Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:41

ӨКМ Боом капчыгайында жол толугу менен ачылганын кабарлады


Боом капчыгайы.
Боом капчыгайы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч дубанды бириктирүүчү Боом капчыгайында жол каттамы толугу менен калыбына келтирилгенин бүгүн, 31-июлда кабарлады. Министрликтин маалыматына караганда, бул аймакта болжол менен сел менен кошо түшкөн 20-22 миң куб кум-шагыл тазаланды. Сел алып келген чыгымдар айтыла элек.

Мекеме сел агызып кеткен автоунаа изделип жатканын "Азаттыкка" билдирди.

"Машинени сел агызып чоң сууга түшүп кеткен, бирок ээлери жабыркаган эмес. Учурда унааны издөө иштери жүргүзүлүүдө", - деди мекеменин расмий өкүлү Алим Токторов.

30-июлда саат 11:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 128-129 чакырым аралыктарында сел жүрүп, кум-шагыл толуп калган. Жол эки тараптуу жабылган. Мындан улам жол тыгыны пайда болгон. Кечке маал бир тараптуу ачылган.

Табигый кырсык катталган аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын жана райондук бөлүмдөрүнүн ыкчам топтору, куткаручуулар, адистер жана офицерлер иш алып барышты. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG