Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

"Согуш бизди бириктирди, өзгөрттү". Бишкекке келген украиналыктар


Бомбалоодон жашынып Киевдин метросунда отурган шаар тургундары. Украина. (Сүрөттүн макаладагы каармандарга тиешеси жок).
Бомбалоодон жашынып Киевдин метросунда отурган шаар тургундары. Украина. (Сүрөттүн макаладагы каармандарга тиешеси жок).

Орусия Украинага согуш ачкандан бери көпчүлүк украин жарандары чет өлкөгө чыгууга аргасыз болгон. "Азаттык" Кыргызстанга келген айрым украиналыктар менен маектешти.

Эл аралык уюмдардын биринде иштеген 41 жаштагы Болеслав (аты-жөнү өзгөртүлдү) соңку сегиз айдан бери Германияда жашайт. Биз Болеславга Бишкекте жүргөн жеринен жолуктук.

Каарманыбыз өзү туулуп-өскөн Харьковдо университеттердин биринде иштечү экен. Эки кыздын атасы.

Ал былтыр, Орусия кол салган 24-февраль күнү бүгүнкүдөй көз алдында экенин айтып берди:

“Таңкы саат 4-4:30 болуп калган, катуу жардыруунун үнүнөн ойгонуп кеттим. Баары эле ушундай болуп кетиши мүмкүн деп айткан, бирок кимдин эле ишенгиси келсин... Интернет өчүп, май куюучу жайларда узун кезек пайда болуп, электр жарыгы өчүп, дүкөндөрдөн тамак-аш тез эле жок болуп кетти. Терезеден карасак танктардын колонналары өтүп жатты. Мен иштеген университеттин бир корпусу бомбаланып, өнөр жай имараттары жок кылынды. Биздин Харьковдо элдин 80% орусча сүйлөйт, бизге орусиялыктар кол салат деп күткөн эмеспиз”.


Кесиби боюнча экономист Болеславга мекени баштан кечирген азапты айтуу кыйын экени анын титиреген эриндеринен, көзүнө тегеренген жаштан байкалып турду.

Болеслав орусиялык армия кирип келген алгачкы күндөрү Харьковдон анча алыс эмес айылдагы ата-энесинин үйүнүн жертөлөсүндө жашаган. Ошол эки апта эки кылымга тете болгонун айтып отурду.

"Алгачкы жумада өтө кыйын болду. Жертөлөдө отуруп, мекенимде болуп аткан окуяны түшүнүү, кабыл алуу оор болду. Балдарыңды ойлойт экенсиң... Келечекте алар эмне болот, эмне күтүп турат деген суроо бушайман кылды. Азыр менин беш жаштагы кызым бомбадан кантип жашынуу керектигин, согуш токтомоюнча үйүбүзгө кайтып бара албасыбызды билет. Улуу кызым интернет аркылуу классташтары менен сүйлөшүп турат. 1-сентябрда алар менен мектептен жолугууну кыялданат. Бирок ошол күн келеби же жокпу биз билбейбиз...".

Биздин каарман согуш токтобосун түшүнгөндө жубайын, эки кызын, оорукчан апасын, бир тууган эжесин жана анын эки баласын алып айылдан чыгып кеткен.

Өзүнүн жана жакындарынын өмүрүн сактап калуу үчүн ушул гана жолду туура көргөн.

Алгач Украинанын Львов шаарына жетүү үчүн үч сутка жол жүрүп, андан ары Польшага барган. Бул өлкөдө үч айдай болгон.

Болеславдын тил билгенинин чет өлкөдө пайдасы тийген. Германияга жетип, азыр эл аралык уюмдардын биринде иштеп атат, кыздары мектепке барат.

Болеслав Харьковдо калган достору, жакын туугандары менен кабарлашып турат. Украинада тынчтык орносо, өз мекениме кайтам деген үмүттө.

"Кырдаал курчуп баратканын көрүп, 6-мартта таңкы саат 7де жолго чыктык. Орусиялык армия аткылоону адатта 10-11де баштачу. Польшанын чек арасында карапайым тургундар "жүр, менин үйүмө жаша, бул таттууну жеп ал" деп ысык чай бергенин көрүп жүрөгүм сыздады. Кээ бир мекендештерим чек арадан паспортсуз эле өтүп жатты. Бизге атайын номер беришти. Анын жардамы менен балдарды мектепте окутуп, жумушка кирип, Польшанын жаранындай эле жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк алдык. Бирок мен бул өлкөдөн өзүмө иш таппай койдум. Германияга кеттик. Англис тилин билгенимдин пайдасы тийди. Сегиз айдан бери кайрымдуу адамдардын үйүндө акысыз эле жашап атабыз. Согуш бүтсө Украинага кайтып барам, баары жакшы болуп кетерине ишенем. Бирок мен орус бийлигинин бизге каршы эмнеге согуш ачканын түшүнбөйм. Кремлдин адамдары ар кандай шылтоону айтып жатышат, бирок мунун баары жөн гана украин элин жок кылуу үчүн жасалып жатат деп ойлойм".

"Киевден кетпейм"

Бишкекке эки аптага иш менен келген 26 жаштагы Ева Киевдин тургуну.

Еванын үйү Днепр дарыясынын сол жээгинде, жанында Жылуулук электр борбору да жайгашкандыктан орусиялык армия чабуул жасаганда ракеталар көп түшөт.

"24-февралдын таңында эжем телефон чалып, “согуш башталды" деп айтты, бир чети ишене албай, бир чети коркуп аттым. Анын үстүнө батирим 24-кабатта, жалгыз жашайм. Баштыкка документтеримди, бир сыйра кийимдеримди гана салдым. Ошондо биздин 200 батирлүү үйдөн 170 үй-бүлө шаардан чыгып кеткен. Үйдүн үстүнөн ракетаны атып түшүрүшкөнүн, жаныбыздагы эс алуу багына түшкөн снарядды өз көзүм менен көрдүм".


Ева турган көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын көбү өткөн жай айларында кайра кайтып келген.

Ева ушу тапта ыктыярчы. Бишкекке келип калышына өзү иштеген уюм себепкер болгон. Алар бир жылга жакын алааматты өз көзү менен көргөн кызга Бишкекке барып, бир апта эс алып келүүнү сунушташкан.

"Атам да, апам да Харьковдо турат, аларды сегиз ай көргөн жокмун. Сагынып кеткенде үйгө айтпай эле барып алгам. Атам ошондо өмүрүмдү тобокелге салып келгеним үчүн урушту. Ал кезде Британияга кирүүгө уруксат берген визам ачык болчу. Атам “Киевден чыгып кет, сенин келечеңин али алдыда” деп атты. Бирок мен кетпейм деген сөзүмө бекем туруп, Киевде жашап келатам. Ыйлаган күндөрүм көп болот, айрыкча бомбалоого кабылган жай тургундардын үйлөрүн көргөндө түнү уктабай чыгам. Электр жарыгы да бат-бат өчүп, интернет ишетебей калат. Ага да көндүм, свет күйгөндө кир жууп, сууга түшүп, тамагымды жасап алам. Азыр Кыргызстанда жүргөнүм менен оюмда Киев, ата-энем...".

Ева жашаган Киевде жай турмуш кайрадан жандана баштаганына аз эле убакыт болду. Жолдордо кайрадан тыгын пайда болуп, кафе-ресторандардын иши ыргагына кирди.

"Шаарда комендаттык саат киргизилген, түнкү саат 11ден кийин чыга албайсың. Ашканалар генератор алып, электр жарыгы жокто элди тейлөөсүн улантты. Күндүз болсо мамлекеттик мекемелер иштейт. Согуш элди бириктирди, өзгөрттү. Мисалы, Харьковдо көбүнчө орус тилдүү эл жашайт, алар тиричилик булагы болгон өндүрүштү талкалап, тынч жашообузду уурдаганы үчүн орус бийлигин жек көрүп атышат. Менин тегерегимдеги кишилердин баары Кремлге нааразы".

Еванын атасы медицина кызматкери. Ал Харьковдо бир жылдан бери иштеп атат. Эли, мекени жана жакындарынын бүдөмүк келечегин ойлогон жаш ыктыярчы согуш жүрөгүнө кетпей турган так калтырганын айтты:

"Менин организмим ачка болгонун такыр сезбей калды. 170 см боюм менен салмагым болгону 50 кг. Харьковдо, Киевде жана башка аймакта эл өлүп атканда көз жашым тыйылган жок. Менин психологиялык абалым ошондо болбой калганын сездим. Адам баарына чыдайт экен. Аткылоолор, жоготуулар, кыйынчылыктарга карабай жашап атабыз. Кандай согуш болбосун аны жектөө керек. Дүйнөдө ынтымак болгону жакшы да. Балдар өлүп атат, канча киши үй-жайын таштап кеткенге аргасыз болду. Мен өзүмдү алаксытып атам, бул кыйынчылык бир күнү бүтөт деп ишенем”.

Өткөн жылдын февралынан бери Украинадан 8 миллиондон ашуун адам бозгунга айланган. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматында алардын 3 миллионго жакыны Орусияга, 1 миллиону Германияга, калгандары Польша, Испания, Румыния, Британия жана Молдовага жер которгон. Айрымдары чет жерде жашоого көнө албай, жумушсуздук, тил билбегенинин айынан кайра Украинага кайтып келген.


Орусиянын күчтөрү Украинага былтыр 24-февралда басып кирген. Дээрлик бир жыл ичинде орус күчтөрүнүн чабуулдарынан жана аткылоолорунан миңдеген украин жарандары мерт болду.

Орусиянын согуштагы жоготуулары 131 290 адамды түзгөнүн Украинанын Куралдуу күчтөрү 5-февралда билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу былтыр сентябрда жоготуулар тууралуу маалымат берип, 5937 аскери каза болгонун маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG