Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:03

Жовтенко: Кыргыз мигранттарын согушка барбоого чакырам


Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко.
Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко.

Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко өлкөсүнө барууну каалаган кыргызстандык мигранттар эске алчу коопсуздук маселесин эскертти.

Валерий Жовтенко "Мигрант медиа" долбооруна курган маегинде Украинага Орусия басып алган аймактардан кирүү кылмышка тете болорун айтып, ал жактарга барбоого чакырды. Элчинин сөзү боюнча расмий Киев согушка барган мигранттарды баскынчылардын өнөктөшү катары көрөт.

- Украинадагы Орусия басып алган жерлерде, мисалы, Донецк облусунда, Мариуполдо, биздин жарандар калыбына келтирүү иштерине чакырылып жатканы жөнүндө сөз кылсак. Сиздин оюңузча, басып алынган аймакка жумушчу катары баргандар кандай жоопко тартылат?

- Адегенде тактап алалы – азыр Украинанын чыгыш тарабында эмне болуп жатат? Орусия Федерациясы Украинанын аймагында баскынчы, беймаани, кылмышкер согушту баштаганына жакында бир жыл толот. Украин элин жок кылып жатат. Эл аралык көптөгөн документтерде, мисалы, БУУ Ассамблеясынын эки резолюциясы боюнча бул согуш кылмыштуу деп таанылып, Орусияга айып тагылган. Жакында эле, 25-январда, Европанын адам укуктары боюнча комиссиясы да Орусия баскынчы согуш жүргүзүп жатканы үчүн жооп берет деп белгиледи.

Биз муну эмне үчүн айтып жатабыз? Маселенин юридикалык өңүтүнө эмес, укукту жалпы түшүнүү өңүтүнө көңүл буралы. Украинанын убактылуу басып алган аймагына азыр барган кишилер согуштук кылмышкерлер менен кызматташкан деп эсептелет. Ал жерде баскынчылар эгемен өлкөгө каршы кылмыштуу согуш жүргүзүп жатат эмеспи. Демек, алар согуштук кылмыштын катышуучулары болуп саналат. Бул маселенин абийирдик гана өңүтү.

Эми юридикалык жагын алалы. Украинада, биздин Кыргызстандагыдай эле, чет өлкөлүктөрдүн келип туруу тартиби атайын мыйзамдарда так аныкталган. Мисалы, журналисттер, ал чөлкөмгө Украина аркылуу гана, украин бийликтеринин уруксаты менен гана киргенге акылуу. Башка жактардын баарынан киргенге болбойт, мыйзамсыз.

Эл аралык укук боюнча да, улуттук мыйзамдар боюнча да ушундай. Кыргызстандын мыйзамдарында деле ушундай жобо каралса керек. Дагы кайталайм – басып алынган аймакка мыйзамсыз баруу согуштук агрессор менен бир болууга тете. Буга байланыштуу укуктук, администрациялык, жазык жазалар болот.

- Украинанын басып алынган аймагына мыйзамсыз барган мигранттардын Европа Биримдигине, АКШга барышына тыюу салынышы мүмкүнбү?

- Эл аралык коомчулуктун мүчөсү катары Украина эл аралык укукту бузгандарга карата ар түрдүү санкцияларды колдонушу мүмкүн. Андан тышкары Орусияга, ошондой эле аны менен кызматташкан, аң-сезимдүү түрдө же билбестиктен эле ага жардам бергендерге каршы эл аралык башка көптөгөн санкциялар бар. Ошондуктан мында эл аралык укук алкагындагы жоопкерчилик келип чыгат.

Ырас, муну юристтер тактап айтышы керек. Бирок басып алынган аймакта иштегендер тышкары санкция түрүндө эле эмес (виза албай эле калбастан), администрациялык жаза түрүндөгү да жоопко тартылышы ыктымал экени анык. Басып алынган жерде иштөө - бул согуштук баскынчы менен кызматташууга кирет.

- Ал жакка барып тургандарды Украинанын атайын кызматтары иликтеп, таап чыгышы ыктымалбы?

- Биз азыр эч нерсени жаап-жашыруу мүмкүн болбогон мезгилде жашап жатабыз. Бул үчүн атайын кызматтардын деле кереги жок. Социалдык желелерден, мессенжерден эле баарын билип алууга болот. Ырас, айрымдар (Орусия, мисалы) эч нерсе болбогондой түр көрсөтөт, бирок чындык баары бир ачыкка чыгат. Ошондуктан ал аймакка барып тургандар жоопко тартылары бышык. Мында украин же башка өлкөлөрдүн атайын кызматтары эле иштебейт.

- Орусияда иштеген, айрыкча түрмөгө түшүп калган биздин жарандар согуштук операцияга тартылып жатканы айтылууда. Согуштан өлгөндөрдүн сөөгү келип жатат. Согуштан кайтып келип, тек-жайын, сүрөттөрүн жарыялагандарды биздин атайын кызмат кармап да жатат. Сиздин оюңузча, бул согушка катышкандар кандай жоопко тартылышы керек?

- Орусиянын паспортун алган жарандар жөнүндө айтсак, орус мыйзамдары боюнча кош жарандуулукка жол берилбейт. Демек, алар дароо эле Орусиянын жарандыгын алат да, башка эч кайсы өлкөгө тиешеси болбой калат. Буга байланыштуу жоопкерчилик Орусиянын мыйзамдары боюнча каралат. Согушка баруудан баш тарткандыгы же тескерисинче, макул болгондугу үчүн кандай чаралар каралганын билбейм.

- Контракт менен кеткендер да бар ээ?

- Мен жарандык жагын айтып жатам. Анткени каалагандай кошуна өлкөнүн жараны орус паспортун алгандан кийин Орусиянын гана жараны болуп калат. Жоопкерчилик да ошого жараша болот, менин билишимче (юрист эмесмин).

Кыргызстандын жарандарына айтарым, согуштук кылмышка аралашууга эч качан макул болбогула! Колго курал алып эле эмес, башка жумуштарды аткарып, баскынчыларга көмөктөшкөндөр да жазасыз калбайт!

Бардык эле адамдар юридикалык билимге ээ эмес, дегеле социалдык жактан билимсиз кишилер да аз эмес. Аларга зарыл маалыматты берүү – кыргыз өкмөтүнүн милдети. Дагы бир ирет кайталайм – баскынчылык согуш жүрүп жаткан жерде мыйзамсыз туруу ошол кылмыштуу согушка катышканга тете.

- Басып алынган аймактарда Орусия турак жайларды ипотекага берип жатат. Бул канчалык жөндүү?

- Бул адилетсиз кадам. Орусиянын үгүтчүлөрү бул жерлерди өздөрүнүн аймагы деп жатат. Бул мыйзамсыз жосун. Улуттук мыйзамдарды айтпаганда деле, эл аралык укук боюнча такыр туура эмес.

Орусия Украинанын аймагынан кетүүгө аргасыз болот – бул анык. Ал гана эмес, Орусия эл аралык деңгээлде жоопко тартылат. Азыр эл аралык трибуналды түзүү иштери жүрүп жатат. Бул боюнча БУУнун башкы ассамблеясынын чечими даярдалып жатат. Биз 19-кылымда эмес, 21-кылымда жашап жатабыз. Орусия дагы эле эски доордогудай башкалардын жерин басып алуу саясатын жүргүзгүсү келет. Азыркы заманда эч ким бирөөнүн жерин тартып ала албайт. Бул орто кылымдардын оорусу. Ошондуктан Украинанын аймагында баштаган согуштук кылмышы үчүн Орусия жазасын алат.

Экинчиден, чоң согуштун баары (Орусиянын бастырып кириши – чоң согуш) эл аралык коомчулуктун коопсуздук тутумун өзгөртүшүнө алып келет. Бул тутумдун натыйжалуулугу кайра каралып чыгат. Б.а. согуштук кылмышкер жоопко тартылат.

Биз, азыркы маданияттуу дүйнө эли, эч ким башка өлкөнүн аймагында агрессиялуу согуш баштап, коргоосуз калган жайкын тургундарды кырууга жол бербегидей тутумду түзүшүбүз керек. ХХI кылымда жоопкерчилик бекем болууга тийиш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG