Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

БУУ туткундагы украин аскерлери өлгөн жерге тергөөчүлөрдү жөнөтүүгө даяр экенин билдирди


Еленовкадагы абак.
Еленовкадагы абак.

Бириккен Улуттар Уюму Донецк облусунун оккупацияланган Еленовка конушундагы туткундагы украин аскерлеринин өлүмүн иликтөөгө даяр экенин 29-июлда билдирди. БУУнун баш катчысынын басма сөз өкүлү Фархан Хактын айтымында, эки тарап макул болсо, уюм Еленовкага эксперттерди жөнөтүүгө даяр.

Эл аралык Кызыл чырым уюму 29-июлда окуя болгон жерге кирүүгө аракет кылып жатканын жана жарадарларды эвакуациялоого жардам берүүнү сунуштаганын кабарлады.

Өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” (“ДНР”) деп атап алган жикчилдердин түзүмү ракеталык соккудан Еленовка конушундагы абакта туткунда жаткан 40 украин аскери мерт болгонун маалымдаган. Соңку кабарларда 53 туткун өлгөнү, 130 жаракат алганы кабарланды. Жикчилдер сокку үчүн украин күчтөрүн айыптаган. Орус командачылыгы жана Донецкидеги орусиячыл жикчилдер колонияга соккуну украин армиясы америкалык HIMARS системасын колдонуу менен жасаганын айтышууда.

Украинанын бийлиги Еленовкага ракеталык же артиллериялык сокку урулганын четке кагып, Донецк облусунун оккупацияланган аймагындагы Еленовка конушундагы украин аскерлери туткундалып жаткан абакка Орусиянын куралдуу күчтөрү сокку урганын маалымдаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 30-июлдагы видео кайрылуусунда Еленовкадагы туткундардын өлүмүн иликтөөнү БУУдан жана Кызыл чырым уюмунан талап кылды. Ал муну "атайлап туткундарды жапырт өлтүрүү" деп атап, "Орусияны терроризмдин демөөрчүсү катары таанууга" чакырды.

Мамлекеттик департаменттин 30-июлдагы билдирүүсүнө караганда, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 29-июлда Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен телефон аркылуу сүйлөшүп, көңүл айтты. Ал "Украина элине жасаган мыкаачылыгы үчүн жоопкерчилик толугу менен Орусияда" деп айтты.

Орусиянын Коргоо министрлиги 30-июлда каза болгон украин туткундарынын 48инин аты-жөнүн жарыялады.

Украинанын "Азов" полку менен байланышы бар кайрымдуулук уюму Telegram аркылуу каза тапкан жана жарадар болгондордун Орусия жарыялаган тизменин аныктыгын ырастап же төгүндөй албастыгын билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Украина Орусияны ырайымсыздык жана мыкаачылык үчүн айыптап, болжолдуу 10 миңден ашуун кылмыштарды аныктаган. Орусия карапайым калкты бутага албаганын айтып, согуш кылмыштары тууралуу айыптоолорду четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG