Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Беш реабилитациялык борбордо тамак-аш чыгымынын ченеми жогорулады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети калыбына келтирүүчү беш борбордо балдардын жана өспүрүмдөрдүн тамак-ашына каралган чыгымдардын акчалай ченемдерин 100 пайызга жогорулатты. Тиешелүү чечим өкмөттүн 29-июлдагы жыйында кабыл алынды. Буларга Чүйдөгү "Максат", Жалал-Абадагы "Бакыт", Базар-Коргон райондор аралык кайра калыбына келтирүү борбору, "Родничок" балдардын психоневрологиялык реабилитациялык борбору, Ош шаарындагы кыймыл таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борбору кирет. Учурда бул жайлардын тамак-аш нормалары 110 сомду түзөт.

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбековдун билдиришинче, бул айрым саламаттык сактоо уюмдарында ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана психоневрологиялык оорулары бар балдардын тамактануу сапатын жана рационун жакшыртууга багытталган.

Президенттин "Айрым социалдык мекемелердин тамак-аш чыгымдарынын акчалай нормаларын жогорулатуу жөнүндө" жарлыгына ылайык, чыгымдын ченемдерин жогорулатууга республикалык бюджеттен кошумча 11 млн. 781 миң сом бөлүнөт.

Республика боюнча 202 300 майып адамдар бар, алардын отуз беш миңи балдар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG