Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Өзбекстандын "Талибан" менен жакындашуусунун сыры


Талибдердин делегациясы Өзбекстанда. Ташкент, 25-июль 2022-жыл
Талибдердин делегациясы Өзбекстанда. Ташкент, 25-июль 2022-жыл

Апта ичинде жарык көргөн басылмалар Өзбекстандын "Талибан" бийлиги менен жакындашуу аракетин, Орусиянын колунда 100 күн туткун болгон украиналык ишкердин баянын жана Пхеньяндын Түштүк Кореяны "коронавирус жуктурду" деп айыптаганын жазышты.

Ташкенттин арачылык аракети

The Dipolmat басылмасы 8-августта Өзбекстандын “Талибан” кыймылы менен жакындашуу, муну менен Ооганстанды дүйнө коомчулугунун күн тартибинде кармап туруу аракетине кайрылган.

Эл аралык мамилелерге адистешкен изилдөөчүлөр Акрам Умаров жана Женнифер Брик Муртазашвили макаланын башында бир нече жыл мурун эле Ташкент түштүктөгү кошунасына эшигин жаап, көз жумуп келгенин эске салышат. Андан ары жакында өзбек баш калаасында 30дай өлкөдөн келген 100 чакты расмий киши, катарында талибдер жана америкалык дипломаттар катышкан форум өткөнүн баяндашкан жана анын маанисине токтолушкан.

Өзбекстандын вице-премьер-министри Сардар Умурзаков жана талибдердин министри Нуриддин Азизи. Ташкент, 4-июль 2022-жыл
Өзбекстандын вице-премьер-министри Сардар Умурзаков жана талибдердин министри Нуриддин Азизи. Ташкент, 4-июль 2022-жыл

Авторлор “Эмне себептен Өзбекстан “Талибан” менен эки тараптуу жана көп тараптуу мамиле түзүү аракеттерине активдүү аралашып келатат?” - деген суроону талдап чыгып, жыйынтыктарын ортого салышты.

Биринчиден, өлкөнүн тышкы саясатындагы артыкычылыктарга келгенде география маанилүү. Ооганстан менен чек аралаш Өзбекстан кошуна өлкөдөгү бейпилдик, стабилдүүлүк, экономикалык туруктуулук, улуттук кызыкчылыктарга төп келет деп эсептейт.

Экинчиден, былтыр Ислам жумурияты кулап, АКШ жана НАТО аскерлерин чыгарып кеткенден кийин Батышта Ооганстандын турмушуна катышуу каалоосу басаңдады. Муну байкаган Өзбекстан өз ролун ойноо керектигин түшүнүп турат. Албетте, ал өлкөнүн бардык маселелерин чече албасын билет, бирок Ооганстандын глобалдык саясаттын көңүл чордонунда кала бериши үчүн салым кошо алат. Сөз болгон конференция ошол кеңири стратегиянын бир жолу.

Үчүнчүдөн, Борбордук жана Түштүк Азияны байланыштырууну көздөгөн Ташкенттин стратегиялык планында Ооганстан - негизги оюнчу. Өзбек бийлиги бир топ жылдан бери темир жол долбоорун сүрөөнгө алып келатат. Кабул өкмөтү кулагыча тараптар анын баштапкы фазасын ишке киргизүүгө жакындаган.

Авторлор Орусияга санкциялар салынган бүгүнкү күндө регионалдык байланыш долбоорунун актуалдуулугу артканын белгилешет.

Муну менен катар алар Өзбекстанды ооган саясатында кандай кыйынчылыктар күтүп жатканын да тизмектеп чыгышты.

Атап айтканда, талибдер ооган-өзбек чек арасындагы коопсуздукту камсыздай албай келатат, кыймылды дүйнөлүк коомчулук тааныбагандыктан, эл аралык финансылык институттар жогоруда сөз болгон долбоорлорго акча бөлүп бере албайт. Өзбекстан “Талибан” менен эл аралык коомчулук ортосундагы диалогго арачы түшүүнү көздөгөнү менен, согушкер кыймылдын адам укуктары, сөз эркиндиги жаатындагы саясаты катуу сынга кабылууда.

Анын үстүнө “Талибандын” ички ырксыздыгынан улам алардын башкаруу жөндөмүнөн күмөн санагандар да аз эмес, - деп белгилешет авторлор.

Москваны айыптаган мурдагы туткун

“Аскерлерди кыйнашканда жан талашып кыйкырган добуштары жаңырчу, сырткы дүйнө менен байланыш жок, адам чыдагыс шарттар, коркутуп-үркүтүүлөр менен адам өлтүрүүлөр. Бергени жугундудай болгон атала, чайдын кутусунан жасалган жылнаамада элге толгон тар камераларда өткөргөн күндөрдү белгилеп отурасың”.

The Guardian украиналык ишкер, Оленевкадагы кармоочу жайда 100 күн өткөргөн Анна Ворошеванын баянын басып чыгарды.

Басылманын кабарчысы Люк Хардинг Киевден даярдаган материалында өткөн айдын аягында украиналык ондогон жоокер күйүп каза тапкан Донецкидеги Оленевка абагындагы шарттар сүрөттөлгөн.

45 жаштагы Ворошеваны мартта Мариуполго гуманитардык жардам жеткирип бараткан жерден орусиячыл жикчилдер кармап кетишкен, кийин “терроризм” беренеси менен иш козгошкон. Ушу тапта ал Францияда реабилитациядан өтүп жатат. Ишкер украин согуш туткундарын орустар атайлап жардырып жиберишкен деп санайт. "Биз адам баласы кылбаган карамүртөздүк жөнүндө сөз кылуудабыз".

Анын айтымында, эркек туткундарды камераларынан алып чыгып, катуу сабап туруп кайра алып келишчү. “Кыйкыргандары угулбасын деп музыканы катуу ойнотуп коюшчу”.

Ворошева Донецкиден 20 километр жакын жердеги жабык жайда 2 жарым миң, айрым учурларда 4 миңге чейин киши кармалганын, электр жарыгы же суунун жок болгонун айтып берди. Азовчуларды алып келгенде кайтаруучулар аларды кантип кыйнап, кордошорун жашырышкан эмес. “Бизди нацисттер жана террористтер деп аташчу”, - деп улантат сөзүн мурдагы туткун.

Аялдарга кыйноолор колдонулбаганы менен, шарттар адам чыдагыс болчу. Күнүнө 50 грамм нан, кээде ботко беришчү экен. Камералар тар болгондуктан, кезектешип укташчу.

Украиналык ишкер айым 4-июлда бошотулган. Аягында Ворошева абактын кызматкерлери “СССРдин эң жаман адаттарын сиңирип алышкан, алар эч ким карабай турганда гана өзүн жакшы алып жүрүшчү”, - деп кошумчалайт.

"Бизге коронавирусту үгүт баракчалары менен жуктурушкан".

Пхеньян шаары.
Пхеньян шаары.

BBC Пхеньян кошуна Түштүк Кореяны коронавирусту үгүт баракчалары аркылуу жайылткан деп айыптаганын жазды. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон агасы пандемия маалында “катуу температура” болгонун, ал сыягы COVID-19 илдетине чалдыкканын билдирип, вирустун тарашы артында түштүктөгү кошуна турат деп айтты. Сеул бул дооматтарды негизсиз деп четке какты.

BBC кабарчысы Франческа Жилетт жазгандай, бир нече күн мурун Ким Чен Ын өлкөсү коронавирусту жеңгенин салтанатуу жарыялап, пандемиялык чектөөлөрдү алып салуу көрсөтмөсүн берди.

Пхеньян илдеттин алгачкы учурлары жөнүндө быйыл майда гана билдирген. Бийлик 4,8 миллион киши инфекцияланганын, 74 бейтап каза болгонун маалымдаган.

Бирок расмий статистиканы бышыктоо мүмкүн эмес, эксперттер болсо өзгөчө Пхеньяндын оорудан көз жумган бейтаптар тууралуу айткандарына анча ишене биришпейт, - деп улантат кабарчы.

Андан ары айтылгандай, бир топ жылдан бери түштүк кореялык активисттер чындап эле үйлөмө шарлар менен баракчаларды чек аранын аркы бетине жөнөтүп келишкен. Бирок былтыр Сеул бийлиги андай практикага тыюу салган.

Түндүк Кореянын мамлекеттик кабар агенттиги маалымдагандай, Ким Ё Чжон “вирус жуктурулган баракчаларды” таратууну адамзатка каршы кылмыш деп атады жана жооп иретинде “катаң чаралар көрүлөрүн” эскертти.

Дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн айырмаланып, Түндүк Корея коронавирустан эмдөө ишин жүргүзгөн эмес, бирок чектөөлөрдү киргизген. Илдетти жеңүү үчүн элге үйлөрүндө дарылануу жана улуттук духка ишенүү керектиги айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG