Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Украинадагы уруш: Астана Москвага кантип жардам берди?


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен орус президенти Владимир Путин.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен орус президенти Владимир Путин.

Bloomberg басылмасы Орусия санкцияларды буйтап өтүп Европада чыгарылган микрочиптерди үчүнчү өлкөлөр аркылуу сатып алып жатканын жазды. Агенттик Москва чип жөнөткөн өлкөлөрдүн катарына Казакстанды кошкон.

АКШдагы Bloomberg басылмасы Орусия санкцияга карабай товарларды үчүнчү өлкөлөрдүн жардамы менен сатып алып жатышы мүмкүн экенин Евробиримдиктин атын ачык жарыялабаган жогорку дипломатына шилтеме берип 4-мартта жазды.

Дипломат Еврошаркеттин жана “Чоң жыйырманын” санкцияларына карабастан Орусиянын импорту жалпысынан согушка чейинки, 2020-жылдагы деңгээлине кайра жеткенин, Европада жана ага өнөктөш өлкөлөрдө чыгарылган чиптер жана микросхемалар Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана Казакстан баштаган мамлекеттер аркылуу Орусияга жөнөтүлүп жатканын айтып берген.

Bloomberg Орусия микрочиптерди импорттоп жатканын Женевадагы “Соода маалыматтарынын мониторинги” базасы аркылуу да бышыктаган. Маалыматка ылайык, согушка чейин Евробиримдик, АКШ, Британия жана Жапония жылына Орусияга 163 миллион долларлык электроника товарларын экспорттоп турган.

Былтыр согуш башталгандан кийин экспорт төмөндөп, анын көлөмү 60 миллион долларга түшкөн.

Ошол эле маалда Казакстандан, Түркиядан, Сербиядан жана Бириккен Араб Эмираттарынан Орусияга жөнөтүлгөн электроника жабдыктарынын көлөмү көбөйгөн.

Жалпысынан былтыр жогорудагы үчүнчү өлкөлөрдүн көбүнүн тышкы соодасында кескин өзгөрүүлөр болгон.

“Украинадагы согушта аскердик максатта колдонулушу мүмкүн деген технологиянын Орусияга экспорту нөлдөн миллиондогон долларга чейин өскөн. Казакстан мунун анык мисалы. 2022-жылы Казакстан Орусияга 3,7 миллион долларга барабар алдыңкы жарым өткөргүчтөрдү жөнөткөн. Андан мурдагы жылы бул көрсөткүч 12 миң доллар болчу”, - деп айтылат Bloomberg агенттигинин макаласында.

Астананын жообу, адистердин камтамасы

Былтыр Орусия менен Казакстандын товар жүгүртүүсү көбөйгөнүн эки өлкөнүн статистикасы да айгинелеп турат.

Орусиянын ТАСС мамлекеттик жаңылыктар агенттиги жазгандай, 2022-жылы эки өлкөнүн соодасы рекорддук деңгээлге же 26 миллиард долларга жеткен.

Астананын маалыматына ылайык, Украинада согуш башталгандан бери Казакстандан Орусияга жөнөтүлгөн товарлардын көлөмү 25 пайызга көбөйгөн.

Согушка чейин же 2021-жылы Казакстан Орусияга 471 миллион долларлык машина же автоунаалардын жабдыктарын экспорттосо, 2022-жылы бул көрсөткүч 2,1 миллиард долларга жеткен. Химиялык каражаттардын экспорту 935 миллион доллардан 1,9 миллиард долларга чейин жогорулаган.

Былтыр бир катар чет элдик маалымат каражаттары Казакстан аркылуу муздаткычтар жана кир жуучу машиналар Орусияга кирип жатканын жазышкан. Батыш өлкөлөрүнүн аткаминерлери мындай турмуш-тиричилик жабдыктарынын бөлүктөрү Орусиянын танктарынан табылганын айтып чыгышкан.

Айталы, сентябрда Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен орус армиясынын адистери тиричилик техникасынын микрочиптерин жана микросхемаларын аскердик жабдууларды оңдоого керектеп жатканын кеп кылган.

Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги Bloomberg басылмасынын соңку маалыматынан кабардар экенин билдирди. Бирок министрлик макаладагы сооданын көлөмү тууралуу маалыматтарды ырастаган да, четке каккан да жок.

“Санкцияларды колдонуп жаткан Европа Биримдиги менен башка өлкөлөрдүн механизмдерин жакшы билебиз. Ошондуктан мындай реэкспортко жол бербөө үчүн соодадагы өзгөрүүлөргө дыкат көз салып жатабыз”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Казак экономисти Айдар Алибаев “Азаттыктын” казак кызматы менен маегинде Астана жеке бизнести көзөмөлдөй албай жатканын белгилеп, Казакстан кошумча санкцияларга илинип калышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

“Bloomberg басылмасынын бул маалыматына ишенбөөгө негиз жок. Аны салыштыра турган башка маалымат да жок. Биздин мамлекет санкция талаптарын аткара турганын айтса да, жеке бизнести көзөмөлдөй албай келет. Бизге бул маселени жөнгө салуу үчүн бир жылдык сыноо мөөнөтү берилгенин уккам. Эгер биз санкцияларды минтип буза берсек, Батыштын бизге болгон көз карашы өзгөрүшү мүмкүн. Санкциялар биз үчүн экономикалык өлүмгө тете.”

Батыш байкап турабы?

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен казак башкы дипломаты Мухтар Тлеуберди, 28-февраль 2023-жыл.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен казак башкы дипломаты Мухтар Тлеуберди, 28-февраль 2023-жыл.

Орусия былтыр 24-февралда Украинага кол салгандан кийин АКШ жана Евробиримдик 11 миңден ашуун орус жарандарына, компанияларына, товарларына жана технологияларына, анын ичинде микрочиптердин экспортуна тыюу салган. Батыш өлкөлөрү мындай санкциялар менен Орусиянын экономикасын жана Москванын согушту каржылоо мүмкүнчүлүгүн алсыратууну көздөгөн.

Бирок алигиче санкциялардын натыйжасы тууралуу пикирлер бир кылка эмес. Февраль айында Financial Times басылмасы Евробиримдик жана анын өнөктөштөрү Орусия коңшулаш өлкөлөрдүн жардамы менен санкцияларды кыйгап өтүп жатышы мүмкүн деген кабарларды текшерип жатканын жазган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 28-февралда Астанадагы сүйлөшүүлөрүнөн кийинки басма сөз жыйынында Орусияга санкциялар жөн жерден киргизилбегенин белгилеп, Вашингтон Борбор Азияга жаңы соода жолдорун табууга көмөктөшөрүн билдирген.

“Биз санкциялардын аткарылышына жакындан көз салып турабыз. Биз бир катар өлкөлөр, анын ичинде Борбор Азиядагы беш өнөктөшүбүз менен санкциялардын экономикалык кесепети тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз. Себеби биз Орусиянын агрессиясынын реалдуу кесепети болуп жатканын абдан жакшы түшүнүп турабыз”, - деп билдирген Блинкен.

Анын айтымында, АКШ былтыр Борбор Азиянын соода жолдорун кеңейтүү жана чөлкөм үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн 25 миллион доллардык экономикалык туруктуулук демилгесин баштаган. Блинкен Борбор Азиядагы сапарында бул демилгенин алкагында регион үчүн кошумча 25 миллион доллар бөлүнөрүн жарыялады.

ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн коңгурообу?

АКШнын башкы дипломаты менен жолуккан Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Астана Батыштын санкцияларын сактап жатканын айтып, бир дагы казак компаниясы экинчи деңгээлдеги санкцияга туш боло электигин эске салган.

“Казакстан Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү экенин түшүнүп турасыздар. Казакстан менен Орусиянын ортосунда жана биримдиктин башка мүчөлөрүнүн ортосунда бажы текшерүүлөрү жок. Андыктан биздин чек араларда товарлардын эркин соодасын башкаруу айрым учурда кыйын. Ошол эле кезде биз орусиялык же башка чет элдик компаниялардын санкцияларды кыйгап өтүшүн алдын алууга аракет кылып жатабыз”, - деп айткан Тлеуберди.

2-мартта АКШнын Соода, Каржы жана Юстиция министрликтери санкциялардын аткарылышы боюнча биргелешкен билдирүүсүн жарыялашты. Анда Орусия санкцияларга карабастан үчүнчү тараптар аркылуу чектөөлөрдү буйтап өтүп жатканы айтылган. Москва санкцияларды кыйгап өтүү үчүн мурдагы советтик республикалардын арасынан Арменияны жана Өзбекстанды колдонуп жатышы мүмкүндүгү жазылган.

Февраль айында Европадагы кайра куруу жана өнүгүү банкы да жаңы изилдөөсүнө таянып, былтыр Армения менен Кыргызстан Европа менен АКШдан көбүрөөк товар импорттогонун, ошол эле кезде Евразия экономикалык биримдигине кирген бул эки өлкөнүн Орусияга экспорту жогорулаганын билдирген. Уюмдун экономисттери Европадан чыгып, Армения жана Кыргызстан аркылуу Орусияга жөнөтүлгөн деген товарлардын арасында санкцияга кабылган же ага окшош товарлар болушу мүмкүндүгүн билдиришүүдө.

Кыргызстан Орусиянын Украинадагы согушунда нейтралдуу позицияда экенин билдирип келет. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2022-жылы Кыргызстандын Орусияга экспорту 2,5 эсе өскөн. Европага багытталган экспорт кескин кыскарганы менен ал жактан келген импорттун көлөмү да 2,5 эсеге чейин жогорулаган. Былтыр Кыргызстан эң көп товар сатып алган өлкөлөрдүн башкы сабына Кытай чыккан.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG