушу мүмкүн”.

Кантсе да курулуш иштери качан башталары так эмес. Анүстүнө кайсы каттам болбосун өтө татаал тоолуу шартты кесип өтөрүн түшүнүү керек. Ал 3 метр бийиктикте, өтө көп көпүрөлөр жана өтө узун тоннелдер менен түшөт.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы темир жолду курууга алты жылдан сегиз жылга чейинки убакыт кетерин билдирет. Бирок Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аны ашып кетсе үч-төрт жылда куруп койсо болот деп эсептейт. Бирок адистер белгилегендей курулуш кеминде 2030-жылдарга барып бүтүшү ыктымал.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG